Эмне үчүн Италияда коронавирустан каза тапкандар саны өсүүдө?

Полицейский в Италии

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Николай Воронин
    • Role, Би-Би-Си

Коронавирус эпидемиясынын эң оор соккусу Италияга тийди. Өлкөдө SARS-CoV-2 кеминде 7500 кишинин өмүрүн алды. Бул Кытайдагы абалдан эки эсе жогорку көрсөткүч.

Расмий сандар коронавирус инфекциясы аныкталгандарга гана негизделген. Реалдуу сандар балким мындан көп болушу деле мүмкүн.

Эмне үчүн дал ушул өлкөдө эпидемия тездик менен өөрчүп, жоготуулардын саны кескин өсүп кетти?

"Covid-19 илдетинен өлгөн ар бир кишиге - эч кандай тесттен өтпөй эле пневмониядан үйүндө жатып каза тапкан үч киши туура келет",-деп билдирди Ломбардиядагы Бергамо шаарынын мэри Жоржо Гори.

Бейшембиде Ломбардия провинциясында вирус жуктургандар саны 32 миңден ашты. Дүйшөмбүдө эки миңдей жаңы учур катталып, төрт жүз киши көз жумганы айтылган. Ошондон бери расмийлер жайылуу темпи төмөндөдү деп маалымдап жатышат. Бирок Италиянын дарыгерлер бирикмесинин басма сөз катчысы Паола Педрини иш жүзүндө кырдаал абдан оор деп айтты.

"Тесттен өтпөй жүргөн, бирок вирус жуктуруп алгандарды биз алгачкы аптада расмий статистикадан беш эсе көп болушу мүмкүн деп болжогонбуз. Азыр эми 10 эсе болуп кетишинен күмөн жок",-деди ал.

Эгерде Педрининин эсеби туура чыкса, сандар кескин көбөйөт. Италияда азыркы маалда Covid-19 диагнозу 75 миң чамалуу бейтапка коюлду.

Эмне үчүн дал ушул жерде эпидемия тездик менен өөрчүп жатат? Буга азыр так жооп жок. Бирок бир нече божомолдор бар.

Итальянские врачи

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Байкалбаган эпидемия: жашырынган вирус

Италияда биринчи жолу Covid-19 диагнозу 20-февралда Ломбардиянын Кодоньо шаарында коюлду. Ошол эле маалда дүйнө жүзү боюнча статистика 70 миңдин тегерегинде эле жана алардын дээрлик 90 пайызы Кытайда болчу.

Бир айдан кийин Covid-19 катталган учурлар Италияда 50 миңге чамалады жана бейтаптардын төрт миңге чукулу көз жумду.

Италиялык окумуштуулар тобу мындай секирикке 20-мартта түшүндүрмө берди. Алардын изилдөөсү боюнча SARS-CoV-2 диагнозуна чейин эле Ломбардиянын көп шаарларын вирусту жуктурган кишилер аралап кеткен экен. Вирусту жуктуруп алган ар бир киши кеминде үчөөнө жуктурган.

Изилдөөгө алынган бейтаптардын орто курагы 69 жашта. Бирок алардын арасында бир айлык ымыркай жана 101 жаштагы кемпир бар экенин эске алуу керек. Вирус жуктургандардын жарымына жакынын ооруканага түшкөн. Кийин ар бир бешинчи бейтапты реанимацияга которушту.

Изилдөөнүн авторлору вирустун жайылышы кайсыл убакытта башталганын ачык көрсөткөн эмес. Болгону "20-февралга чейин" деп эле белгилеп өтүшкөн.

Филадельфия университетинин профессору, биолог Энрико Буччи тагыраак жана ачык хронология түзүүнү сунуштайт. Анын айтымында, SARS-CoV-2 Италияга декабрдын орто ченинде эле келген болушу мүмкүн.

Профессор декабрдын соңку апталарында Пьяченца шаарындагы ооруканада бир эле учурда 40 бейтап өпкөсү шамалдап дарыланганына көңүлү бурууда.

Венеция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ажалдын чалгысын кармаган тумоо

Италияга коронавирус качан жеткени белгисиз. Генетикалык анализдер Кытайдан келгенин көрсөтүүдө. Балким башка өлкөлөргө деле биринчи жолу декабардын орто ченинен тарта жайыла баштагандыр. Бирок дал ушул Италияда инфекция өзгөчө өөрчүп жатат.

Акырыкы жылдары сезонддук грипптен көз жумгандар көрсөткүчү боюнча, өзгөчө улгайгандар арасында (65+) Италия орточо европалык көрсөткүчтү болжолу эки эсеге ашкан экен.

Италия

Сүрөттүн булагы, AFP

Өткөн жылдын ноябрында италиялык дарыгерлер тобу 2013-2017-жылдары грипптин эпидемиясынан 70 миң киши каза тапканын эсептеп чыккан.

2016-2017-жылдары кыш мезгилинде грипптен өлгөндөр 100 миңге 40 учур болуп көйбөйгөн.

Мунун бир нече түшүндүрмөсү бар. Биринчиден, калктын орточо жаш курагы.

"Италияда жуктургандардын көбү карыялар жана ден соолугу начар бейтаптар экенин эске алганда, өлүм-житимдин өсүп кеткенин күтүүсүз деп айтууга болбойт",-деп жазат изилдөөчүлөр.

Эгерде коронавирус жуктурган италиялык бейтаптардын орточо курагы 63 жашты түзсө, Германияда 45 жаш.

Экинчи болжолдуу себеп - Италияда антибиотиктердин көп колдонулушу. Бул каражаттар вируска таасир этпейт, бирок оор абалдагы бейтаптын жагдайын андан бетер оорлоштуруп коюшу мүмкүн.

Евробиримдиктеги башка тургундарга караганда, италиялыктар орточо эсептегенде бир жарым эсе антибиотик көп колдонушат. Мал кармаган италиялык фермерлер дагы ЕБнын башка өлкөлөрүнө салыштырганда, антибиотиктерди көп колдонот.

Жалпылап айтканда, жогоруда белгилеп өткөндөй коронавирус үрөөнү Италиядагы даярдалган жерге түшүп өнүп баштагандай.

Ал эми эпидемиянын кеңири жайылышына көпчүлүк эксперттердин пикиринде, 19-февралда Миланда өткөн футбол беттеши себепкер болду.

Беттешке Бергамодон 50 миңдей күйөрман келген жана алардын басымдуу бөлүгү коомдук транспортту пайдаланган. Эртеси күнү эле коронавирус жуктурган биринчи бейтап аныкталды. (AbA)