Италиядагы кыргыз: Коронавирустан улам киши көрсөк эле качып жөнөйбүз

А.Касымалиева: Мен теледен дагы бир маалыматты көрүп калдым. Дем алдыруучу аппараттар жетишпей жатат деп айтылды. Бир журналист "эгер дем алдыруучу жабдуулар жетпей жатса, жаштарга эле кам көрүп, алтымыш беш жаштан жогорулардын баарын өлүмгө түртүп жатасыңарбы?" деди. Ага жооп болгон жок

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А.Касымалиева: Мен теледен дагы бир маалыматты көрүп калдым. Дем алдыруучу аппараттар жетишпей жатат деп айтылды. Бир журналист "эгер дем алдыруучу жабдуулар жетпей жатса, жаштарга эле кам көрүп, алтымыш беш жаштан жогорулардын баарын өлүмгө түртүп жатасыңарбы?" деди. Ага жооп болгон жок
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Корона вирустан улам Италияда кырдаал оор болуп жатат. Соңку аптада эле Италия жаңы коронавирустун тарашы боюнча Кытайдан кийинки эле өлкө болуп калды.

Дал ушул өлкөдө да миңдеген кыргызстандыктар эмгектенип жүрөт. Би-Би-Си он беш жылдан бери Италиянын Калиари шаарында жашап жаткан Анаркүл Касымалиевага байланышып, абалды сурады.

А.Касымалиева: Кыргызстанга кетсек дегенде тим эле эки көзүбүз төрт болуп жатат. Уча албай калып, ушул жерде бир нерсе болсок деп акыйып калдык

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А.Касымалиева: Кыргызстанга кетсек дегенде тим эле эки көзүбүз төрт болуп жатат. Уча албай калып, ушул жерде бир нерсе болсок деп акыйып калдык

А.Касымалиева: Элдин үрөйү учуп турганы дароо эле байкалат. Кечээтен баштап аябай эле катуу сезиле баштады. Биз Сардиньяда турабыз. Биз жашаган чөлкөмдө 34 кишиге вирус жукканы айтылды. "Кызыл чекке жетти" деп дүрбөлөң түшүп калдык. Көчөгө чыккандын баары текшерилет экен. Жумушка бара тургандар "жумушка" деп атайын кагаз алышыбыз керек дешти. Кайда болбосун адамдар ортосунда 1-2 метр аралык так сакталып, бири-бирине жакындабасын деген эреже киргизишти. Коомдук жайларда, имараттарга киргенде бирден гана кирүү эрежеси иштеп жатат. Мекемелер, бала бакча, мектеп, университеттерди буга чейин эле жабышкан. Апрелге чейин жабылды деп угуп жатабыз. Негизинен вирустан улгайган кишилер көп каза таап жатканы айтылууда. Реанимациянын баары жык толгон, орун жок дешти.

Компанияларга иштердин көпчүлүгүн үйдө олтуруп аткаруу сунушу берилүүдө

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Компанияларга иштердин көпчүлүгүн үйдө олтуруп аткаруу сунушу берилүүдө

Би-Би-Си: Италиядагы кыргызстандыктардын болжолдуу саны канча?

А.Касымалиева: Бул жакта 2000дей кыргыз бар. Алардын дээрлик эле баары кары-картаңдарды багып иштешет. Азыр сүйлөшкөндө, автобуска олтурганда да кишилер ортосунда аралыкты сактагыла деп жатат. Менин бир курбум жумушуна үч сааттык жол жүрүп келчү. Анын кожейкеси "келбесең кой, автобуска түшө көрбө" деп жатыптыр. Ал үйүнөн чыкпай калды. Вирус чыкты дегенде эле азыркыдай көзөмөлдү киргизгенде, Италияга мынчалык жайылбайт беле дейм. Себеби, бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагы алдыңкы эсептелет эмеспи. Тилекке каршы андай болгон жок. Башында анчалык олуттуу кабыл албай, коронавирус деп бири-бирибизге тамаша кылып жатканбыз. Азыр болсо кадимкидей коркуп калдык. Бүгүн болсо элдин шаабайы сууп турат.

Италиядагы кыргызстандыктар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италиядагы кыргызстандыктар

Би-Би-Си: Италиядагы соңку абалды жалпыгоо маалымдоо каражаттары кандай чагылдырып жатат?

А.Касымалиева: Расмийлер саат сайын тынымсыз билдирүүлөрдү таратып жатышат. Өкмөт башчысы да байма-бай чыгып, "дүрбөлөң түшпөгүлө, биз баарын жайгарыбыз", "дары-дармек, тамак-аш деген кемибейт", "болгону талаптарды так сактап, кайда барбасын кезек менен бирден кирип чыккыла" деп жатат. Журналисттер аябай кеңири чагылдырууда. Мен теледен дагы бир маалыматты көрүп калдым. Дем алдыруучу аппараттар жетишпей жатат деп айтылды. Бир журналист "эгер дем алдыруучу жабдуулар жетпей жатса, жаштарга эле кам көрүп, алтымыш беш жаштан жогорулардын баарын өлүмгө түртүп жатасыңарбы?" деди. Ага жооп болгон жок. Ооруканага түз эле кирип барганга болбойт деди. Ооруп калгандар телефон чалып, кантип ооруп жатканын, оорунун белгилерин айтып берет экен. Ошого карап диагноз коюп, тез жардам өздөрү ошол дарекке барат.

Италияда жашап жаткан Анаркүл Касымалиева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италияда жашап жаткан Анаркүл Касымалиева

Би-Би-Си: Өзүңүздүн жагдайыңыз кандай?

А.Касымалиева: Мен жумушка автобус менен келчүмүн. Кечээтен бери ага түшкөндөн коркуп, жөө басып 20 мүнөттө келип жатам. Тимеле бири-бирибизден оолактап калдык. Буга чейин ар кимибизден эле шек санап калган элек. Эки күн болду, киши көрсөк эле жүрөгүбүз түшүп, бири-бирибизден жаа бою качмай. Тигине тээтиги жерде бир киши кетип баратат деп эле терезени тиктеп отурмай. Көчө аңгырап эле калды. Бүгүн эле бирөө менден качты, мен андан качтым.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус

Би-Би-Си: Ушу тапта Кыргызстанга кетели деп пландагандар барбы?

А.Касымалиева: Кетсек дегенде тим эле эки көзүбүз төрт болуп жатат. Уча албай калып, ушул жерде бир нерсе болсок деп акыйып калдык. Буга чейин үлгүрүп кеткендин баары, карантинге жатты деп уктук. 2-март күнү бир кыз кетмек болуп, кете албай калды. Билетин кайра алмаштырды. Себеби, Түркиядан ары өткөрбөй жатпайбы? Акыркы жылы Италияга Кыргызстандан келгендер аябай көп. Жаш-кары дебей эле агылып келип жатат. Бул жактан туруп караганда, эптеп эле бутун сүйрөгөндүн баары Кыргызстандан качып жаткандай элес калтырат экен. Деги ал жакта киши калдыбы деп жүрөк түшөт.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы