АКШда коронавирус түпкүлүктүү калкты кырып жатабы?

Elderly Navajo woman

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Навахолордун көбү жакырчылыкта жашайт
    • Author, Лиоман Лима
    • Role, BBC News Mundo

Мари Хоски коронавирус тууралуу "Навахо Улуту" аттуу радио берүүсүндө укканда, дендароо абалына кабылган. Ал вирустун жайлышына таң калган эмес, бирок аны жайылтпоо үчүн кеңештерди угуп чоочулаган.

"Колубузду кеминде жыйырма секунд самындап жууш керек деп айтышты. Бирок ичкенге же тамак даярдаганга суу жок болсо, кантип жыйырма секунд колумду жууйм?",-дейт ал.

Хоски белгилүү Навахо уруусунан. Учурда вирус бул урууда тездик менен жайылууда.

Суу тартыш

27-майда АКШда вирустан көз жумгандардын саны жүз миңден ашты. Аризона, Юта жана Нью-Мексиконун кесилишинде жайгашкан, 71 миң чарчы чакырымга созулган Навахо-Нейшенде (Навахо улуту) вируска кабылганардын саны киши башына алынганда Нью-Йорктон озуп өттү. Аймактын территориясы Нью-Йорктон сегиз эсе чоң.

Navajo Native American in ceremonial clothes

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Навахо АКШдагы түпкүлүктүү калктын бири

174 миң навахонун 2.3 пайызы вируска кабылды. Ага салыштырганда Нью-Йоркто 1.8 пайыз вируска чалдыккан.

Хоски, башка индейлердей эле унаада отуз чакырым жүрүп отуруп, суу алып кетет. Ал жумасына бир нече жолу үйүнө суу ташыйт. Аймакта жашаган навахолордун кырк пайызында суу жетишсиз экени айтылат.

"Үйдөн чыкпагыла деген кеңеш беришти. Бирок үйдө отурууну кааласам дагы, суу алуу үчүн көчөгө чыгам",-дейт Хоски.

25-майга карата 174 миң калкы бар аймакта төрт миң навахого вирус жугуп, 170 киши каза тапты.

Навахолордун экономикасы кен казуу, казинолор жана мейманканаларга байланган. Бирок АКШдагы башка түпкүлүктүү калктардай эле Навахо уруусу дагы жакырчылыкка туш болушту.

Navajo people collecting water

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аймакта жашаган навахолордун кырк пайызында суу жетишсиз экени айтылат

Вирустун жайылышына диний жөрөлгө себеп болдубу?

Навахолор арасында вирустун кеңири жайылышына диний майрам себеп болушу ыктымал. Ата-балалардан калган диний ишеним менен бирге, навахолордун көбү христиан дининин тутумундагы протестант сектасына таандык евангелист-христиан динин тутунат.

Аризонада марттын ортосунда евангелист-христиандардын чоң майрамы болуп, миңдегендер чикөөгө топтолгон. Алардын биринде Covid-19 табылып, вирус ошону менен кеңири жайылда деген жоромолдор бар.

A Navajo woman weavers while another one watches

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттердин айтымында, АКШнын өкмөтү ондогон жылдаран бери навахо сыяктуу индейлерге жетиштүү көңүл бурбай келет

Бирок "Чек арасыз даарыгерлер" уюмунун өкүлү Каролина Батиста, вирустун жайылышына диний майрам эмес, аймактагы жакырчылык, таза суунун таңкыстыгы жана инфраструктуранын өнүкпөгөнү себеп экенин айтууда.

"Вирустун өтө тез жайылганына коомдогу гигиенага маанилүү болгон эң негизги шарттардын жоктугу себеп",-дейт ал.

View of the Navajo lands

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Туристтер Навахо территориясына көп келет

Ошондой эле Каролина Батиста Навахолор үй-бүлөсү менен бир үйдө жашаганы дагы көйгөйдү курчутуп жатканын айтат.

"Бул урууда төрт муунга чейин бир үйдө жашайт. Балдары, неберелери, чөбөлөрү үйлөнсө деле бир үйдө жашай беришет. Демек, бир киши ооруп калса, ал баарына жугат",-дейт Батиста.

Navajo women wearing ceremonial dresses

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Март айындагы диний жөрөлгө вирустун жайылышына себеп болду деген жоромолдор бар

Аймактагы саламаттыкты сактоо системасынын абалы дагы начар. Ошондуктан Мишел Том сыяктуу дарыгерлер башка аймактардан келип, көмөк көрсөтүүдө.

"Мен Аризонадагы Унислоу аттуу чакан шаарчадагы ооруканада иштейм. Аймак Навахо-Нейшенге чектеш. Албетте, чоң шаарларга барсаң иштөөгө шарттары жакшы. Бирок мен индейлерге жардам бергим келди. Биз навахолор менен чогуу чоңойдук. Алардын салттарын сыйлайм",-дейт Мишел Том.

Michelle Tom wearing PPE

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Michelle Tom

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мишел Том навахолорго жардам берүү үчүн аймакка келген дарыгерлердин бири

Бирок дарыгер абал ушунчалык начар экенин билген эмес. Мишелдин айтымында, вирусту аныктоочу тесттер тартыш. Аймакта кайра жандандыруу бөлүмүндө 25 гана орун бар.

Ошондуктан бейтаптардын көбүн тик учак менен башка аймактарга алып кетишүүдө. Дарыгерлердин дагы коргонуучу кийимдер жок болуп, бейөкмөт уюмдардын жардамы менен алдырышкан.