ДССУ өкүлү: Covid-19 дарылоо жолдорун улам жаңылап туруу керек

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстанда 14-июлга карата 421 жаңы учур катталды, алардын арасында 94 медицина кызматкери бар. Республикалык штаб бир сутка ичинде эки бейтап коронавирустан, 45 киши пневмониядан көз жумганын кабарлады.
Катардагы дарыгерлер статистиканы коронавирус менен пневмонияга бөлүү катачылык экенин айтып жатышат. Би-Би-Си Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Доктор Тасним Ататрага байланышып, Кыргызстан Covid-19 менен пневмонияны эки башка эсептеп жатканы туурабы деп сурады.
Тасним Ататра: Биринчиден, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанда пневмонияга кабылган бейтаптардын саны өскөнү боюнча кабары бар. Бул бизди тынчсызданткан маселе. Пневмонияга кабылгандардын саны өскөнүнө көп себептер бар. Алардын бири Covid-19 вирусу.
Уюм бул көйгөйдү түшүнүү үчүн жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта жана маселени дыкат иликтегенден кийин жагдайга жараша жардам сунуштайбыз.
Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттер вирустун жаңы учурларын тез аныктоо үчүн системаны түзүшү зарыл. Вирусту аныктоочу тесттерди өткөрүп, бейтаптарга жардам берип, алар менен байланышта болгондорду изоляцияга алуу керек. Мен дагы бир олуттуу маселени кошо кетким келет, учурда коронавирус бүткүл регионго коркунуч түзүп жатат. Вируска кабылгандар бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде дагы өсүп жатат.
Албетте, бир мамлекеттеги жагдай башка өлкөгө окшобойт. Ошондуктан бир мамлекетте өнүгүп жаткан жагдай анын бийлигине жана жарандарына жараша болот деп айтып келебиз. Эмне кылуу керек экенин так айтып жатабыз, вирусту аныктоочу тест өткөрүү, вирусту жуктурган бейтаптарды жана алар менен байланышта болгондорду изоляцияда кармоо жана медициналык кызматкерлерди коргошубуз зарыл.

Би-Би-Си: Күн сайын өкмөт тараптан статистика жарыяланат. Баланча сандагы киши коронавируска кабылды, Covid-19 вирусунан баланча сандагы киши көз жумду жана баланча сандагы киши пневмониядан каза тапты деген маалымат айтылат. Айрым жергиликтүү дарыгерлер Covid-19 менен пневмониядан көз жумгандарды бөлүп айтуу катачылык дешүүдө. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бул боюнча позициясы кандай?
Тасним Ататра: Пневмонияга кабылуунун бир нече себеби бар. Өлкө лабораторияда тастыкталган ПЧР-анализинин негизинде коронавируска кабылгандардын санын жарыялап жатат. Ошол эле учурда өлкө пневмонияга кабылгандардын статистикасын дагы айтууда. Ошондуктан мамлекеттик лабораториянын ишин бекемдешибиз керек. Ошондо пневмонияга кабылгандар Covid-19 вирусун жуктурган болсо, аларды тез аныктап, изоляцияга алуу мүмкүн болот.
Учурда ооруканада пневмонияга кабылгандар Covid-19 вирусун жуктурган деп шектелип, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иштеп чыккан сунуштар боюнча дарыланып жатышат. Демек, Кыргызстан лабораторияда тастыкталган ПЧР-анализинин негизинде статистиканы жарыялап жатат. Биз өлкөнү лабораториялык текшерүүлөрдү көбөйтүүгө үндөйбүз.
Би-Би-Си: Сиз бүткүл региондо коронавируска жана пневмонияга кабылгандардын саны көп болуп жатат деп айттыңыз. Учурда Кыргызстанда пневмониядан өлүм-житим көп болууда. Кыргыз медицина кызматкерлеринин дарылоо протоколу ДССУнун сунуштарына ылайык болуп жатабы?
Тасним Ататра: Биринчиден, кайсы гана өлкө болбосун алар ооруканаларда өзүнүн улуттук клиникалык жоболорун колдонушат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы өзүнүн клиникалык жоболорунун негизинде вирусту дарылоонун жолдорун сунуштаган. Саламаттыкты сактоо уюму азыр дагы рекомендацияларды жана техникалык жоболорду берип жатат. Мамлекеттер болсо анын негизинде өзүнүн дарылоо жолдорун жагдайга жараша улам жаңылап турушу керек. Ушул мүмкүнчүлүктөн колдонуп, Кыргызстандагы жана бүткүл Борбор Азиядагы дарыгерлерге аракеттери үчүн ыраазылыгымды билдиргим келет. Алар майдан тилкесинде жүрөт, алар бизди колдогон жана коргогон баатырлар.

Сүрөттүн булагы, Official
Би-Би-Си: Учурда дүйнөдө коронавирустун вакцинасын табууга жарыш болуп жаткандай. Бирок вакцина жок кезде коомдук тармактарда Covid-19 вирусуна каршы ар түрдүү дарылар жардам берет деген маалыматтар тарап жатат. ДССУнун вирусту дарылоого сунуш кылган препараттар кайсылар?
Тасним Ататра: Covid-19 вирусу менен натыйжалуу күрөшүү үчүн бир маанилүү жагдайга көңүл буруу керек. Бир гана бийлик, дарыгерлер же жарандык коом жардам берет дебей, ар бир атуул, бүтүндөй калк өз жоопкерчилигин ойлошу керек.
Ошондуктан ар бир жаран өзүн коргошу керек. Ал үчүн улам айтылып жаткан эрежелерге көңүл буруу зарыл. Ооруп калган бейтап туура дарыларды колдонгону маанилүү. Туура препараттарды колдонуу үчүн маалыматы так болушу керек. Демек, такталган гана маалыматтарга көңүл буруңуздар. Шектүү булактардан келген маалыматка ишенбегиле.
Жарандар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун интернет баракчасынан же Саламаттыкты сактоо министрлигинин баракчасынан тастыкталган маалымат ала алат. Бул аркылуу туура дарылануунун жолдорун билип аласыз. ДССУ вирустун оор же жеңил түрүнө жараша клиникалык жоболорду иштеп чыккан. Андан тышкары бейтап сөзсүз түрдө дарыгердин кеңешин алышы керек. Учурда Covid-19 вирусун дарылоонун бир жолу жок. Ошондуктан ДССУ түзгөн эксперттик топ жаңы жагдайга байкоо салып, улам жаңы жолдорун сунуштап турат.
Андан тышкары коронавирус пандемиясы бүтүндөй дүйнөнү кризиске кептеди. Муну чыныгы глобалдык кризис деп атасак болот. Бир гана Кыргызстан кыйналып жаткан жок. Вирус регион жана дүйнөгө тарап жатат. Бул согушта жеңишке жетүү үчүн биримдик абдан маанилүү, бирге иш жүргүзүшүбүз керек. Биримдик менен кызматташуу эмнени билдирет - өкмөт бардык мүмкүнчүлүгүн, бүт бөлүмдөрүн ушул маселеге бурушу керек. Ошол эле учурда жеке тармак, ыктыярчылар менен коомчулук, ар бир жарандын жоопкерчиликтүү мамилеси дагы чоң ролду ойнойт. Ар бир атуул вирустун жайылышын токтотууга салым кошо алат. Социалдык аралыкты сактап, коомдук жайлардагы эрежелерге баш ийип, бир жерге топтошпой, жөтөлүп же чүчкүрсөңүз чыканагыңыз же салфетка менен оозуңузду жаап, колду самындап жууп туруу сыяктуу жөнөкөй кадамдар сизди, коомду жана Кыргызстанды коргойт.
Би-Би-Си: Биримдик, ыктыярчылар, коомдун ролу тууралуу сөз кылдыңыз. Абдан оор кырдаалда ыктыярчылар күндүзгү стационарларды ачышты. Бул кадам көптөргө жардам берди, бирок ал жакта санитардык эрежелер сакталбайт деп сындагандар болууда. ДССУнун бул ишке расмий мамилеси кандай?
Тасним Ататра: Күндүзгү стационарлар саламаттыкты сактоо системасына чоң колдоо көрсөтүп жатат. Курч абал учурунда бейтаптар бул борборлорго барып медициналык жардам алып жатышат. ДССУ стационарларды инфекцияны жайылтпоо жана көзөмөлдөө эрежелерин сактоого, вирусту дарылоо үчүн түзүлгөн улуттук клиникалык жоболорду колдонууга чакырат.
Дагы бир жолу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык медицина кызматкерлерине, ата-энелерге жана бейтаптарды каралашып жардам бергендерге ыраазычылык билдиргим келет. Жакындары болобу, бейтааныш киши болобу, дал ушул кишилер ооруп жаткандарга жардам беришти. Бири-бирин колдогон кыргыз коомчулугуна дагы ыраазылык билдиргим келет. Биз бул согушту биримдик менен жеңебиз. (AT)











