Fujitsu кызматкерлерине толугу менен үйдөн иштөөгө уруксат берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Технология боюнча гигант саналган Fujitsu Жапониядагы кеңселеринин жарымын жапмай болду. Буга коронавирус пандемиясы себеп болду.
Fujitsu компаниясынын айтымында, үйдөн чыкпай иштөө алдыңкы жылдары "кадыресе көрүнүшкө" айланат. Жаңы ыкма сексен миң кызматкерине ыңгайлуу шарт түзүп бермекчи жана алардын ден-соолугуна кам көрмөкчү.
"Соңку жагдайды эске алып, инновацияга жол ачуу үчүн кызматкерлерибизге натыйжалуу, чыгармачыл иштөөгө мүмүнчүлүк түзүп берүүгө умтулуп жатабыз. Жаңы баалуулуктар жалпы коомдун саламаттыгына салым кошот",- деп айтылат Fujitsu тараткан билдирүүдө.
Буга чейин белгилүү "Твиттер" компаниясы дагы кызматкерлери "ишти үйдөн деле жасай аларын көрсөткөнүн" жарыялап, мындан ары каалагандар үйдөн чыкпай туруп иштөөгө укуктуу экенин билдирген. Бул эреже күчүнө киргенден кийин миңдегендер ишин үйдөн улантышкан.
Жаңы ыкмага ылайык, компаниянын кызматкерлери өзүнө ылайыктуу убакытта ишин уланта берет. Кеңсеге баргандарга эч тоскоолдук жаралбайт. Кызматкерлер ишине жараша күндүз же кечинде иштөөгө укуктуу. Айтоор, туура убакытты өздөрү тандап алышат.
Fujitsu кызматкерлерине эркиндик берүү аркылуу алардын чыгармачылыгы, иштин натыйжалуулугу жогорулайт деген пикирде.
Адистер болсо ири компаниялар жаңы доорго ылайыкташып жатканын айтышууда. Санарип инновация боюнча профессор Срии Сринивасандын айтымында, дүйнөнүн булуң-бурчундагы чоң ишканалар соңку жагдайга ыңгайлашып, узакка созулчу коронавирус пандемиясы шартына алдын ала даярданууда.
"Айрым ишканалар мындай ыкмага олуттуу мамиле кылбай коюшу мүмкүн. Бирок "Твиттер" көрсөткөндөй, бул ыкма көптөргө чоң сабак болду. Учурда экономикалык кризисти эске алганда, ийкемдүүлүк абдан маанилүү болуп жатат",- дейт окумуштуу.
Ушул айдын башында дүйнөгө белгилүү Google менен Facebook дагы өзүнүн кызматкерлери жылдын аягына чейин үйдөн иштөөгө укуктуу экенин кабарлаган.












