Covid-19: 68 күн дем алууга жардам берген аппаратта жаткан шотландиялык бейтап

Сүрөттүн булагы, Cho Ray Hospital
42 жаштагы шотландиялык учкуч 68 күн бою дем алууга жардам берген аппараттын жардамы менен жашап келди. Ал Covid-19 вирусуна кабылып, жакындарынан алыс, Вьетнамда ооруканада жатты.
"Башка бир өлкө болсо мен ажал табат элем. Отуз күндөн кийин аппаратты өчүрүп салышмак",- дейт Стивен Камерон.
Камерон Вьетнамда коронавируска чалдыгып, ооруканада дарыланып жаткан акыркы бейтаптардын бири. Анын абалы оор болгонуна карабастан, дарыгерлердин жардамы менен Камерон аман калды.
95 миллион калкы бар Вьетнамда 355 гана киши вирусту жуктурду. Учурда онго чукул бейтап кайра жандандыруу бөлүмүндө жардам алууда, бир дагы жаран коронавирустан көз жумган жок.

Сүрөттүн булагы, Vietnamese government
Камерондун окуясы жаңылыктардын баш сабына чыгып, аны 91-бейтап деп аташууда.
"Вьетнамдыктарга ыраазымын, оор абалда мени таштап салышкан жок. Өзгөчө дарыгерлерге алкыш. Мени аман алып калышты",-дейт Камерон.
Аман калуу ыктымалдуулугу - 10%
Камерондун ден-соолугун ондогон дарыгер көзөмөлдөп турду жана өлкөнүн башка бурчундагы медициналык кызматкерлер менен онлайн жыйын өтүп жатты.
"Бейтаптардын саны аз болгондуктан, илдеттин оор түрүнө кабылгандарга өлкөнүн алдыңкы адистери жардам берип жатты",- деп белгиледи Вьетнамдагы ДССУнун өкүлү Кидонг Парк.
Камерон эки ай бою Экмо аппаратынын жардамы менен дем алып жатты. Бул жабдыкты абдан оор учурда гана колдонушат. Аппарат бейтаптын канын кислород менен толтуруп, кайра организмге жеткирет.
"Жолум бар экен, бактылуу адам экенмин. Бир гана дагы деле алсызмын. Азыр күнүнө эки жолу физиотерапия жасап жатам",- деди Камерон.
Ал кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканда, дарыгерлер аман калуу ыктымалдуулугу 10 пайыз дешкен. Камерондун каны коюуланып, тромбдор пайда болуп, өпкөсү он пайызга чейин кичирейген.

Сүрөттүн булагы, Vietnamese government
Андан бери Камерон комадан чыгып, Шотландиядагы жакындары менен телефон аркылуу сүйлөштү.
"Бир учурда өпкөмдү трансплантация кылуу керек экени айтылыптыр. Ошондо көптөгөндөр ыктыярчы катары мага жардам сунуштаптыр. Алардын бири 70 жаштагы Вьетнам согушуна катышкан ардагер экен. Ыраазымын, жалпы адамзатка ыраазымын",- деп белгиледи Камерон.
Камерондун дарылануусуна миңдеген доллар кетти. Мисалы, Экмо аппараты күнүнө беш миң доллардан он миң долларга чейин турат. Ага бул аппарат сегиз апта бою керек болду. Бул каражаттын айрым бөлүгүн камсыздандыруу компаниясы төлөйт. Бирок акчанын көп сарпталганы Камеронду бушайман кылды. Ага карабастан ал Шотландияга тез кайтып барууну көздөп турат.













