Иликтөө: Covid-19 вирусунан өмүрдү сактаган дары жашыруун базарда сатылууда

Сүрөттүн булагы, Reuters
Би-Би-Синин иликтөөсүнө ылайык, Covid-19 вирусунан бейтаптын өмүрүн сактап калат деп айтылган дары жашыруун базарларда сатылууда.
Индияда жүргүзүлгөн иликтөөдө журналисттер ремдесивир препараты базарларда сатылып жатканын аныкташкан.
Абхинав Шарманын агасынын дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындаганда, ал Делидеги ооруканага жаткан. Дарыгерлер коронавирус аныкташып, ремдесивир препараты керек экенин айтышкан. Бирок дарыны эч жерден таба албай, Абхинав аргасыздан препаратты базардан издеди.
"Көз жашымды токтото алган жокмун. Агам кыйналып, дем ала албай жатты, өмүрү үчүн күрөштү. Дарыканаларды бүт кыдырып чыктым, бир дагы жерде бул препарат табылган жок. Базарда тапканыма сүйүнүп, жети эсе кымбат төлөгөнүмө дагы көңүл бурган жокмун. Бирок көптөр мындай акчага дары сатып ала албайт",- дейт ал.
Буга чейин клиникалык сыноолор ремдесивир препараты Covid-19 инфекциясына каршы эффективдүү күрөшкөнүн тастыктаган. Эки ай мурун, 21-февралда башталган сыноого АКШ, Азия жана Европадагы Covid-19 инфекциясын жуктурган бир миңден ашуун бейтап катышты. Окумуштуулар бейтаптарды экиге бөлүп, бирине кадыресе дарылар менен кошо ремдесивир препаратын берген, экинчи топко плацебо колдонушкан.
Ремдесивир препараты берилген бейтаптар бир жарым эсе тез же 11 күндүн ичинде сакайган. Плацебону алган бейтаптар 15 күндөн кийин гана вирустан айыккан. Ремдесивир дарысын ичкендер арасында көз жумган бейтаптар дагы азыраак катталды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Буга чейин АКШ ремдесивир каражатынын үч айлык дүйнөлүк запасын сатып алганы белгилүү болгон. Дүйнө жүзү боюнча эксперттер АКШнын аракеттерине чочулап турушат. Биринчиден, бул каражатты кеңири колдонуунун кесепети болушу мүмкүн. Экинчиден, АКШ баарын сатып алып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө калбай калды.
Ошол эле учурда дүйнөнүн булуң-бурчунда дары-дармек соодасы кескин өстү. Дары-дармекти эң көп өндүргөн эки мамлекет - Кытай менен Индияда айрым медициналык препараттардын тартыштыгы байкалууда. Бул жагдай жасалма дары-дармектин көбөйүшүнө дагы шарт түздү.

Сүрөттүн булагы, Hetero
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган жумада Интерполдун фармацевтикалык кылмыштар менен күрөшкөн Operation Pangea бөлүмү 90 мамлекетте 121 кишини камакка алган. Алар 14 миллион долларга тете жасалма дары-дармек чыгарышканы аныкталган.
Азиядан Африкага чейин коопсуздук кызматкерлери он миңдеген жасалма дарыны, беткапты жана Covid-19 вирусун айыктырат деп айтылган жасалма дары-дармекти конфискациялады.














