"Медкызматкерлер жаңы мыйзам менен коргоого алынаарына ишенбей турушат"

Дарыгерлер жетишпей жатат

Сүрөттүн булагы, Med.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда абал курчугандыктан дарыгерлер жетишпей жатат
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча абал курчугандыктан бир топ көйгөйлөр бар экенин жарыялады. Орундуктар тартыш. Бишкектеги Улуттук аскердик лицейдин жатаканасында 150 орун даярдалып жатат. 220 жасалма дем алдыруучу аппаратка, 2003 кислород жабдыгына муктаждык бар. Андан сырткары медициналык адистер жетишпейт.

Ал тапта "Медициналык кызматкердин статусу боюнча" мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Ага президент 29-июнда кол койду. "Бул мыйзам иштеп кетсе, медкызматкерлерге чоң стимул болот", деп эсептейт далилдөөчү медицинанын өкүлү Бермет Барыктабасова. Би-Би-Си аны менен маек куруп, адегенде мыйзамдын эки беренесине кирген өзгөртүүлөр медкызматкерлерди коргоого канчалык жетиштүү деп сурады.

Бермет Барыктабасова: Бул абдан ири жардам, чоң жылыш. Юристтер мыйзамдарды карап чыкканда медкызматкерлер тууралуу шилтеме берген нормалар гана болгон жана мыйзамдуулук иштеген эмес. Эми өзгөчө кырдаал учурунда аларга кенемте, кошумча айлык төлөнөт жана алардын эмгеги бааланат деген үмүт пайда болду. Анткени медкызматкерлер өтө чоң тобокелчилик менен иштеп жатышат. Башында коргонуу каражаттары жок болду, болгон күнү да колдонууну билбеген боюнча иштеп жатышты, анткени өкмөт буга чейин бир да мындай каражаттарды алып берген эмес. Биринчи күндөрү, айрым жерде азыр деле кызматкерлер андай кийим-кечелерди, тамак-ашын өздөрү сатып алып, жол киресин жанынан төлөп иштеп жатышат.

Мыйзамга ылайык, кооптуу жерде иштегендер төрт айлыгын, ооруп калса он айлык акысын алат. Бул чоң жылыш. Бирок көп медкызматкерлер ишенген жок. Ошондуктан мен өкмөт мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөш керек деп эсептейм. Кошумча айлыктар болсо баарына тегиз, учурунда берилген жок. Көпкө чейин албаганын айтышып, ызы-чуу учурлар көп болду, азыркыга чейин уланып жатат. Медкызматкерлер кайсы топко кирет, канча алат, ким алат деген суроолор болду.

Бермет Барыктабасова

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бермет Барыктабасова

Би-Би-Си: Медкызматкерлер айлыгына кошумча акча алып жатышканын айтышкан, бирок илдетти жугузгандар кенемтени такыр ала электигин билдирип келишти. Эми алып жатабы?

Бермет Барыктабасова: Жалпы ооругандардын 47сине бөлүп бердик деп расмий айтышты, бул 10 пайыздан да аз. Вирусту жуктурган медкызматкерлер көп. Арасында абалы оорлор, жасалма дем алып жаткандар бар. Иликтөөлөр жүрүп жатат дешти. Үйүндө жуктургандар да кездешет. Эми булардын баарын бөлүштүрүп чыгыш кыйын.

Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасында эки-үч ай үйүнө барбай иштегендер бар. Алар сөз жок жумушта жугузду.

Ооругандарга гана эмес, башынан бери очокто иштеп жаткан медкызматкерлерге кошумча акчасын бербеген же кесип койгон учурлар бар. Макул, апрелге, мартка алышты. Бирок андан кийинки айлар калып кетти. Же, мисалы, 48 миң бериш керек болсо, ордуна 29 миң сом төлөп койгон окуялар катталды. Ошондой эле дарыгерлерден башка, орто, кенже медкызматкерлер албай калган. Алар биринчи кезекте вирусту жуктуруу корунучу менен иштешет.

Би-Би-Си: Тез жардам жана башка мекемелерде кызматкерлер жумуштан чыгып кетип жатканы жөнүндө эл арасында сөздөр жүрөт. Бул канчалык чын?

Бермет Барыктабасова: Андай деп айта албайм. Ооба, азыркы коркунучтан, кыйынчылыктан улам жумуштан чыгууну каалагандар да болду. Бирок алар ишин таштабайт. Анткени медкызматкерлер калктын коргоого алынбаган катмары. Кыпындай маяна алышат, ошол эле учурда алар башка жумуш жасаганды билбейт. Соодага же бизнеске үйрөтүлгөн эмес. Кайсы бир бөлүгү башка тармакка мурда кеткен, бизнесмен болушту.

Медкызматкерлер

Сүрөттүн булагы, Med.kg

Өлкө боюнча 73 миң медкызматкер, ичинде болжолдуу 13 миң дарыгер, 30 миңден ашык орто кызматкер жана башка персоналдар бар. Бул өтө баалуу кызматкерлер. Арасында жаркыраган, жакшы адамдар көп. Советтер союзунан бери жаңыланбаган системада азыркыдай оор жүктү көтөрүп, кетип калбай иштеп жатышат.

Би-Би-Си: Ак халатчандардын укугун коргоо үчүн профсоюз иштеш керек деген чакырыктар айтылып, анын башына сизди алып келүү үчүн кол топтолуп жатат. Медкызматкерлердин укугун кантип коргош керек?

Бермет Барыктабасова: Алардын укугун менин коргой алышыма ишенген дарыгерлер петицияга кол чогултуп жатышат. Биз профсоюз эмне жумуш жасап жатканын көргөн жокпуз. Бирок биз - ар түрдүү адистер чогулуп алып медкызматкерлердин укугун коргоого аракет кылып жатабыз. Медкызматкерлер көп учурда укуктук маселелерди түшүнө бербейт. Мен өзүм көргөн көйгөйгө реакция кылып жаттым. Адегенде медкызматкерлердин коргонуучу каражаттары жок деп маселе көтөрдүк. Медицина өзү коопсуздуктан башталыш керек. Медперсонал биринчи иретте өзү корголгон болуш керек. Бирок андай жок болуп чыкты. Биз ал каражаттар кандай, сапаты кайсы деңгээлде болуш керектигин билчүбүз. Мен мурда ушул боюнча иштедим эле.

Жогоруда айтылган мыйзамда эки берене өзгөртүлүп, өзгөчө абалда иштеген медкызматкерлерге кенемте төлөө, иштөө шартын түзүп берүү жана алар ооруп калса акысыз дарылоо каралган.