"Абал абдан курч болуп турат": Кыргызстан өзгөчө абал киргизиши мүмкүн

Сүрөттүн булагы, official
25-июнга карата Кыргызстанда Сovid-19 инфекциясынын жаңы 228 учур катталды. Анын 113 учуру Бишкек шаарынан чыкты.
"Бир суткада 4160 кишинин анализи текшерилди",-деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.
"Учурда абал Чүй облусунда, Бишкекте, Ош облусунда, Ош шаарында абдан курч болуп турат. Бүгүн Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат жана бардык факторлорду эске алып, чечим кабыл алынат", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.
Кечээ күнү дагы бир бейтап кайтыш болгон. "Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан аял киши ( 1971-жылкы) каза болуп калды",-деп айтылат расмий маалыматта. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери 43 киши вирустан ажал тапты.

Сүрөттүн булагы, official
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын 13 учуру Бишкек шаарынан аныкталган. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча Сovid-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында - 648 учур катталды, алардын ичинен 396 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
2020-жылдын 25-июнуна карата Кыргызстанда Сovid-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 3 954 учурга жетти. Анын ичинен 12 киши реанимацияда жатат.

Ак үй карантинге жабылабы?
Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргызстандын делегациясы Орусиядан кайтып келди.

Сүрөттүн булагы, official
"Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты. Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат. Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат",-деп кабарлады президенттин расмий сайты.
Кечээ күнү Орусия баш калаасы Москва шаарындагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга кыргызстандык делегация катыша албай калды. Москвага барганда коронавирус инфекциясына тест тапшырып, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталган. Президент Жээнбеков ушундан кийин башка иш-чараларга катышуудан баш тартты.
"Кыргызстандан тест тапшырып, эч кандай вирустун белгилери аныкталбаса, кантип Москвадан чыгып калды?",-деп суроо койгондор болууда. Кечээ күнү президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, "делегация чакан курамда болгон, алардын баары ар дайым тесттерди тапшырып турушкан" деп айтты.
"Москвага учаардын алдында президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдардын баары COVID-19га тест тапшырышкан. Бардыгынын жыйынтыктары терс чыккан",-деди Толгонай Стамалиева.
Ошондой эле Стамалиева Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн Владимир Путиндин атынан чакыруу 9-майда жана майдын соңунда эки жолу келгенин ырастады.
"Мындан аркы алгоритмге ылайык, президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды. Анын катышуусу иш-чарага катышып жаткандарга карата жоопкерчиликсиз кадам катары бааланып калмак",-деп айтылат Стамалиева тараткан билдирүүдө.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги тесттердин сапатына күмөнсүнүүгө себеп жок деп айтты.
"Биздин ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Анализдин качан тапшырылгандыгы маанилүү. Себеби, вирус жугузуп алуу ар бир мүнөттө болушу мүмкүн. Кечээ аталган эки жаран Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган адистер 3 күн изоляциядан кийин, кайталап алынган анализи терс чыкса, жумушка чыгышат", - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев. (AbA)
















