Планета калкынын төрттөн бири карантинде

Полицейские в Италии с дороном

Сүрөттүн булагы, EPA

Индиядагы катаал чаралардан кийин 7,8 млрд планета калкынын кеминде төрттөн бири карантинге алынды.

Испанияда коронавирустан көз жумгандар саны мурунку көрсөткүчтөн ашып түштү. Италия ооруну алдын алуу үчүн улам катаал чараларды көрүүдө. Ал эми Британиянын парламенти бир айга жумушун токтотту.

Руанда, Калифорния, Жаңы Зеландия, Нью-Йорк - бүтүндөй Жер шарында заводдор убактылуу жабылып, шаар көчөлөрүндө кыймыл токтоду.

Бейшембиден тарта Түштүк Африка республикасы дагы карантин чараларын киргизүүнү чечти. Өлкө калкы 21 күн зарылчылыгы болбосо, сыртка чыкпай олтурууга тийиш.

Мындан мурун ушундай эле чарага Индия барды.

БУУ жакыр өлкөлөргө жардам көрсөтүү үчүн атайын фонд ачты. Уюмдун мүчөлөрүнө Covid-19 менен күрөшүүдө эң жакыр өлкөлөргө жардам көрсөтүү өтүнүчү айтылды.

Британ тактысынын мураскору канзаада Чарльздан коронавирус чыкканы белгилүү болду. Аны тесттин жардамы менен аныкташкан.

Өткөн аптада Британияда көптөгөн метро станциялары жабылды

Сүрөттүн булагы, NurPhoto

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн аптада Британияда көптөгөн метро станциялары жабылды

Букингем тараткан расмий билдирүүдө 71 жаштагы канзаада өзүн жакшы сезип жатканы кабарланды.

Ошол эле маалда Лондон коомдук транспортту өтө зарыл учурда гана колдонууга чакырып, ага көзөмөлдү күчөттү.

Британ баш калаасында вирусту жуктуруп алгандар саны үч миңге чамалайт. Ал эми өлкө боюнча сегиз миң киши жуктуруп алган.

АКШ: Нью-Йорктун губернатору жардам сурады

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо басма сөз жыйынын өткөрүп, президент Трампка жана Ак үйгө кайрылды. Ал штаттын ооруканаларына кошумча дарыгерлерди жана жабдыктарды жөнөтүүнү талап кылды.

АКШдагы вирус жуктургандарждын дээрлик жарымы Нью-Йоркко туура келет.

Полицейский в Нью-Йорке

Сүрөттүн булагы, NurPhoto

Губернатор конгресстин каржылык жардам иретинде эки триллион доллар пакет бөлгөн чечмин сынга алды. Куомонун айтымында, бул жардамдын 1,3 млрд чамалуусу Нью-Йорктун үлүшүнө тийет. Бирок штат коронавирус менен күрөшкө азыр эле 3,8 млрд доллар сарптады.

Испаниядагы кейиштүү абал жана Европадагы кырдаал

Сарагоса

Сүрөттүн булагы, EPA

Өткөн суткада Испанияда Covid-19 вирусунан 738 киши көз жумду. Жалпысы болуп жоготуулар 3434 кишиге жетип, пандемия башталгандан бери коронавирусту 47610 киши жуктуруп алган.

Пандемиядан эң катуу жабыркап жаткан Италия болсо карантин чараларын бузгандарга жазаны катаалдаштырды.

Коронавирус аныкталгандан кийин өзүн изоляциялоо режимин бузгандарга бир нече миң евро айып пулдан тарта, беш жылга чейинки абак жазасы күтөт.

Covid-19 вирусунан каза тапкандар саны миңден ашкан өлкөлөрдүн бири - Франция болуп калды.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын жетектеген Жером Саломондун айтымында, жоготуулар саны мындан дагы көп болушу мүмкүн. Анткени ооруканада көз жумгандар гана расмий стаитистикага кирген. Окумуштуулар карантинди дагы узартуунун сунуштап жатышат.

Азия: Индиядагы карантин жана базарлардагы кырдаал

Толпа людей

Сүрөттүн булагы, Getty Images

25-марттан тарта Индияда бүт өлкө боюнча абсолюттук карантин жарыяланып, штаттар, округдар жана райондор ортосунда чек аралар жабылды. Премьер-министр Нарендра Моди элге кайрылып, ар бир штатты, ар бир округду, керек болсо ар бир айылды өзүнчө обочолонууга чакырды.

Өлкө бийлиги 1,3 млрд калкын 21 күн үйдөн чыкпай олтурууга буйруду. Би-Би-Си кабарчыларынын билдиргендей, кишилер дүрбөлөң түшүп, дүкөндөр бош калган. Мындай абал калктын жакыр катмары үчүн чоң сокку болду. Анткени алардын көбү тейлөө тармагында иштеп күнүмдүк оокаттарын таап келген. Кызматчы, сатуучу, курулуш тармагында иштегендердин көбүндө эч кандай медициналык камсыздандыруу жок. Ошондуктан аларга эмгек өргүүсү үчүн же ооруп калса акча төлөнбөйт.

Ал ортодо Азиянын каржы базары АКШ президенти Дональд Трамп жана Сенаттын калкка жана бизнеске жардам иретинде 1,8 трлн доллар бөлгөнүн жылуу кабыл алды.

Биржевые котировки

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Шаршемби күнү жапониялык Nikkei индекси 7,9% өстү, Гонконгдогу Hang Seng - 3,4% жана австралиялык ASX - 5%.

АКШнын каржылык жардам пакети инвесторлорго үмүт берди. Карантинден улам чоң соккку алган экономиканы жөнгө салат деген ишеним жаралды.

"Чоң жетиликтин" тышкы иштер министрлери видеоконференция өткөрүп, коронавирус пандемиясы менен күрөшүү планын талкуулады. "Чоң жыйырманын" ушул эле маселе боюнча талкуусу бейшембиде өтөт.

Би-Би-Си кабарчысы Жонатан Маркус кризистен улам глобалдык экономика өтө оор басымга кабылды дейт. Ошондуктан эл аралык коомчулуктун реакциясы координацияланган болушу керек. (AbA)