Ийгиликке жетүүнүн сыры: эч ким гений болуп төрөлбөйт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гимнаст Симона Байлс гравитация эрежесине баш ийбейт деп суктангандар бар. Ал эми 23 жолу Олимпиада чемпиону болгон суучул Майкл Фелпс, чагылгандай тез жүгүргөн Усэйн Болт же 17 жашында "Чоң шлемди" жеңип алган теннисчи Серена Уильямс ийгиликке кантип жеткенин билесиңерби?
Көптөр бул спортчулар тубаса талант менен төрөлгөн деген пикирде. Окумуштуулар андай бүтүмгө кошулбайт.
Эч ким тубаса талант менен төрөлбөйт
Айрым окумуштуулардын айтымында, эч бир адам гений хирург, музыкант же спортчу болуп төрөлбөйт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул жашоодо көздөгөн максатка жетүү үчүн машыгуу, аракет жана өжөрлүк керек. Ага карабастан, бир жагдайга көңүл буруу зарыл. Кайсыл гана тармак болбосун, изилдөөчүлөр бийиктикке баары эле жете албайт дешүүдө.
"Теннис ойнойм десеңиз, машыктыруучу жалдайсыз же өзүңүз машыгып мелдештерге катышасыз. Ошол деңгээлге жеткенден кийин көптөр өнөрүн андан ары өнүктүрө албай калат",-дейт психолог Андерс Эрикссон.
"Атайын машыгуу"
Анда ийгиликке, бийиктикке жетүү үчүн эмне керек?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Профессор Андерс Эрикссон менен Роберт Пулдун "Бийиктик" аттуу китебинде белгилүү инсандар кандай жол менен генийге айланып, ийгиликке жеткени тууралуу сөз болот.
Алар генийлердин ыкмасын "Атайын машыгуу" деп аташат же адам системалуу түрдө бир өнөрдүн ар тарабын өнүктүрөт.
Мунун айырмасы эмнеде?
Атайын машыгуу менен кадыресе машыгуунун айырмасы чоң.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тармак терең изилденген болсо, атайын машыгууну өткөрүү дагы жеңилдейт.
"Кадыресе машыгууда көптөр колунан келгенин жасайт, өз өнөрүнө таянып аракеттенет. Бирок эмдиги баскычка чыгуу үчүн анализ жүргүзүп, эмнени туура эмес жасап жатканды аныктоо керек. Аны улам кайталап, өркүндөтүп отуруп, кайра кемчиликтерди таап, кайра машыгып отуруп ийгиликке жетесиз",-дейт Эрикссон.
Демек, жөн эле машыгуу жетишсиз, машыгууну кандай өткөрүп жатканыңыз маанилүү. Көнүгүүлөрдү, машыгууну туура жасаганда гана ийгиликке жетсе болот.
Анда эмнеге көптөр ордунан жылбай калат?
Атайын машыгууну туура өткөрүү оңой эмес. Улам кайталоо керек жана көптөр андан тажап кетет. Кыйналганына карабай, улам кайталап, өжөрлүк менен аракеттене бергендердин саны аз.
Ийгилик жана илим

Сүрөттүн булагы, Smithsonian Institution / Science Photo Library
Спорттон тышкары дагы бир талкуу жараткан жагдай, илим багытында ийгиликке жеткен генийлер тубаса талант менен төрөлгөн деген пикир.
ХХ кылымда окумуштуулар адамдын эстутуму жети гана бөлүктөн турган маалыматты кабыл алат, көнүгүүлөр аркылуу эстутумду машыктырса мүмкүн эмес деп ойлошкон.
1975-жылы профессор Андерс Эрикссон атайын изилдөө жүргүзүп, жогоруда айтылган пикирди четке каккан. Профессор университетте окуган студенттерди машыктырып, алар эч байланышы жок сексенден ашуун санды эстеп калганын тапкан. Изилдөөнүн башында психолог жети гана сандан баштап, көнүгүүлөр (машыгуу) жолу менен эстеп калчу сандарды көбөйтө берген.
Мунун сыры, окумуштуу бир нече жыл бою студенттер менен эстутумду жакшыртуу багытында атайын машыгууларды өткөргөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Андан дагы маанилүүсү изилдөө учурунда студенттер жогорку чекке жете элек болчу. Ошондо атайын машыгуулар улана берсе, студенттер андан дагы көп маалыматты эстеп калмак.
"Кызыгы, студенттер эч байланышы жок сандарды жаттап калуу үчүн бара-бара өз ыкмаларын ойлоп табышты. Башында студенттер жөн эле санды кайталап, аны жаттап калууга умтулса, кийин сандарды эстеп калуу үчүн башка маалыматка же өзүнүн башынан өткөн окуяларга байлап жатышты",-дейт Эрикссон.

Сүрөттүн булагы, AFP
Биологиялык тоскоолдуктар
Анда ийгиликке жетүүдө кандайдыр бир биологиялык тоскоолдуктар барбы?
Эрикссон менен Пулдун айтымында, кишинин бою же дене түзүлүшүн эске албаганда, кандайдыр бир биологиялык тоскоолдуктар бар деп айтуу миф.
Албетте, тубаса ден-соолугу начар төрөлгөндөр же психикалык илдети бар киши болсо, бул тоскоолдук катары саналат. Ошондой эле тубаса ичке үн менен төрөлсөңүз, жоон үн менен романс ырдай албай каласыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гений балдар
Ошол эле учурда психолог Роберт Пломин Blueprint аттуу эмгегинде ДНК ийгиликке жетүүдө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин белгилейт. Гендин ийгиликке жетүүдө кандай тиешеси бар?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эрикссон менен Пул ДНКнын эч тиешеси жок, ата-энени туура тарбия, аракетинен улам бала гений болуп тарбияланат дешүүдө.
"Атайын машыгуу, кайталоо зарыл болсо, Моцарт сыяктуу кишилер кантип жаш кезинен эле ийгиликке жетип, гений аталышкан деген суроо көп берилет. Себеби анда жаш бала көп машыккан эмес да. Бирок Моцарт сыяктуу мисалдарды терең анализдесек, гений балдардын ийгилигинин артында ата-энеси турат. Ата-энеси эки же үч жашынан тарта эле машыгууну баштайт. Ошондо Моцарт жаш бала кезинде кантип машыкты эле, эмнеге көңүл бурганын аныктасак, бул ыкмаларды кайталап балдарыбызды гений кылып тарбияласак болот",-дейт Эрикссон.
Тубаса талантпы же өжөрлүкпү, айтор гений болгуңуз келсе өзүңүздүн үстүнөн иштеп, машыгууну токтотпошуңуз керек.
Макаланын түпкү нускасын BBC Ideas сайтынын анлис тилинде окусаңыз болот.














