"Чоң жетиликтин" лидерлери Орусияны кайра чакырууга каршы чыкты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Британия менен Канада Орусиянын "Чоң жетилик" саммитине чакырууга каршы чыкты. Буга чейин АКШнын президенти Трамп Москва саммитке чакырылышы керек деп айткан.
Ишемби күнү Трамп коронавирус пандемиясынан улам "Чоң жетилик" саммитин сентябрь айына жылдырылганын жар салган. АКШнын лидери "Чоң жетиликти" "эски түзүлүш" катары сыпаттап, дүйнөлүк кызматташууну жигердүү жүргүзүү үчүн топко Орусия сыяктуу башка мамлекеттерди дагы кошуу зарыл экенин белгилеген.
Учурда "Чоң жетиликке" Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана Британия кирет. Быйыл саммитте Кошмо Штаттары төрагалык кылат. АКШ президент Путинди саммитке чакырганына Британия менен Канада каршылыгын билдирди.
Орусия мурда "Чоң сегиздик" тобуна мүчө болчу. Бирок 2014-жылы Крым аймагын басып алгандан кийин, башка мамлекеттер Орусияны топтон чыгарып салган.
"Орусия эл аралык мыйзамдарды тебелегени үчүн "Чоң жетиликтен" чыгарылган. Демек, бул өлкөнү кайра чакырбайбыз",-деди Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дагы, Орусия "агрессивдүү аракеттерин токтоткондо гана" Лондон өлкөнүн "Чоң жетиликке" кайтып келиши боюнча маселени караштырарын белгиледи.
Ага карабастан Вашингтон президент Путинди саммитке конок катары чакырса, Британия менен Канада аны токтотууга мүмкүнчүлүгү жок. Буга чейин "Чоң жетиликке" кирбеген мамлекеттердин лидерлери саммитке катышып келген. Президент Путиндин "Чоң жетиликтин" жыйынына катышканы чоң чуу жаратышы ыктымал.
Соңку жылдары Британия менен Орусиянын мамилеси кескин солгундады. 2018-жылы Орусиянын мурдакы чалгынчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлия Британияда ууландырылганына Лондон кескин нааразы болуп, Москваны күнөөлөгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Чоң жетиликке" мүчө болгон башка өлкөлөрдүн каршылыгына карабастан, АКШ жыйынга Орусияны чакыруу маанилүү экенин белгилеп келет. 2018-жылы өткөн саммитте Трамп "Орусиянын кайтып келгени көп маселени чечүүгө өбөлгө түзөт" деп айткан.
АКШнын лидери Орусиядан тышкары саммитке Түштүк Корея. Австралия жана Индия дагы чакырылышы керек экенин белгилеп келет. Түштүк Корея менен Австралия жыйынга катышууга кызыкдар экенин билдирген.
Өткөн жумада Германиянын канцлери Меркель коронавирус пандемиясынан улам "Чоң жетиликтин" саммитине интернет аркылуу гана катыша турарын маалымдаган.
"Чоң жетилик" өзүн эркиндикти, адам укуктары, демократия, мыйзамдын үстөмдүгүн сыйлаган, дүйнөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдогон топ катары санайт.







