ДССУ: Covid-19 уюмдун тарыхындагы эң олуттуу чакырык

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейесус коронавирус пандемиясын уюмдун тарыхындагы эң олуттуу чакырык деп мүнөздөп, апта соңуна чейин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин жыйыны өткөрүлөрүн айтты.
Бейшембиде ДССУ коронавирус эпидемиясына байланыштуу эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал абалы деп жарыялаганына жарым жыл толот.
"30-январда эл аралык өзгөчө кырдаал деп жарыялаганыбызда Кытайдын аймагынан сырткары 100гө жетпеген учур аныкталган эле. Бир дагы өлүм-житим катталган эмес",-деди уюмдун жетекчиси. Кийин оору өтө тездик менен тарап кеткенин белгиледи.
"Эл аралык саламаттык нормаларына таянып, алтынчы эл аралык өзгөчө кырдаал деп жарыяланган. Бирок бул пандемия уюмдун тарыхындагы эң олуттуу коркунучту түздү. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна 16 миллиондон ашуун киши вируска кабылганы, 640 миңден ашуун киши көз жумганы айтылды. Ошол эле учурда пандемия дагы деле күч алууда. Соңку алты апта ичинде вируска кабылгандардын саны эки эсеге өстү".
"Covid-19 биздин дүйнөбүздү өзгөрттү. Кайсыл бир улуттарды же коомдорду бириктирип, башкаларын тескерисинче, бөлүп жарды",-дейт Гебрейесус.
Азыркы кризис экономикалык оор кесепеттер менен коштолууда. Уюмдун тарыхындагы маселен, ВИЧ, эбола сыяктуу вирустар дүйнөлүк экономиканы токтоткон эмес деди ал.
ДССУнун жетекчилеринин бири Майк Райан айрым өлкөлөрдү жабык чек ара менен кармап олтурууга "мүмкүн болбой калганын" билдирди.
"Эл аралык саякаттоо тууралуу сөз кылсак, тобокелчиликти азайтса болот деп ойлойбуз. Жаран бир өлкөдөн экинчи мамлекетке барганда кандай эрежелери сакталышы керек экенине дүйнөдөгү өлкө бийлийктери өздөрү чечет. Бирок тобокелчиликти азайтуу тууралуу сөз кылсак, ооруп жаткан жарандардын саякаттоосун чектөө үчүн атайын чаралар каралышы керек. Жолго чыгуунун алдында вирусту аныктоочу тест тапшырылышы зарыл. Башка өлкөгө келген кишинин саламаттыгына байкоо салыш керек. Эрежелер так сакталууга тийиш. Албетте, бир процесс баардык мамлекеттерге туура келет деп айтууга болбойт."
Пандемия дүйнөлүк экономикага өтө катуу сокку урду. Анын ичинде кайрымдуулук программаларына дагы кесепети тийди.
Lancet журналына жарыяланган изилдөөдө сооданын токтошу айрым аймактардагы баалардын кескин жогорулашына алып келгени айтылат. Ошол эле маалда коронавирус кайрымдуулук иш-аракеттерине жолтоо болду. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө беш жашка чейинки 6,7 млн бала ачарчылык тооруп, тамак-аш жетишпеген кооптуу тилкеде калды.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча коронавирус жуктуруп алгандар саны дүйнөдө 16,5 миллион кишиге жетти. (AbA)













