Алтынай Өмүрбекова: Менде коронавируска каршы дары бар деп алдагандар да бар экен

А. Өмүрбекова: Эгер ошол жарандарыбыз бизди алып кеткиле деген талапты койсо биз аларга ошол шартты түзүп беришибиз керек. Ал алардын укугу. Бирок, азыр Кытай Эл Республикасы Хуань шаарына карантин жарыялап, эч кимди киргизип, чыгарбай жатат.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А. Өмүрбекова: Эгер ошол жарандарыбыз бизди алып кеткиле деген талапты койсо биз аларга ошол шартты түзүп беришибиз керек. Ал алардын укугу. Бирок, азыр Кытай Эл Республикасы Хуань шаарына карантин жарыялап, эч кимди киргизип, чыгарбай жатат.
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кытайда коронавируска кабылгандардын саны алты миңге чапты. 132 киши көз жумду. Бүгүн Британиянын аба жолдору Кытайга бардык каттамдарды токтотконун жарыялады. АКШнын авиа компаниялары дагы дал ушундай кадамга барууну талкуулап жатышат. Вирус Кытай менен эле чектелбей дагы он алты мамлекетте да табылды.

Кыргызстандыктар өкмөт коргонуу чараларын жетиштүү жүргүзүп жатабы деген суроону кабыргасынан коюп турган чак. Өкмөт болсо Кытайдан тарап жаткан вирустун алдын алуу, коргонуу маселелери боюнча жыйындарды, иш-чараларды улантып жатканын айтууда.

Би-Би-Си бул боюнча Кыргызстандагы соңку кырдаал кандай деген суроо менен Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбековага кайрылды.

А. Өмүрбекова: Негизи чек ара 1-февралга чейин жабылган. Бул маселенин эконмикалык жагын да карашыбыз керек.

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А. Өмүрбекова: Негизи чек ара 1-февралга чейин жабылган. Бул маселенин эконмикалык жагын да карашыбыз керек.

А. Өмүрбекова: Өкмөт башчынын төрагалыгы алдында атайын штаб өттү. Анда Кытайдан келгендерден баштап, кокус кандайдыр бир шектүү учурлар, күмөндүү жагдайлар чыга турган болсо ким, кайсы мекеме эмне кылат, ишти эмнеден баштайт дегендин баарын тактап чыктык. Бир нече жолу жыйын да курдук. Кытайдан келгендерди кабыл алуу боюнча так чаралар бар. Мисалы, алар чек арадан киргенде эле милдеттенмелерди алып, атайын тил кат жазып берет. Анда жашаган жеримдеги ооруканада каттоого туруп, ал-абалым тууралуу күнүгө кабарлап турам деген сыяктуу так эрежелер бар. Кокус ошондой шек болуп калса кайсы ооруканага кайрылат, канча күн изоляцияда кармалат дегендин баарын уюштурдук.

Би-Би-Си: Адамдын дене табын аныктай турган тепловизорлордун айрымдары иштебей калып жатканы айтылууда.

"Манас" аба майданында сырттан келгендердин баарын тепловизор текшерип жатканы айтылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Манас" аба майданында сырттан келгендердин баарын тепловизор текшерип жатканы айтылды

А. Өмүрбекова: Тепловизорлордун бизде портативдүү, стационардык деген түрлөрү бар. Алардын кээ бирөө иштебей калып жатканы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен бизге маалымат келген жок. Техника деген техника эмеспи, балким ошондой учур болгондур. Бирок, көзөмөлдөөгө жетиштүү иштеп жатат. Биз алардын санын көбөйтүп, дагы сатып алуу чечимин кабыл алдык.

Би-Би-Си: Кытайдагы вирустун очогу болгон Ухань шаарында кыргызстандык 14 студент, 1 ишкер бар экени белгилүү. Аларды алып келүү же алып келбөө маселеси эмне болуп жатат. Өкмөттүн так чечими кандай?

Би-Би-Си: Кытайдагы вирустун очогу болгон Ухань шаарында кыргызстандык 14 студент, 1 ишкер бар экени белгилүү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Си: Кытайдагы вирустун очогу болгон Ухань шаарында кыргызстандык 14 студент, 1 ишкер бар экени белгилүү

А. Өмүрбекова: Эгер ошол жарандарыбыз бизди алып кеткиле деген талапты койсо биз аларга ошол шартты түзүп беришибиз керек. Ал алардын укугу. Бирок, азыр Кытай Эл Республикасы Ухань шаарына карантин жарыялап, эч кимди киргизип, чыгарбай жатат. Эгер чек ара ачылып, алар келе турган болсо коопсуздук үчүн 14 күн көзөмөлдө болуу, текшерүү сыяктуу зарыл чараларды кабыл алышы керек. Биз бул иштин баарын иштеп чыктык. Кокус алардын чыгуусуна уруксат берилсе, биздин элчилик эмне иш кылышы керектигин билет.

Би-Би-Си: Кытайдан келген 6 кыргызстандык Ысык-Атадагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Алар Кытайдын башка шаарларынан келдиби?

А. Өмүрбекова: Ооба, алар башка-башка шаарлардан келди. Үрүмчүгө келип, андан бери Хоргос аркылуу келишкен. Аларды коопсуздуктан улам көзөмөлдөө үчүн атайын жаткырдык.

Коронавирус

Би-Би-Си: Кытайдан эт ташууга чектөө коюлду, чек арасы убактылуу жабылды. Бул Кытайда жаңы жыл майрамын белгилөөгө байланыштуу кабыл алынган чечим эле. Чек араны жабуунун мөөнөтү дагы узарышы мүмкүнбү?

А. Өмүрбекова: Азырынча бул боюнча так чечимибиз жок. Негизи 1-февралга чейин жабылган. Бул маселенин экономикалык жагын да ойлонобуз. Соңку жагдайдан толук кабарыбыз бар. Чек араны жабууну узартуу же узартпоону коңшу мамлекеттер менен бирге кабыл алуу жагы да каралууда.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова

Би-Би-Си: Элди удургуткан маалыматтарды таратып жаткандар бар, чара көрүлөбү деген суроону да коюп жатышат

А. Өмүрбекова: Баарын угуп, көрүп атабыз. WhatsApp группаларда жалган маалыматтарды таратып жатышат. Анын баарын укук коргоо органдары көзөмөлдөйт. Ал тургай менде бул вируска дары бар деп маалымат таратып жаткан киши бар экени да белгилүү болду. Бир киши ооруп калыптыр, жашырып жатышыптыр деген суу кечпеген кептер бар. Жашырууга биздин эч кандай укугубуз жок, кандай болсо маалыматты так ошондой беребиз.