Коронавирус: Кыргызстандагы кырдаал коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылат

Алмазбек Баатырбеков.

Сүрөттүн булагы, official

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында өкмөт медициналык мекемелерге жарандардын кайрылууларынын кескин өсүп жатканын билдирди.

"Бишкек жана Чүй облустарындагы медициналык мекемелерге жарандардын кайрылууларынын кескин өсүүсү кошумча коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылат", - деди биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков.

Расмийлер жарандарды социалдык обочолонуу режимин сактоого жана өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпоого чакырууда.

"Коомчулук тарабынан колл-борбордун линиясы бош болбой жатканына, ыкчам бригадалардын, тез жардам кызматынын келишин күтүү боюнча нааразычылык айтылууда. Бул боюнча медициналык кызматтар, саламаттык сактоо мекемелери тарабынан кызмат көрсөтүү үчүн бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүүдө. 118 байланыш линиясынын ишин күчтөндүрүү, медициналык мекемелерде орундардын санын көбөйтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча иштерди сапаттуу аткаруулары зарылдыгын баса белгилеп кетким келет. Жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчиликти тартышат", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Өлкө аймагында жаңы обсервациялык орундарды түзүү жана Бишкек жана Ош шаарларында COVID-19 инфекциясына чалдыккан жарандарды дарылоо жайларын даярдоо боюнча иштер жүрүүдө. Республикалык штаб санитардык эрежелерди сактоонун жана мүмкүн болсо коомдук жайларга жана адам көп топтолгон жерлерге барбоого үндөп жатат.

"Мындан тышкары жарандарга мүмкүндүгүнө жараша бара турган жерлеринин, убактысын түзүп алуу сунушталат. Бул эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүүгө көмөк берет",-деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бир аптадан бери Кыргызстанда коронавирус жуккан бейтаптар саны кескин көбөйдү. Соңку суткада 163 кишиден коронавирус аныкталды. 54 жаштагы бир аял бейтаптын каза тапканы белгилүү болду. Мурдагыдай эле катталгандардын эң көбү Бишкекте. Соңку суткада борбор шаардан 94 жаңы учур аныкталды. Вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3519га жетип, 41 киши каза тапты. Расмий маалыматтарда 2054 бейтап айыгып кеткени айтылды. (AbA)