Covid19: абал курч, акчалар бюджеттин жыртыгына кетүүдө

Пневмониядан каза болгондордун саны 350гө, коронавирус диагнозу коюлуп кайтыш болгондор 122ге жетти

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пневмониядан каза болгондордун саны 350гө, коронавирус диагнозу коюлуп кайтыш болгондор 122ге жетти

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан алты бейтап каза болуп, курмандыктар 122ге жетти. Пневмониядан 40 киши кайтыш болду, марттан бери пневмониядан 350 киши каза болду.

Акыркы суткада коронавирус тастыкталган жаңы учурлардын саны 511. Жалпы тастыкталган сан 9358 болду.

80 медкызматкерде вирус табылды. Жалпы 1450 медкызматкер вирус жуктуруп, алардын 530 чамалуусу айыкты.

Кечээтен тарта бардык аймактардын, шаарлар арасындагы коомдук унаалардын каттоосу токтоду. Азырынча кайсы мөөнөткө чейин экени белгисиз.

Талас облусу эки аптага жабылды. Таласка сырттан облуста каттоосу барлар гана кире алат.

Ал эми Ысык-Көл 10-июлдан 20-июлга чейин облус ичиндеги каттамдарды чектеди.

Өлкө боюнча жума намаздарга чогулуу кайрадан убактылуу тыйылды.

Ал тапта бүгүн өкмөт сырттан келип жаткан каражаттар кандай коротулуп жатканы тууралуу маалымат берди.

Дарыгерлер

Сүрөттүн булагы, Official

Сырттан жалпы 627 млн доллар келиш керек. Анын 321 млн доллары, же 51% Кыргызстанга жетти. Аталган сумманын төрттөн бири - 166 млн доллар грант, калган 461 млн доллары жеңилдетилген кредит.

Келген каражаттар бюджетти жапканга жана коронавирус менен күрөшүүгө кетип жатканын вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди:

"Эл аралык валюта фондунан эки траншта 242 млн доллар алдык. Дүйнөлүк Банктан медициналык буюмдарды жана дары-дармектерди сатып алууга 2 млн доллардан ашык келип түштү. Европалык уюмдан 27 млн доллар алдык. Келген акчанын ичинен 173 млн доллар каражат сарпталды. Калган 148 млн доллар Улуттук Банкта биздин борбордук казынанын эсебинде турат".

Өкмөт каражаттын басымдуусун бюджеттин чыгымдарына жумшап жатат. Салыктар жана башка ар кандай төлөмдөр түшпөй калгандыктан айлык акыларды, пенсияларды берүүгө жана башка чыгымдарга 170 млн доллар кеткен.

2,2 млн долларга медициналык каражаттар сатып алынган.

Өкмөт 3 млн долларга буудай сатып алганын айтууда

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өкмөт 3 млн долларга буудай сатып алганын айтууда

"3 млн доллар мамлекеттик материалдык резервди толуктоого, буудай сатып алууга жумшалган. 1,3 млн доллар карантин учурунда муктаж болгон жарандарга азык-түлүк сатып алып, аны таратканга сапрталды. Жалпысынан жумшалган 170 млн доллардын ичинен айлыктарга, пенсияга, социалдык төлөмдөргө, жөлөкпулдарга 84% кеткен, башкача айтканда көбү социалдык чыгашага коротулган", - деди Асрандиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков бир күн мурда кайрылуу жасап, андагы сөзүндө келген ар бир акча пландуу пайдаланылаарын, эч ким жеп албаганын айткан.

Анткен менен мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев медициналык каражаттарды сатып алуу боюнча сурак берип жатат. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы суракка чакырылды. Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы бул боюнча мартта сотко чейинки өндүрүштү баштаган. "ПолитКлиника" басылмасы медициналык коргонуучу каражаттар, жасалма дем алдыруучу аппарат базар баасынан бир канча эсе кымбат сатып алынганын иликтеп чыккан. Ал айрым каражаттар тендер аркылуу он эсе кымбат алынганын жазат. Мамлекеттик кызмат иликтөөдөн кийин кенен маалымат берилерин айтып келатат.