Ак илбирсти коргогон көлдүк корукчу
Жети-Өгүз районундагы бийик тоо арасында жайгашкан эң алыскы Ак-Шыйрак айылында жергиликтүү эл мал менен тиричилик кылат.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Бул айылда туулуп өскөн Өмүрбек Курманалиев көп жылдан бери Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунда эмгектенет. Анын иши негизинен тукуму азайып бараткан ак илбирс, аркар-кулжа өңдүү жаныбарларды кароо, кайтаруу. Бишкектик журналист Мээрим Догдурбекованын тасмасы.
Ак илбирстердин Кыргызстандагы абалы
"Өлкөдө он жаратылыш коругу болсо, ошонун баарынан ак илбирстерди кездештирдик. Саны боюнча айырмасы бар, эң көп Сарычат-Ээрташ коругунда азыркы учурда 22 ак илбирс бар деп санап жатышат. Ал эми Нарын коругунда 20нын тегерегинде деген маалыматтар бар. Ысык-Көл облусунда дагы жаңы «Хан-Теңири» коругу ачылды. Жаңы ачылып жатканда эле бир ак илбирсти көрдүк",-дейт Улуттук илимдер академиясынын биологиялык жер кыртышы институтунун башкы илимий кызматкери, биолог Аскар Давлетбаков.
Соңку маалыматтар боюнча Кыргызстанда да ак илбирстердин саны 300дөн ашпайт.
«Азыркы учурда Кыргызстандагы ак илбирстер 280 ден 300гө чейин деген расмий маалыматтар бар. Ѳткөн кылымдын 70-80-жылдарында ак илбирстер өлкөнүн тоолуу аймактарынын бир топ жеринде кездешкен. Бирок соңку жылдары саны кыскарып, байырлаган аймактары Нарын, Ысык-Көл, соңку маалымат боюнча Алай тарапта ак илбирстер кездешет»,-дейт Эл аралык "Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо" программасынын катчылыгынын башчысы Кыял Алыгулова.
Анын айтымында учурда Кыргызстанды байырлаган ак илбирстердин саны кыскарып же көбөйүп кеткени тууралуу так сандарды айтуу кыйын. Бирок браконьерлер аткан учурлар бар экенин эске алганда, ак илбирстер санын көбөйдү деп айтууга да болбойт.
Браконьерлердин бутасында
Ак илбирстер жер шарынан тукуму кыскарып, жоголуп бараткан жапайы жаныбарлардын бири. Алар деңиз деңгээлинен бир нече миң метр бийиктиктеги Гималай жана Тибеттин бийик-аска-зоолорун байырлашат.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Тактап айтканда, ак илбирстер деңиз деңгээлинен 1000 метрден 5400 метр бийиктикке чейинки аймактарда жашашат. Браконьерлерди көп кызыктырган бул жарткыч жаныбардын териси абдан баалуу эсептелет.
Дүйнөдө төрт миңден алты миңге чейин ак илбирстер бар экени айтылып жүрөт. Соңку иликтөөлөргө караганда 2008-жылдан бери дүйнө жүзүндө 221ден 450гө чейинки ак илбирстер адамдын колу менен өлтүрүлгөн.
Браконьерчиликтин 90 пайызы беш өлкөгө таандык - Кытай, Монголия, Пакистан, Индия жана Тажикистан. (AbA)








