ДССУ Кыргызстан менен Казакстандагы абалга тынчсызданууда

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
Европанын 11 өлкөсүндө жана мурдагы СССР өлкөлөрүндө, анын ичинде Молдова, Украина, Армения, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстанда карантин чараларын алгандан кийин Covid-19 жуктуруп алгандар кескин көбөйдү.
Дүйнөлүк саламаттыктыкты сактоо уюму (ДССУ) 11 өлкөдө өтө кооптондурган тенденция байкалганын билдирди.
Булар Армения, Швеция, Молдова, Түндүк Македония, Азербайжан, Казакстан, Албания, Босния жана Герцеговина, Кыргызстан, Украина, Косово.
Уюмдун Европадагы регионалдык директору Ханс Клюге 30 өлкөдө акыркы эки аптада вирус жуктуругандар кескин көбөйгөнүнө көңүл бурду. "Анын он бир өлкөсүндө пандемия кайра күчөдү. Эгерде чара көрбөсө, Европанын саламаттыкты сактоо тармагына кайрадан күч келет",-деди ал.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP
Кыргызстанда коомчулуктун калың катмары коронавирусту катардагы тумоо катары карап, ишенбеген көз караштар үстөмдүк кылды. Адистер карантин чаралары алынгандан кийинки элдин кенебес мамилеси вирустун жайылышын шарттаган факторлордун бири болуп калганын айтууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери ашып кетсе 50-70 жаңы учурлар аныкталып келсе, бир аптадан бери суткасына 200дөн кем эмес жаңы учурлар чыгууда. Жаңы учурлардын теңинен көбү Бишкектен катталып жатат. (AbA)










