Парадга катышпай калган лидер, президентти беткап тагууга милдеттендирген чечим

Сүрөттүн булагы, official
Москва шаарындагы Кызыл аянтта Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өттү. Ага катышуу үчүн барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду коштоп баргандардан вирус табылып, өлкө лидери параддан баш тартты.
"Алгоритмге ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен Covid-19 тест тапшырышты. Президент Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды. Мындан аркы алгоритмге ылайык, президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды",-деп кабарлады президенттин расмий сайты.
Орусия баш калаасындагы салтанаттуу парад 1 саат 15 минутага созулду. Аскердик парад Орусиянын бир катар аймактарында өттү.

Сүрөттүн булагы, Yuri Smityuk/TASS

Сүрөттүн булагы, Yuri Smityuk/TASS
Президентти беткап тагууга милдеттендирген сот чечими
Бразилиянын федералдык судьясы Ренато Борелли өлкөнүн расмий кишилерин, анын ичинде президентти коомдук жайларда беткап тагууга милдеттендирген чечим кабыл алды.
Муну бузгандар 2 миң бразилиялык реал ( 400 доллар) айып пул төлөйт.
Президент Болсонару коронавируска болгон өзүнүн мамилеси менен коомчулуктун сынына кабылууда. Пандемия башталган учурда президент Covid-19 жөн гана жеңил сасык тумоо деп, чектөө чараларына каршы чыккан эле. Учурда өлкөдө абал курч болуп, 50 миңдей киши каза тапты.

Сүрөттүн булагы, AFP
Болсонару жолугушууларда эч кандай беткап такпай чыгып жүргөн. Митингдердин биринде ал колу менен оозун жаап жөтөлүп, улгайган аял менен учурашканы тартылып калган.
Бразилия вирус өтө тездик менен жайылган өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Коронавирус аныкталгандар саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Бирок ошого карабастан президент дүйшөмбүдөн тарта карантин чараларын жеңилдетип, ишкана жана дүкөндөрдү ачууга буйрук берди. Мындай жагдай аны бир нече штаттын губернаторлору менен пикир келишпестикке алып келди. Айрым штаттар социалдык обочолонуу, беткап менен жүрүү сыяктуу чектөө чараларын көрүүдө.
(AbA)










