Пандемия сыноосу: коронавирус саясатчылардын рейтингин түшүрдү

Премьер-министр Абэ в маске

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапония карантинден минималдуу жоготуулар менен чыкты. Бирок премьер-министр Абэ мурдакы колдоосун жоготту.

Жапония карантинден минималдуу жоготуулар менен чыкты. Бирок премьер-министр Абэ мурдакы колдоосун жоготту.

125 миллион калкы бар Жапония өзгөчө кырдаал режимин мөөнөтүнөн мурун эле алып салды. Пандемия маалында өлкөдө коронавирустан 900 киши каза тапты. Өлүм-житимдин аз болгонун чоң ийгилик катары баалап жатышат.

Бирок премьер-министр Синдзо Абэнин рейтингинин төмөндөшү жана анын отставкасын талап кылган нааразы үндөр кайдан чыгууда? АКШда Covid-19 жүз миң кишинин өмүрүн алса дагы Дональд Трамптын рейтинги эмнеге туруктуу бойдон кала берүүдө?

Табигый кырсыктар, улуттук трагедиялар жана согуштар дагы башкаруучу партияларга, саясатчылардын рейтингине оң таасирин тийгизген мисалдар бар. Бирок эксперттердин бул боюнча пикири эки ача. Капсалаңдуу маалда адатта кишилер жалпы коркунучка каршы туруу үчүн биригет эмеспи. Ошондуктан президент, премьерлерге болгон колдоо дагы күчөйт.

Пандемия дүйнөлүк лидерлер үчүн чоң сыноо болду. Айрымдар тездик менен кырдаалды көзөмөлгө алса, кээси эки жагын карап, кырдаалдын өнүгүшүн байкоого алып, кеч кыймылга келди.

Коронавирустун жайылышы, өлүм-житим, текшерүү, чектөө чарлары сыяктуу аракеттер кайсыл бир деңгээлде мамлекет башындагы кишилердин кадыр-баркын таразага салды. Айрым учурларда кризис маалындагы натыйжалуу башкаруу тескериси тыянак алып келди.

Пандемияны эмес Олимпиаданы каалаган

Башынан эле Жапониянын жолу болбоду. Анткени 125 миллион калкы бар өлкөнүн үчтөн бирин 65 жаштан жогорку курактагылар түзөт. Жаңы коронавирус өзгөчө улгайган кишилерге оор тийип жатканда, Жапониянын абалы оор болот эле. Бирок өлкө мындан өтө чоң ийгилик менен чыгып кетти.

Пандемия Токиодо өтө турган Олимпиаданы токтотту, анын кийинки жылы өтүшү дагы күмөн

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пандемия Токиодо өтө турган Олимпиаданы токтотту, анын кийинки жылы өтүшү дагы күмөн

Апрелдин башында вирус Токиого жайылып баштаганда өкмөт эч кандай чара көргөн жок. Болгону вирустун белгилери байкалган бейтаптарга гана тест жүргүзүүнү тапшырган.

Ошол маалда коңшулаш Түштүк Кореяда өкмөт массалык түрдө тест ала баштаган эле. Бейтаптардын байланыштарын таап, дароо чектөөгө алып, жуктургандар саны кескин кыскарган.

7-апрелге барып Жапонияда премьер Синдзо Абэ өзгөчө кырдаал абалын киргизди.

Өлкө боюнча карантин чараларын киргизгенге Абэнин укугу жок эле. Ошондуктан жарандарды коомдук жайга барбай, үйдө олтурууга үндөдү. Өкмөт чаралардын бири катары жарандарды эки беткапты коштоп тагынууга чакыра баштады. Муну келекелегендер да болду. Анткени беткаптын көлөмү чакан болгондуктан мурун менен оозду жакшы жаппай калды.

6-майда Mainichi басылмасы өткөргөн сурамжылоодо жапондордун 40 пайызы премьерге ишеним көрсөткөн. Азыр болсо анын рейтинги 27 пайызка түшүп, оппозиция Абэнин отставкасын талап кылууда.

Жапон оппозициясы үчүн пандемия маалындагы Абэнин аракеттери каршылык көрсөтүүгө шылтоо болуп калды. Башында премьерди Diamond Princess кемесиндеги жүргүнчүлөрдү изолияцияга алуу чечимине нааразылык билдиришкен. Кийин коркунучту баалабай туруп, жайкы Олимпиада өткөрүүгө үмүттөнүп жатканы сынга кабылды.

Андан соң Токионун прокурору менен байланышкан окуялар дагы анын беделине көлөкө түшүрдү. Чектөөлөр болуп жаткан маалда прокурор достору менен өлкөдө тыюу салынган кумар оюндарын ойногонун басылмалар жазып чыкты. Жыйынтыгында өлкөнүн башкы прокурорлугуна талапкер болуп жаткан Курокава Токиодогу кызматын тапшырып, отставкага кетти.

"Маселе бул жерде жапон префектураларынын жетекчилери коронавирус менен активдуү күрөшкөнүндө болду. Абэнин аракеттеринин алдында алардыкы көзгө өзгөчө толумдуу көрүнүп турду",-дейт Глобалдык коммуникация боюнча жапон институтунун илимий кызматкери Шон Кертин.

2007-жылы Абэ бир жыл премьер-министр кызматында болуп, анан отставкага кетип калганы Кертиндин эсинде. Ал мезгилде Абэ ден соолугуна байланыштуу кетүүгө аргасыз болгонун жүйө тарткан. Бирок ошол маалда дагы анын популярдуулугу кескин түшүп кеткен эле. Буга айыл чарба министрлигиндеги коррупциялык жаңжал себеп болгон.

Күтүлбөгөн жерден 2012-жылы кайра премьер болуп келген. Көптөр анын саясий жолу ушуну менен бүттү деп ойлошкон. Чынында ал узак убакыт былк этпей жогорку кызматта келе жатат дейт эксперттер.

Washington Post басылмасынын журналисттери белгилегендей, коронавируска чейин Германия канцлери Ангела Меркель менен Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Индин саясий карьерасы туу чокусуна чыкты деп эсептелген. Түштүк Корея лидерин экономикалык өсүү токтоп калды деп, отставкага кетүүгө чакырып жатышкан. Ангела Меркель болсо кийинки мөөнөткө барбай турганын жарыялаган. Бирок эми эки лидер тең пандемия маалында бүт дүйнөгө үлгү болду.

Жыйынтыгында Меркелдин рейтинги 60 пайыздын тегерегинде. Мындай көрсөткүчкө 2017-жылдан бери чыга элек болчу.

АКШда болсо такыр башкача кырдаал болду. Үч айдын ичинде коронавирустан 100 миң киши кайтыш болуп кетти.

Трамптын пандемия маалындагы аракеттери дагы сынга кабылды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамптын пандемия маалындагы аракеттери дагы сынга кабылды

Бирок ошого карабастан Дональд Трамптын рейтинги майдын орто ченинде 49% болду. Бул Трамп президентик кызматта турган жылдардагы эң жогорку чек. Ушундай эле көрсөткүч британ премьер-министри Борис Жонсонго байланыштуу болду. Анын рейтинги дагы апрелде ооруканага жатып калган мезгилде жогорулап кетти.

Май айында Жонсондун рейтинги 55% болуп төмөн түштү. Серепчилер премьер жарандардын ишеним кредитин түгөтүп бүттү деп баалап жатышат.

Би-Би-Си сурамжылоо жүргүзгөн эксперттер сап башындагы Трамп менен Жонсондун стабилдүү рейтингине "кризис эффектисинин" таасири болду деп эсепейт. (AbA)