Кыргызстанда аба каттамдары качан жанданары белгисиз

Сүрөттүн булагы, airport.kg
Кыргызстандык авиакомпаниялар качан ишин жанданта турганы белгисиз.
"Бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Аба каттамдарын жандантуу тууралуу чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн республикалык штаб кабыл алат. Азыркы учурда чартердик каттамдар гана келип жатат",- деди Эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова.
"Манас" аэропортуна жекшембиде Fly Dubai авиакомпаниясына таандык чартердик каттам аркылуу 177 кыргызстандык учуп келди. Чартердик каттам менен келгендерди обсервацияга жөнөтүп жатышат.
Кыргызстандын "Манас" эл аралык аэропорту марттын орто ченинде эле коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар эл аралык каттамдарды убактылуу токтоткон эле. 17-мартта "Түштүк Кытай авиалиниялары" (China Southern Airlines), "Флай Дубай", "Эйр Арабия" (Air Arabia), "Эйр Астана", "Өзбекстан аба жолдору" (Uzbekistan Airways), "Авиа Траффик Компани" сыяктуу бир нече авиакомпаниянын каттамдары токтотулган. Андан көп өтпөй ички каттамдарды дагы убактылуу токтотту.
Орусиялык авиакомпаниялар ишин жандантабы?

Сүрөттүн булагы, DPA/PICTURE-ALLIANCE
Шаршембиде Орусиянын президенти Владимир Путин жарандык авиацияны колдоо боюнча жаңы чараларды жарыялады.
Бул тармак пандемиядан биринчилерден болуп эң оор сокку алды. Орусияда эки компания каттамдарын жанданта турганын билдирди.
"Победа" авиакомпаниясы 1-июндан тарта өлкөнүн ичиндеги 73 каттам боюнча билеттерин сатыкка чыгарды.
"Azur Air" дагы 1-июндан Сочиден Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Казан жана Уфа боюнча каттамдарын жанданта турганын билдирди.
Орусия эл аралык каттамдарын 26-мартта токтоткон.
Кан буугандай токтогон аба каттамдары жана чыгымдар

Дүйнөнүн эң ири шаарларындагы аба каттамдары 2020-жылдын апрелинен тарта дээрлик учпай калды.
Аба каттамдарын көзөмөлдөгөн Flightradar24 аркылуу муну дароо байкаса болот. Би-Би-Си коронавирус пандемиясына байланышкан кризис дүйнөлүк авиациялык каттамдарга кандай таасирин тийгизгенин айтып берет.
Бул жылы авиакомпаниялардын кирешеси өткөн жылга салыштырганда 314 млрд долларга төмөн болот деп болжойт Эл аралык аба транспорт ассоциациясы (IATA).
Марттын башында IATA максималдуу жоготуулар 113 млрд долларды түзөт деп баалаган эле.
Биз бир жарым ай мурун эле ушул темага кайрылган элек. Анда февралдын жарымынан марттын жарымына чейинки абал тууралуу айтып бергенбиз. Карап көрүңүз:Асман бошоп, аба майдандары ээнсиреди
Апрелде көп өлкөлөр карантин чараларын катаалдаштырган соң авиабилдирүүлөр толук өзгөрүүгө кабылды. Айрым ири шаарларга учкан учактарды февралда көбүрөөк көрсөк, апрелде кан буугандай токтоду.
Жарандык авиациядагы учактарга байкоо салган Flightradar24 маалыматтары аркылуу кризисти даана көрүүгө болот.
Көк түстөгү белгидеги учактар спутник аркылуу байкоого алынгандар. Жердеги станциялар аркылуу көзөмөлдөнгөндөр саргыч түстө.
Сүрөттүн ортосундагы белгини эки жакка жылдырыңыз.
Москва
Орусия баш калаасы Москвадагы аэропорттор ички каттамдарды гана тейлеп жатат. Бирок Росавиация 27-апрелден тарта чет өлкөгө каттамдар жандана турганын айткан. Бул график 5-майга эсептелген. Каттамдар Тель-Авивден, Рим, Мале, Коломбо, Бангкок, Пхукет, Камрань жана Шанхайга жанданат.
Лондон
Асманда көлөмдүү авиалайнерлер азайып, чакан учактар жана бизнес-жеттер көбөйгөнү көрүнүп турат.
Киев
Киевдин аэротүйүнү бопбош калды. Flightradar24 маалыматтары айрым күндөрү Жуляныдан жана Борисполь аэропортунан мурда такай ишке ашып келген каттамдар кан буугандай токтоп калганын көрсөтөт.
Италия жана Балкан
Коронавируска байланыштуу Италиядагы кырдаал Европа боюнча эң оор деп бааланып келди. Акыркы күндөрдө гана кырдаал бир аз турукташты. Вирустан каза тапкандар саны төмөндөп, өкмөт карантин чараларын жеңилдетүүнүн жолун караштырууда. Бирок мунун азырынча авиацияга тиешеси жок.
Атлантика
Түндүк Америкадагы жарандык авиациянын ички каттамдарындагы интенсивдүүлүк көп деле бошоңдоп кеткен эмес. Бирок трансатлантикалык коридор бопбош калганы байкалып турат.
Кытай
Кытайлык авиация дагы эл аралык аба каттамдарын толук токтотуп, бир топ эле чыгымга учурады. Азия-Тынч океан регионуна жүргүнчү ташуу өткөн жылга салыштырганда 50 пайыз кыскарган. Бирок ички каттамдарды оор жагдайга кабылды деп айтууга болбойт. Мунун эсебинен өтө оор кырдаал түзүлгөн жок.
Баку
Гейдар Алиев атындагы аэропорт Европа менен Кытайга жүк ташыган бир нече каттамдарды гана ишке ашырып жатат. Бул өлкө аркылуу аба коридорлорунун бири өтөт эмеспи. Ошондуктан Бакунун аба мейкиндигинде учактар көп болушу керек эле. (AbA)
*












