Коронавирус: оорунун белгиси байкалбаган кишилер вирусту көп таратууда

Illustration: man on train

Дүйнөнү коронавирус пандемиясы кучагына алып, коркунуч улам күчөп турганда окумуштуулар вирусту ийне-жибине чейин иликтөөгө аракет кылып жатат. Бирок барган сайын вирустун кооптуу жана кызыктай жагдайлары ачыла баштады.

Ооруну жуктуруп алгандардын көбүндө жөтөл, табиттин жоголушу, даам жана жыт сезүү жоголуп, температура көтөрүлгөнү байкалган. Бирок айрымдардан инфекция эч кандай белгилери жок эле өтүүдө. Алар Covid-19 алып жүргөнүн өздөрү дагы, башкалар да билген эмес.

Изилдөөчүлөр мына ушул жагдайга көңүл бурууга чакырууда. Көптөр эч кандай оорунун белгилери жок эле, вируска кабылып калышат. Чынында ушундай "байкалбай вирус таратуучулар" эсебинен сандар өсүүдө деди окумуштуулар.

Кытай биринчилерден болуп массалык түрдө тест алууга өттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай биринчилерден болуп массалык түрдө тест алууга өттү

Ар башка изилдөөчүлөр оорунун белгиси байкалбай өткөргөндөр саны тууралуу бири-биринен айрымаланган маалыматтарды берип жатышат. Бул бештен сексен пайызга чейин болушу мүмкүн дейт Оксфорд университетинин профессору Карл Хенеган. Ал кесиптештери менен бул тема боюнча жасалган 21 изилдөө менен таанышып чыгып ушундай тыянакка келген.

Кытайда өткөрүлгөн иликтөө жыйынытыгы дагы көптөрдү чочулаткан кооптуу коңгуроо болуп калды. Анда чынында эч кандай белгиси байкалбай вирусту жуктуруп алгандар, илдет аныкталгандарга караганда көбүрөөк деп айтылат.

Ошондуктан мындай "байкалбаган вирус таратуучуларга" өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ушуларды көзөмөлдө аркылуу оорунун жайылышын оздуктоо керек деп айтууда изилдөөчүлөр.

"Даймонд принцесс" лайнериндеги кырдаалды изилдеген окумуштуулар тобу оорунун белгиси байкалган бейтаптар вирусту таратуунун негизги булагы болуп калганы менен симптому жок жүргөндөр көбүрөөк жуктурат деген тыянакка келген.

Профессор Нил Холл бийликтин катуу аракеттерине карабай азыркы эпидемияны симптому жок вирус алып жүгөндөр күчөтүп жатканын белгиледи.

"Эгерде кишилер өзүн оорулуу сезбесе, өзү да байкабай вирусту таратып жүрө берет",-деди окумуштуу.

Кытай биринчилерден болуп массалык түрдө тест алууга өттү. Ушундай жол менен гана жуктуруп алгандарды аныктап, анда белгилери барбы же жокпу, ага карабай чара көрүүгө аракет кылууда.

Мындай мамиле биринчи жолу вирустун очогу болгон Уханда колдонулду. 9 күндүн ичинде 6,5 млн тургун тесттен өтүп, байкалбай жүргөн вирус алып жүрүүчүлөр аныкталган.

Көп өлкөлөр милдеттүү түрдө беткап тагууга чакырууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көп өлкөлөр милдеттүү түрдө беткап тагууга чакырууда

Карантин чаралары алынгандан кийин көп өлкөлөрдө абал курчуп кетти. Анткени барган сайын эл чогулган жайларда кимдин вирус алып жүргөнүн билүү мүмкүн эмес болуп калды.

Мына ушундай абалдан улам өлкө бийлиги жарандарына эскертүүлөрдү берип, социалдык аралыкты сактоо, беткап тагуу, колду тынымсыз жууп туруу, зарылчылык болбосо үйдө олтурууга чакырып жатат.