Индейлердин ат жарышы
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
Индейлердин байыркы ат жарышы Канадага кеңири тарап жатат. Жарышта чабандестер аргымактарын жайдак минет жана ат майданды үч жолу айланат. Чапкан күлүгүн дагы үч жолу алмаштырса болот.
"Жүздөгөн жылдар мурун биздин жашообуз ат менен байланышта эле. Ээр деген жок болчу. Аттарды жасалгалоо өзүнчө эле салтанат болгон. Буйволго мергенчиликке чыкканда, адам тазаланып келчү. Ат жарышта мунун баары камтылды. Иш чарада биз байыркы маданиятыбызды чагылдырабыз. Унутта калган маданиятыбызды үйрөнүп кетебиз. Бул аймактын түпкүлүктүү калкы - биз да", -дейт ат жарыштын уюштуруучусу Декстер Брюзд.
Спорттун бул түрү 100 жылдан бери АКШда дагы ойнолуп келет. Бирок азыр Канаданын түндүк тарабына кеңири тарап, көптөр кызыгып жатат.
Ал тургай кыз-келиндер дагы ат жарышка катышууда. Индейлер аял-эркек деп бөлүнбөй, баары тең атты мыкты чабат.
"Мен өткөн жылдан бери катыша баштадым. Мурункусунда биринчиликке жетпей калдым. Быйыл биринчи келдим", -дейт "Таш үйүрү" командасынын чабандеси Шерил Гофер.

Ат жарышта чабандестер жаракат дагы алган учурлар болот. Бирок жарышка катышкандар жандүйнөң тазаланат деп айтышууда.
"Ички бугуңду, жүрөктү өйүгөн санааны чыгаруунун жолу. Жарышта психикалык, физикалык жана эмоционалдык саламаттыгың чыңдалат. Ат минүү - өзүнчө терапия. Аргымактардын руху биздин элди колдоп келген. Жылкыларды жакшы карасаңыз, аларга көңүл бурсаңыз, алар ошондой жооп берет. Бул жерде физикалык жардам жөнүндө эле айткан жокмун. Кеп руханий жардам тууралуу", -дейт Уруу башчы Билли Морин.
Канаданын байыркы калкы эскимостор менен индейлер деп эсептелет. Бүгүнкү күнү индейлер менен эскимостор Канада калкынын эки гана пайызын түзөт. Бирок индейлердин жалпы саны 32-45 миллион кишиге жетет деп жоромолдонууда.
Индейлер деген аталыш 15-кылымдын аягында калыптанган. Американы ачуучулардын (X. Колумб жана башкалар) жаңы табылган материкти Индия, анын элин индейлер деген туура эмес түшүнгөндөрүнө байланыштуу келип чыккан.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2
Индейлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы чоң. Алар эң таанымал архитектуралык эстеликтерди жараткан. Мисалы, майялардын Тикаль, Копан, Чичен-Ице, Ушмал сыяктуу жүздөгөн шаар-мамлекеттери, храмдары жана башка чыгармаларды жаратышкан.
Дүйнө элдери индейлерден картөшкө, күн карама, какао, пахта, тамеки өстүрүүнү үйрөнүшкөн.
Европалык колониялаштыруу индейлердин табигый өнүгүү жолдорун үзгүлтүккө учураткан. Түндүк Америкада индейлердин көбү колонизаторлор тарабынан атылып, калгандары АКШ жана Канадага резервацияларга айдалган.
Индейлердин көпчүлүгү кырылып, калгандары өздөрүнүн маданий-салттык үрп-адатын сактап калуу жана өз укуктары үчүн талбай күрөшүп келет.











