Европа чыгымдарын саноодо, божомолдор туура чыкты

Карантин миллиондогон европалыктарды жумушсуз калтырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карантин миллиондогон европалыктарды жумушсуз калтырды

Коронавирус жана карантин дүйнөнүн экинчи ири экономикасы - Европа Бримдигин терең кризиске кептеди.

Буга чейинки божомолдор туура чыгууда. Европа дүйнөнүн башка аймактарына караганда көбүрөөк зыянга учурайт. Анткени биримдиктеги өлкөлөр коронавирустан көп жабыр тартып, эң катаал карантин чараларын киргизүүгө аргасыз болду. Евростаттын соңку маалыматына караганда, ЕБ экономикасы 2020-жылдын алгачкы үч айында 3,5% кыскарган.

Мындай темп менен кетсе, жыл соңуна барып 13% төмөндөйт жана Европа эки трлн. евро чыгымга учураган болот. Ошол эле маалда ушунча суммадагы акчаны вирус жана кризис менен күрөшкө сарптоого туура келип жатат. Биринчи кварталдын жыйынтыгы алдыдагы кыйроонун ишараты гана. Эгерде экинчи квартал ичи дагы вирустун кесепети ушундай болсо, экономиканы кайра калыбына келүү жагдайы кыйын. Чыгымдар дагы эселеп көбөйө берет.

"Экономиканын төмөндөшүнүн чыныгы масштабы карантин канчага уланары жана бизнести жана калкты колдоо чараларынын канчалык ийгиликтүү болорунан көз каранды",-деди Европадагы борбордук банктын жетекчиси Кристин Лагард.

Экономика эмне үчүн төмөндөдү?

Мунун кыска жообу, албетте, карантин!

Биринчи кезекте туризм жана авиатейлөө тармагы катуу жабыр тартты

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биринчи кезекте туризм жана тейлөө тармагы катуу жабыр тартты

Көпчүлүк өлкөлөрдөгү ички дүң өндүрүмдүн өсүшүнө биринчи кезекте керектөөнүн ролу чоң. Карантин дал мына ушуга сокку урду.

Кишилер үйүндө олтуруп мурдагыдай акча иштеп таба алышпайт жана чыгымдары дагы мурдагыдай болбойт. Дүкөн, ресторандар убактылуу жабылып, туризм жана массалык чогулууга, анын ичинде спорттук, көңүл ачуучу иш чараларга тыюу салынды. Белек көтөрүп конокко барууга дагы болбойт. Мунун баары керектөөнү азайтат. Айталы, Францияда керектөө биринчи кварталда 6 пайызга кыскарган. Ал эми инвестиция 12 пайыз азайган экен.

Бизнеске акча салынбай жатат, кишилер мурдагыдай кыймылсыз мүлк сатып албай калды. Инвестициялардын бир бөлүгү убактылуу токтосо, кээси ошо бойдон биротоло жок болду. Ошону менен өнүккөн өлкөлөрдөгү ички дүң өндүрүмдүн эки негизги тирөөчүнүн солкулдашы - экономикасын артка тартууда. Буларга жасалма дем берип, колдоого алуу үчүн мамлекет каражат чыгымдашы керек. Мүмкүнчүлүгү жеткен өлкөлөр бюджеттен каражат бөлүп, колдоо көрсөтүүдө. Алар жеке кишилерге жөлөк пул, бизнеске жеңилидик, насыялар, колдоо үчүн каражаттарды салууда.

Коронавирус Европа экономикасынын негизги кыймылдаткычын керектен чыгарды. Төрт гиганттын ичинен жалгыз гана Германиянын жоготуулары аз болду. Ал эми Франция, Италия жана Испанияда вирус жуктургандар жана өлүм-житим өтө жогору болду. Ошондон улам карантин чаралары дагы катаал эле. Анын арты экономикалык жоготууларга алып келди. (AbA)