“Амазон тропикалык токою үчүн кашык каныбыз калганча күрөшөбүз”

Амазон тропикалык токой аянттары тездик менен кыскарууда. Өткөн жылга салыштырганда, быйылкы январда токойлордун аянты эки эсеге азайды.
Буга өрт себеп болгон. Өтөн жылы Амазондогу чытырман токойдогу өрт бак-дарактардан тышкары, сыйкырдуу жаныбарларды дагы кырып, дүйнөлүк коомчулук кабатыр болгон.
Токой өртүнө алты ай болгондон кийин Би-Би-Синин My World же "Менин дүйнөм" программасы Амазонго кайтып барып, түпкүлүктүү калк менен баарлашып келди.
"Кашык каныбыз калганча күрөшөбүз"

14 жаштагы Маристела Кледиан Уапа Арара миңдеген жылдардан бери чытырман токойдо жашаган Арара-Каро деген түпкүлүктүү калктын өкүлү. Учурда 900 миңге чукул Арара-Каро бар.
Токойду кыюу, кен байлыктарды казып алуу аракеттерден улам бул топ атайын корголгон аймакта жашап калды.
"Биз тынчсызданып турабыз. Токой биздин турмушубузга өтө маанилүү. Токой биздин энебиз, ал бизди коргоп, мээримин төгөт. Демек, биз дагы токойду коргошубуз зарыл. Антпесе кантип тиричилик кылабыз",-дейт Маристела.
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару түпкүлүктүү калк жашаган жана мыйзам менен корголгон аймактарды жокко чыгаруу керек экенин айтууда. Өлкө лидери токойдо жашаган топторду коом менен аралаштырып, алар жашаган токойдогу кендерди казып алып, айыл-чарба талааларын кеңейтүү керек дейт.
Мындай саясатка Маристела сыяктуу жаштар чоочулап турат.
"Жаңы өкмөт түпкүлүктүү калкты жек көрөт деп ойлойбуз. Бирок мен ушул топтун мүчөсү болгонума сыймыктанам. Аял катары биз жерибиз үчүн күрөшөбүз, ал биздин милдет",-дейт ал.

Маристеланын 22 жаштагы Жулиана Туити Арара бир гана президент жана анын саясаты эмес, токойдогу түпкүлүктүү калк өкүлдөрү дагы токойду кыйып жатканына кабатырланат.
"Келгиндер токойду кыйдырып жатканына жүрөгүм ооруйт. Өткөн жылы өзүбүздүн эле туугандарыбызды бак-дарактарды өлтүрүп жатканын көрдүм. Алар булдозерлер менен келди",-дейт Жулиана.
Ушундай окуялардан улам эки жаш токойду коргоого бел байлаган. Алардан Амазонду коргоо үчүн эмнеге даярсыңар деген суроого, экөө тең эч ойлонбой "até à morte" (кашык каныбыз калганча күрөшөбүз) деп жооп беришти.
"Баарыбыз тең укуктуубуз"

Түпкүлүктүү калктан тышкары башка бразилиялыктар дагы бул жерди өзүнүкү катары санайт. 16 жаштагы Карина Де Фария жана анын 18 жаштагы байкеси Родриго дыйканчылык менен алектенишет. Алар бир күн кечке атасы Герсон менен мал кайтарышат.
"Баарына жер керек. Дыйкандар жерди иштетип жергиликтүү калкты азык-түлүк менен камсыздап, дүйнөнүн башка аймактарына экспорттойт. Ошондуктан бул жерге ээлик кылууга баарыбыз тең укуктуубуз. Ошондуктан бул жер калыс бөлүштүрүлүшү керек",-дейт Карина.
Де Фария үй-бүлөсү 100 гектар жер алган. Бул аймакта мурда токой болчу. Алар 100 гектардын бир бөлүгүндө жашылча-жемиш өстүрөт жана экинчи бөлүгүндө малын жайып турат.
Бирок эки жаш токойду жок кылууну токтотуу керек дешүүдө.
"Токойду кыйгандардын көбү орто жаштан өйдө. Бирок жаштар климаттын өзгөрүүсү чоң коркунуч жаратып жатканын түшүнөт. Жаштар технологиянын жардамы менен байланышта. Ошондуктан биригип көйгөйдү чечүүгө аракеттенишибиз керек. Өкмөт дагы чара көрүшү зарыл",-дейт Карина.
"Айрым дыйкандар караңгы болот"

Де Фария үй-бүлөсүнөн бир нече мүнөт аралыкта 18 жаштагы Густаво жашайт. Анын үй-бүлөсү дагы дыйканчылык менен алектенет. Өткөн жылы август айында Густавонун дыйканчылык чарбасы токой өртүнөн жабыркаган.
Кургакчылык маалында токой өртү кеңири жайылат жана табигий себептен улам чыгат. Бирок айрым учурда жаңы жерди өздөштүрүүнү каалагандар токойду атайын өрттөшөт.
"Абдан кабатыр болдук. Себеби бирөө токойду атайлап өрттөптүр. Ал жаңы жерди өздөштүрүүнү каалаган. Биздин мүлктүк 70 пайызы күйүп кетти. Уйларыбыз дайынсыз жоголду. Көп чыгымга туш болдук",-дейт ал.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Густаво дыйканчылык менен алектенген үй-бүлөдө өскөнү менен, айрым дыйкандар Амазон токоюнун келечегин ойлобойт деген пикирде.
"Менимче, Амазон чытырман токою толугу менен жок кылынат. Себеби дыйкандардын көбү караңгы, алар айлана-чөйрөгө көңүл бурбайт. Аларга бир гана жер керек, бир гана акчаны ойлойт",-дейт Густаво.
Амазон тропикалык токойлору эмнеге маанилүү?

Сүрөттүн булагы, EPA
Дүйнөдөгү эң чоң токой Амазон аймагында жайгашкан. Аны Жер планетасынын өпкөсү деп дагы аташат. Себеби токойдогу бак-дарактар көмүр кычкыл газын сиңирип, кайра кычкылтек бөлүп чыгарат. Бул глобалдык жылууланууну басаңдатууга дагы жардам берет.
Окумуштуулар Амазон мындан ары көмүртекти сиңирип, аны сактап тура албай калса, айлана-чөйрөгө чоң зыян болорун эскертишүүдө.
Андан тышкары Амазон чытырман токойлору бүтүндөй Түштүк Американын айыл чарбасы үчүн абдан маанилүү. Токойдун эко-системасы аймакта жаан-чачынды пайда кылып, регионду кургакчылыктан сактайт.










