Өлгөн бүркүттөргө "жан берген" эл

Сүрөттүн булагы, Gene D'Andrea
Бүркүт - Америкада эркиндиктин символуна айланган. АКШда бүркүттүн сүрөтү аскердик бөлүмдөрдүн туусунан тарта, ар бир доллар бирдигине түшүрүлгөн.
1940-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, акбаш бүркүт өлгөн болсо дагы анын кебин үйгө алып кетүүгө тыюу салынган. Американын түпкүлүктүү калкы бүркүттү ыйык жаныбар катары санайт. Алардын каада-салтында жана ритуалдарында бүркүттүн канаттары жана башка бөлүктөрү маанилүү ролду ойнойт. Бирок ошого карабастан алар талаада эле жаткан бүркүттүн кебин өз алдынча көтөрүп кете алышпайт. Атайын мамлекеттик уруксат керек. Ошондуктан Колорадодо Бүркүттү сактоо боюнча улуттук борбор ачылган. Мына ушул борбор түпкүлүктүү урууларга бул боюнча жардам көрсөтөт.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Борборго күн сайын өлкө боюнча отуздан кыркка чейинки ар кандай жагдайда өлгөн бүркүттүн кеби жөнөтүлөт. Төрт кишиден турган команда канаттууларды АКШнын Гаваиден тышкары ар бир штатынан кабыл алып, каттоодон өткөн түпкүлүктүү элдеги 573 урууга таратат.

"Түпкүлүктүү калктын уруулары бизге байланышып, болжолу менен айына беш жүз буюртма беришет",-дейт борбордун кызматкери Лиза Роман.
Аталган борбор каттоодон өткөн урууларга жана жашы 18ден жогорку жарандардан гана буюртма ала алышат. Ошентип Кошмо Штаттарында өлгөн бүркүт дагы мыйзамдар менен корголот.
"Улуттук бүркүт программасы Түндүк Америкадагы түпкүлүктүү калктын диний жөрөлгөлөрүнө жардам берүү үчүн түзүлгөн. Буюртма бергенде алар бүркүттүн канаттарын же жаныбарды толугу менен сурашы ыктымал",-дейт Лиза.

Американын түпкүлүктүү калкы бүркүттөрдү ыйык көрүп, жаныбардын канатын дагы жерге таштабайт.
Ханлей Фрост Колорадодогу Уте уруусунун башчысы. Ал башка лидерлердей диний жөрөлгөлөргө жооптуу. Фрост мырза бүркүттүн канаттарынын руханий мааниси бар экенин айтат.
"Бүркүттөрдүн руханий тазалоо күчү бар. Бүркүттөр биздин каалоо, тилектерибизди көтөрө жүргөн жаныбар, ал биздин тилектерибизди бейишке жеткирет. Жаныбардын көздөрү алыстыкты так көрөт, сыйкырдуу канаттары бүркүттү каалаган жерине жеткирет",-дейт Фрост.

Американын түпкүлүктүү калкы бүркүттүн канаттарын жөрөлгө учурунда адамдын рухун тазалоо жана тилек айтуу учурунда колдонот.
Борбордун кызматкерлери болсо маданий жөрөлгөлөргө көмөк көрсөтүп жатканына кубанышат. Борбор 1970-жылы ачылган. Башында Аляска жана Колорадо тегерегиндеги түпкүлүктүү калктын гана буюртмаларын алган экен.
1994-жылы мурдагы президент Клинтон ар бир өлгөн бүркүт атайын сактоочу жайга жөнөтүлсүн деген буйрукка кол койгон. Ошондон кийин Орегондо жайгашкан борбор Колорадого көчүп келген.

АКШда бүркүттөрдүн саны кыскарып баратканы менен, 2007-жылы алар тукум курут коркунучуна кабылган жаныбарлардын тизмесинен чыгарылды.
10 жыл мурун Американын түпкүлүктүү калкына бүркүттөрдү багууга уруксат беришкен. Бүркүт өлгөндө, алар канаттарын колдонууга дагы укуктуу. АКШнын бийлиги бул кадамга кызуу талкуудан кийин барды.

"Бүркүттөрдү колго алганда, ал өлгөн болсо да сөз менен түшүндүрө албаган сезимдер болот. Канчалык сыйкырдуу жаныбар экенине күбө болосуң. Анан бул жаныбарлар мындан ары эмне үчүн колдонуларын дагы билип, сүйүнүп калам",-дейт борбордун кызматкери Лора Маллори.
Ханна Лонг-Хиггинс борбордо сүрөттөр менен бирге видео дагы тарткан. (AT)









