“Аман калууну гана ойлойсуң”: мафиянын торуна түшкөн италиялыктар

Сүрөттүн булагы, Jilla Dastmalchi
- Author, София Беттиза
- Role, BBC World Service
*Коопсуздук үчүн макаладагы айрым кишилердин ысымдары өзгөртүлгөн.
Италияда коронавирус кеңири жайылып, миңдегендер көз жумду. Ошол учурда өлкөдөгү мафия мүчөлөрү миллиондогон доллар табышты. Италиянын өкмөтү кафе, ресторан жана башка бизнестин ээлери аргасыздан мафиядан карызга акча алып жатканын эскертүүдө.
"Коза ностра" уюшкан кылмыштуу топтун башчысынын иниси жакыр саналган Сицилиянын Палермо аймагынын тургундарына бекер азык-түлүк таратты.
"Мага телефон аркылуу байланышып, ыйлап, жардам сурап жатышат. Алар балдарыма бергидей бир үзүм нан калган жок деп чалышты. Бир жаш аял күн сайын байланышат. Анын беш баласы бар экен, азык-түлүк алууга акчасы жок",-деп айтты ал. Би-Би-Синин кабарчылары ага коомдук тармак аркылуу байланышкан.
Ал "жакшылык кылганым үчүн mafioso [мафия мүчөсү]" деп атасаңар, анда "mafioso болгонума сыймыктанам" деп жооп кайтарды.
"Жылдыздуу" жардамчы
"Мен дагы ушундай ыкмаларды колдонгом",-дейт Газпаре Мутоло. Ал Сицилиянын мафия топторунун мүчөсү эле. Кийин мафияга каршы ондогон кылмыш иштерине күбө катары көрсөтмө берген.
"Жылдыздуу болчумун, берешен көрүнүп жүрдүм. Мафия тургундардын жүрөгүнөн түнөк табууга аракеттенет. Эч качан эл алдында өзүмдүн чыныгы жүзүмдү көрсөтчү эмесмин. Бирок мен жыйырмадан ашуун кишини өлтүргөн кылмышкер элем",-деп кошумчалады ал.
Мутоло Би-Би-Си менен жашыруун жайда маектешти. Учурда аны полиция коргоп келет. Ал түрмөдө кармалбаса дагы, турмушу абакта жашагандай эле.

Сүрөттүн булагы, Gaspare Mutolo
Мурдагы мафия мүчөсүнүн айтымында, жардамга муктаж болгон кишилер кимден акча алып жатканына деле көңүл бурбайт.
"Жегенге тамагы жок, балдарың ыйлап турса же бизнесиң банкрот алдында турганда алдыдагы кадамдардын кесепети тууралуу ойлонбой каласың. Бир гана аман калууну ойлойсуң",-дейт Мутоло.
Байыркы ыкма
Жардамга муктаж болгондорго азык-түлүк жеткирүү мафиянын байыркы ыкмасы.
"Бул бийликке альтернатива катары элдин ишеничине кирүү жолдордун бири",-дейт Никола Граттери. Ал Катандзаро прокуратурасында мафияга каршы тергөөчүлөрдүн бири.
Италиянын мафиясын жергиликтүү калк колдоп, коргоп келгендиктен алардын пайдубалы бекем экенин көптөгөн эксперттер белгилеп жүрөт.
"Коронавирус кризиси учурунда мафия элге жакындады деп ойлойм",-дейт Граттери.

Сүрөттүн булагы, Jilla Dastmalchi
Ага карабастан мафия өкүлүнөн аз сандагы каражат алуу да абдан кооптуу.
"Мафия эч качан берешен болуп бир нерсе кылбайт. Буларда андай түшүнүк жок. Эгерде алар бир жолу жардам берсе, эмдигиде жооп кайтарышың керек",-дейт мафия топторуна каршы иштеген уюмдун өкүлү Энза Рандо.
Банкрот алдында турган бизнестер
Марселло* Палермо шаарында ресторан иштетет. Ашкана март айынан бери жабык турат.
"Мафия өкүлдөрү келип, ресторанымды сатып алуусун күтүп жатам. Карантин чаралары алынса деле ачыла албай калат окшойм",-дейт ал.

Сүрөттүн булагы, Jilla Dastmalchi
Марселло мафия менен бизнес жүргүзүүнүн жол-жобосун дагы айтып берди. Бир күнү эшикти кагып кишилер келет экен, алар өз сунушун айтат. Ошондо соодалашып, баа такталат. Андан соң акчанын бир бөлүгү банк эсепке которулат, экинчи бөлүгү накталай берилет. Банкрот алдында турган бизнестер мындай сунуштан баш тарта албай, мафиянын торуна түшүүдө.
"Мындай сунушка жок деп айта албайсың. Бизнесим чөгүп бара жатат. Четте турган бирөө куткаруучу шакекчени ыргытты. Ошондо мафия менен байланышкым келбейт деп бизнесиң менен чогуу чөгөсүң же алардан жардам аласың",-дейт Марселло.
Башында мафия жардам үчүн артка эч нерсе сурабайт. Бирок ушундан кийин кылмышкерлер менен байланыш үзүлбөйт.
"Мафия сөзсүз кайтып келип, жардамын кайра доолайт", -деп белгиледи мурдагы мафиянын мүчөсү Мутоло.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жергиликтүү шайлоо болуп жатканда Мутоло мурда көмөк көрсөткөн үй-бүлөлөргө барып жардам доолаган:
"Чао белла, мени унуткан жоксуңбу? Мен сага жардам бердим эле, эми сен мага жардам бересиң. Бир гана ушул талапкер үчүн добушуңду берип кел", -деп айтчумун.
Бул ыкманын өзүнчө термини дагы бар voto di scambio же добуш сатып алуу.
Кризисти эңсеген "карышкырлар"
Мафия дайыма глобалдык кризиси тилейт. Ошондуктан коронавирус пандемиясын кылмышкерлерге жага берди.
"Аларды колунда абдан көп акча бар. Өкмөткө караганда алар акчаны муктаж болгондорго тез жеткирет, кимге жардам сунуштоо керек экенин дагы билишет", -дейт Мутоло.
Антонио менен анын жубайы Франческа* каржылык кыйынчылыктан жардамга муктаж болуп турганда, аларга мафия көмөккө келген. Антонио менен Франческанын Италиянын түштүгүндөгү Апулия шаарчасында эт азыктарын саткан чакан дүкөнү бар.

Сүрөттүн булагы, Jilla Dastmalchi
Алардан дайыма эт сатып алган кардарларынын бири келип, накталай акча сунуштаган.
"Бири-бирибизди дароо карадык, ошол учурда жүрөгүбүз сокпой калды окшойт. Эмне болуп жатканын дароо түшүндүк. Акчаны алсак кайырмакка илинип калмакпыз", -дейт Антонио.
Алар акчадан баш тартышкан. Мындай ыкма мафиянын кирешелүү бизнестеринин бири. Алар төмөнкү пайыз менен насыяга акча беришет. Бирок убакыт өткөндөн кийин "жардамга кол сунган" киши "карышкырга" айланат, дейт тергөөчү Граттери.
"Ошондо алар акырындык менен бизнестин ээлерин кысымга ала баштайт. Мафия өкүлдөрүнө акчанын кереги жок, алар бизнесиңди тартып алууну көздөйт. Мурда мыйзамды бузбай иштеген бизнес аркылуу алар мыйзамсыз акчаны адалдаштырат",-деп кошумчалады Граттери.
Артка жол жок
Италияда карантин чаралары киргизилгенден бери мафиядан жабыркагандарга жардам берген ишеним линиясына байланышкандардын саны 100 пайызга өстү. Өзгөчө чакан бизнестер коркунучка кабылууда.
"Италиянын өкмөтү чакан бизнестерге жардам көрсөтүүгө колу жетпейт. Ошондуктан алар мафиянын торуна түшөт",-дейт ишеним линиясында иштеген Аттилио Симеоне.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Италиянын экономикасынын 9,1 пайызга төмөндөөсү күтүлүп жатат. Мындан улам миңдеген бизнестер кыйынчылыкка дуушар болот.
"Мындай абал мафия үчүн абдан жагымдуу. Ошондуктан убакыт тартыш экенин эске алуу зарыл", -дейт Энза Рандо.
Мафияга каршы иштеген эксперттердин көбү Италия өкмөтүн орто жана чакан бизнестерди колдоо үчүн каражат бөлүүгө үндөп келет. Бийлик кыйынчылыкка туш болгон ар бир бизнеске 25 миң евро сунушталат деп жарыялады. Бирок Мерселло өкмөттөн карыз алгысы келбейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Карызды кайтарып бере албай калабыз. Карантинден кийин ачылган дүкөндөрдө, ресторандарда социалдык аралыкты сактоо керек. Демек, кардарлардын саны кыскарат, киреше дагы аз болот", -дейт ал.
Марселлонун айтымында, ресторан, кафе, дүкөн жана ашкана ээлеринин көбү өкмөт сунуштаган насыяны албайт. Андан көрө бизнесин мафияга сатып салууну туура көрөт.
"Абдан өкүнөм, принциптериме карабай мафияга байланам",-дейт Марселло.
*Коопсуздугу үчүн макаладагы айрым кишилердин ысымдары өзгөртүлгөн.
Сүрөттөрдү Jilla Dastmalchi тартты












