"Дүрбөлөң түшпөө керек": Кыргызстан инфекциянын жайылышын токтото алабы?

Медкызматкерлер

Сүрөттүн булагы, Med.kg

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар саны 10 миллиондон ашты. Вирустан 500 миңге чукул киши каза таап, пандемия башталгандан бери 5 млн. киши айыгып чыкты.

Вирус жуктуруп алгандар саны боюнча АКШ биринчи орунда (2,5 млн), анын артынан эле Бразилияда (1,3 млн) абал курч, Орусия (600 миң), Индия (500 миң) жана Британия (300 миң) коронавирус эң көп жайылган өлкөлөр болуп калды.

Каза тапкандардын дагы эң көбү -125 миң киши АКШда болду. Бул өлкөдө күн сайын 40 миңдей киши вирусту жуктуруп алууда.

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жарымы АКШ менен Европага туура келет. Бирок азыркы маалда жаңы учурлар Борбордук жана Түштүк Америкада күч алды. Ошондой эле эпидемиянын жайылышы Азия менен Африкада дагы жаңы деңгээлге чыгууда. Адистер июлдун соңуна барып анан эпидемия эң жогорку чегине чыгышы мүмкүн дейт.

Акыркы аптада бир миллион жаңы учур катталды.

картасы

Дуйнө боюнча тастыкталган учурлар

Group 4

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Булак: Жон Хопкинс университети (Балтимор, АКШ), Жергиликтүү бийлик

Соңку жаңыланышы 2022-ж., 5-июль 13:59 GMT+6

Ал ортодо айрым өлкөлөрдө абал курчуп кетти. Анын ичинде Казакстан менен Кыргызстанда бир апта ичинде жаңы учурлар кескин өстү.

Кыргызстанда акыркы суткада Сovid-19 инфекциясынын жаңы 269 учур катталып, дагы үч киши каза тапты. Жаңы учурлардын көбү мурдагыдай эле Бишкек шаарынан - 138.

  • Чүй облусу - 43
  • Ош ш. - 23
  • Ош облусу - 6
  • Нарын облусу - 4
  • Жалал-Абад облусу - 26
  • Ысык-Көл облусу - 16
  • Талас облусу - 9
  • Баткен облусу - 4
map

Сүрөттүн булагы, official

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 44 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган:

  • Бишкек ш. - 23
  • Чүй облусунда - 14
  • Ысык-Көл облусунда - 4
  • Жалал-Абад облусунда - 2
  • Талас облусунда - 1

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында - 783 учур катталды, алардын ичинен 431 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Эл дүрбөп, саламаттыкты сактоо тармагынын чабал аракеттерине толтура сын айтылууда. 103 жана 118 кызматтарына кайрылган жарандар саны көп болуп, алар жетишпей калганы талкуу жаратты. Алдыда өлүм-житим көбөйүп кетиши мүмкүн деген чочулоо бар. Өлкөнүн премьер-министри Кубатбек Боронов кайрылуу жасап, Covid -19 менен күрөшүүдө ар бир жарандын жардамы маанилүү деди.

премьер-министри Кубатбек Боронов

Сүрөттүн булагы, official

"Кооптуу вирус ар бирибиздин өмүрүбүзгө коркунуч жаратып арабызда жүрөт. Оорунун белгиси билинбей инфекцияны алып жүргөндөр өтө көбөйдү. Көбүнесе вирустун бар экенин байкабай, адам кокусунан аны жайылтуучу болуп калып жатат. Бул илдетти жугузгандардын санынын күн сайын өсүшүнө алып келүүдө. Биз дарыгерлер менен биргеликте ар бириңиздерден мүмкүн болушунча үйдө болууну өтүнгөнүбүз бекеринен эмес. Бул сиздин жана жакындарыңыздын саламаттыгы үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү. Медицина кызматкерлеринин жөнөкөй талаптарын кармануу көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала алат", - деп кайрылды премьер-министр Кубатбек Боронов.

"Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, адамдар көп жыйналган жерлерге барып жүрүштү. Дал ушул нерсе бүгүнкү биз күрөшүп жаткан абалга алып келди. Бирок азыр дагы адистердин сөзүн угуп, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай турууга кеч эмес. Бул айрыкча жашы улгайган, тобокелдик жогору зонадагы жарандарга тийиштүү. Эң башкысы - дүрбөлөң түшпөө керек. Дүрбөлөңгө түшүү коркуу сезимин жаратып, натыйжада башаламандыкка алып келет. Ошондуктан мен жарандарыбызды сабырдуулукту сактоого жана чыдамкайлыкка чакырам. Вирустук инфекциянын биринчи белгилери аныкталган учурда дарыгерлердин талаптарын так аткаруу зарыл. Ошондо гана биз COVID-19ду биргеликте жеңе алабыз",-деди өкмөт башчы.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өпкөсү сезгенген бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалганын айтты.

"Бүгүнкү күндө, Саламаттык сактоо министрлигинин айрым алгоритмдери өзгөрдү. Ага ылайык, эгерде жарандын дене табы 38°Стан ашса, пневмониянын белгилери болсо, ал ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат. Ошондой эле бир катар медициналык мекемелерде кырдаалга байланыштуу коронавирус менен ооруган бейтаптарга кошумча орундар ачылды", - деп билдирди cаламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

"Март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 54 адам пневманиядан каза тапты. Алардын ичинен, 48 адам Бишкектен", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Анын айтымында, бул аралыкта өлкөдө этиологиясы тастыкталбаган пневмания менен саламаттык сактоо уюмдарына келип түшкөндөрдүн саны 1145 адамды түзгөн. Алардын ичинен, 564 бейтап айыгып, 525 бейтап саламаттыкты сактоо уюмдарында жатат. Алар республика боюнча 117, ал эми Бишкекте 408 бейтап.

Covid-19 инфекциясы бар экени аныкталган бейтаптарды өзүнчө дарылашат. "Тез жардамга" кайрылгандардын саны бир суткада эле төрт жарым миңге чыкты, аларды караганга "Тез жардам" каретасы да, доктурлар да жетишпей калды. Ооруканалар толуп, барган бейтаптар орун таппай кыйналып жатканын коомдук сайттарда жайнатып жазып атышат. Ошого карабастан, өкмөт башчы ооруканада орун жетиштүү экенин айтууда. (AbA)