"Камакка алсаңар да макулмун": Илон Маск Tesla заводунун ишин жандандырды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Илон Масктын Tesla компаниясы ишин жандандырды. Калифорнияда жайгашкан завод - АКШдагы электр автоунаасын чыгаруу менен алектенген жалгыз компания. Бийликтин чечими менен штатта коронавирус эпидемиясына байланыштуу бардык өндүрүш убактылуу токтогон.
Илон Маск "Твиттер" баракчасына заводдун ишин кайра жандантып жатышканын, ал дагы башкалар менен чогуу алдыңкы катарда болорун жазып чыкты. АКШнын көптөгөн штаттары локдаундан чыгуунун жол-жобосун иштеп чыгууга аракет кылууда.
Буга чейин Илон Маск заводдорду жабуу тууралуу чечим өзгөрбөсө, Tesla башкы кеңсесин Калифорниядан Техас же Невадага жылдырам деп айтып чыккан.
Калифорния бийлиги карантин чараларын жеңилдетип, өндүрүштүн ишин жандантты. Бирок Tesla заводу Аламида округунун Фермонт шаарында жайгашкандыктан, жергиликтүү бийлик ишканалардын ачылышына уруксат бере элек.

Сүрөттүн булагы, Twitter
Ишембиде Илон Маск аймактын бийлигин сотко берип, заводдордун ишин убактылуу токтоткон жарлыкты жокко чыгарууну өтүнгөн. Бирок соттун чечимин күтпөй эле завод ишин жандандырды.
"Эгерде кимдир бирөөнү камакка алууну чечишсе, ошол киши мен болушумду суранам",-деп жазды "Твиттер" барагына Илон Маск.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аймактын полициясы Масктын чечиминен кабардар экенин, саламаттыкты сактоо мекемеси кайрылса, анан кырдаалга кийлигише турганын айтты.
Унаа чыгарган компаниялардын айрымдары ишин баштай элек. АКШнын каржы министри Стивен Мнучин Калифорния бийлигин Tesla компаниясынын ишин жандандырууга көмөк көрсөтүүгө чакырды. Аталган компания штаттагы жумушчу орундары көп ири ишкана.
Өткөн жылы Tesla Шанхайга заводун ачкан, дагы бир ишканасы Берлинде ачылды. Ал эми Фермонт шаарындагысы компаниянын эң негизги борбору саналат.











