ДССУ: коронавирус бир гана жөтөл аркылуу тарабайт

Сүрөттүн булагы, AFP
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Covid-19 вирусу бир гана жөтөл же чүчкүрүү эмес, дем алуу аркылуу дагы тарашы мүмкүн экенин мойнуна алды. Шилекей тамчылары узак мөөнөт абада сактала берет.
Буга чейин аталган уюм коронавирус киши жөтөлгөндө же чүчкүргөндө бөлүнгөн шилекей тамчылары аркылуу тарайт деп айтып келген. Мындай тамчылар тез жайылып, буюмдардын үстүндө жашай берет. Дал ушул себептен колду улам самын менен жууп туруу кеңеши берилген.
ДССУнун өкүлү Бенедетта Аллегранци аба аркылуу вирустун тарашын көз жаздымда калтырууга болбойт деп белгиледи. Анын айтымында, көп эл топтолгон жайларда, терезеси жок, аба кирбеген бөлмөлөрдө вирус майда тамчылар аркылуу деле тарашы ыктымал.
Кыргызстанда 345 жаңы учур катталды

Сүрөттүн булагы, Official
Өлкөдө 8-июлга карата коронавирустун 345 жаңы учуру катталды. Алардын көбү Бишкекте (183) жана Чүй облусунда (51). Жалпысынан 8 486 адам коронавирусту жуктурду.
Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирустан 13, пневмониядан 44 адам көз жумду. Вирустан жалпысынан 112 киши каза тапты.
Пандемия түзгөн оор абалды жайгаруу үчүн 16 миңден ашуун медицина кызматкери Covid-19 вирусу боюнча окуудан өткөнү кабарланууда. Алар вирустан коргонуудан баштап инфекцияны көзөмөлдөө, дарылоого чейин үйрөндү. Соңку бир күндүн ичинде 62 дарыгерге вирус жуккан.
Дарыгерлер тартыш болгондуктан, өкмөт Бишкекте жана Чүй облусунда жетимиш миң сомго чейин айлык акы менен дарыгерлерди келишимдик негизде жумушка тартуу ишин баштады.
"Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы ооруга чалдыккандарды дарылоо пункттарында болмокчу. Эмгек акы боюнча кабатыр болбоңуздар. Сиздер айлык акы жана жашаган жер, тамак-аш менен камсыз болосуздар. Бул бардык медицина кызматкерлерине тийиштүү",- деди премьер-министр Боронов.
Австралиянын ири Мельбурн шаары кайрадан карантинде

Сүрөттүн булагы, EPA
Австралия баш калаа Виктория жана Мельбурн шаарларына кайрадан карантин чектөөлөрүн киргизүүнү чечти. Карантин алты аптага созулат.
Виктория шаарынын айрым аймактары бир нече күндөн бери жабык турат. Шаардын көп кабаттуу имараты коронавирустун очогуна айлангандан кийин өлкөнүн бийлиги катаал карантинди киргизди.
Виктория штатында 191 жаңы учур катталган. Бул пандемия башталгандан бери өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Виктория штаты коңшу аймактар менен дагы байланышын үздү.













