"100 күндөн бери жээкке түшө элекпиз": саякат кемесинде иштеген Айсалкын

Саякат кеме

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Эрмек Максутова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз Кызматы

Коронавирус учурунда дүйнөдөгү саякат кемелери токтотулуп, карантинге алынды. Көптөгөн өлкөлөр өз жарандарын чыгарып кетишкен.

Саякат кемелеринен жүргүнчүлөрдү чыгарып кетишкени менен кызматкерлер карантинде калды. Алар кемеден түшпөй жээкте турушат. Биз Англия жээгинде токтоп турган Marella Discovery кемесинин кызматкери Айсалкын Бабалиева менен маектештик.

Би-Би-Си: Айсалкын, силерге жээкке чыгууга болобу?

А.Бабалиева: Тилекке каршы, кемеде иштеген кызматкерлер карантин учурунда жээкке түшө албайбыз. Биз атайын эрежелерди сакташыбыз керек.

Би-Би-Си: Анда жээкти сагынып калсаңар керек. Сиз иштеген жана башка кемелерде дагы кыргызстандыктар иштейби?

А.Бабалиева: Ооба, кыргызстандык жаштар абдан көп. Мисалы, биздин Marella Discovery кемесинде жыйырмадай кыргыз бар. Андан сырткары дагы азыр Саутгемптон портунда көптөгөн кемелер токтоп турат. Ал жакта дагы кыргыздар көп, биз дайыма байланыштабыз.

Би-Би-Си: Силер Кыргызстанга кайтып баруу аракетин көрүп жатасыңарбы?

А.Бабалиева: Албетте, көрүп жатабыз. Кечээ күнү жээкке чыга элегибизге 100 күн болду. Суу үстүндө токтоп турган кемеде изоляциядабыз. Кыргызстанга кетүү аркетин көрүп, элчилик менен байланышта болуп жатабыз.

Би-Би-Си: Кыргызстан деңиз өлкөсү эмес. Ошентсе дагы эл аралык саякат кемелеринде көптөгөн кыргызстандыктар бар экен. Тоолуу өлкөдөн болуп туруп, деңиз кемелеринде кантип иштеп калдыңар?

А.Бабалиева: Биринчиден, жаштардын максатына жараша болсо керек. Бишкекте жүргөндө башка өлкөнү көрүп, материалдык жактан каражат топтогуң келет. Интернеттен кеме тууралуу маалыматтарды алганбыз. Кыргызстанда, Украинада көптөгөн агенттиктер бар. Алардан алгачкы сынактан өтүп, англис тилин үйрөнүп, анан кийин келип калдык. Албетте, тоолуу жерден келгендиктен биринчи учурларда кыйын болду. Адам баарына көнөт экен, көнүшүп кеттик.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Би-Би-Си: Эл аралык кемелерде иштөө үчүн кандай шарттарды аткаруу керек?

А.Бабалиева: Биринчи кезекте англис тилин билүү зарыл. Ден соолук бекем болушу керек. Украинадагы атайын ооруканалардан текшерүүдөн өткөнбүз. Үчүнчүсү, чет жакта иштеген же окуган тажрыйба болушу керек.