Президент Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализи таза чыкты

президент Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, official

Москвадан келери менен президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты.

"Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт"-деди президенттин басма сөз кызматы.

Ал эми президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат.

Путин ветерандар менен

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн С.Жээнбековго Орусиянын президенти Владимир Путин чакыруу жөнөткөн

"Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда",-деп жазды президенттин сайты.

Кечээ күнү Орусия баш калаасы Москва шаарындагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга кыргызстандык делегация катыша албай калды. Москвага барганда коронавирус инфекциясына тест тапшырып, президент аппаратынын эки кызматкеринен илдет аныкталган. Президент Жээнбеков ушундан кийин башка иш-чараларга катышуудан баш тарткан эле.

Ал ортодо Ак үй карантинге жабылабы деген суроо көтөрүлдү.

"Бүгүнкү күндө жалаң гана Ак үйдө эмес, мамлекеттик мекемелерде дагы илдет тастыкталган учурлар катталып жатат. Ошондуктан санитардык нормаларды туура сактап, мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүшүүдө. Ак үйдү карантинге жабуу тууралуу чечимди пленардык отурумда комиссия карайт", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.

Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан Covid-19 аныкталган. (AbA)