Улуттук аза күтүү: Кыргызстан коронавирустан каза тапкандарды эскерүүдө

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстан коронавирустан каза тапкандарды эскерип, аза күтүүдө.
Мамлекеттик туу түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар жана телеберүүлөр токтотулду. Президент мындай жарлыкка үч күн мурун кол койгон эле. Аза күтүү күнүн жарыялоо боюнча сунушту өткөн аптада президент менен жолугушууга барган ыктыярчылар көтөргөн.
"Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторубуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады. Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти…Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз",-деди президент С.Жээнбеков элге жасаган кайрылуусунда.
Коронавирус апааты ушул күндөрү ондогон адамдардын өмүрүн кыйып, коомчулук эсин жыя албай турган чак. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери 1364 киши каза тапты. Анын ичинде көпчүлүгү дарыгерлер, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ар кандай мамлекеттик кызматта иштегендер, дин ишмерлери бар.
Июль айы эң оор болуп, илдеттин тарашы жана жоготуулар көп катталды. Соңку күндөрү жаңы учурлар жана каза тапкандар эки эсе азайганы менен илдеттин тароо коркунучу мурдагыдай эле кала берүүдө.

Сүрөттүн булагы, official
Апта башында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейесус коронавирус пандемиясын уюмдун тарыхындагы эң олуттуу чакырык болгонун айтты. Бүтүндөй адамзаттын жашоо адаттары өзгөрүүдө.
"Covid-19 биздин дүйнөбүздү өзгөрттү. Кайсыл бир улуттарды же коомдорду бириктирип, башкаларын тескерисинче, бөлүп жарды",-дейт Гебрейесус.
Кыргызстанда жүздөгөн ыктыярчылар оору менен күрөшкө тартылды. Медициналык академиянын студенти, 22 жаштагы Адинай Мурзабекова "кызыл зонада" иштеп жатып каза болгон окуясы өлкөнү солк эттирди. Он гүлүнүн бири ачылбаган жаш кыздын өлүмү - коронавирус менен күрөштүн символуна айланды.
Саламаттыкты сактоо тармагындагы алашемдиктер ачык көрүнүп калгандан кийин, кыргызстандыктар ортого каражат топтоп, өлкөнүн дээрлик ар бир айылындагы медициналык мекемелерге дары-дармек, жана керектүү жабдыктарды алып берди. Мындай кайрымдуулук аракеттери бардык аймактарда уланууда. (AbA)













