Баланы кантип гений кылып тарбияласа болот? 45 жылдан бери колдонулуп келе жаткан укмуштуу ыкмалар

Child Genius

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 45 жылдык изилдөөлөрдө балдардын ийгиликтүү болуу жолдорун аныкташкан.
    • Author, Ahmen Khawaja
    • Role, BBC World Service

1968-жылы психометрия илимдеринин профессору Жулиан Стэнли АКШдагы Жон Хопкинс университетинде компьютер илимин үйрөнүп жаткан 12 жаштагы гений баланы жолуктуруп калат.

Жозеф Бейтс аттуу бала жөндөмдүү болгону менен, түнт болчу. Ал өзү теңдүү башка балдарга караганда шыктуу эле.

Анын жөндөмүнө таасирленген Стэнли өзүнүн 45 жылга созулган изилдөөсүн баштаган. Ал "Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана Лейди Гага сыяктуу жөндөмдүү балдарды изилдеп көргөн.

Google's Sergey Brin, Lady Gaga and Facebook's Mark Zuckerberg

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гуглдун негиздөөчү Сергей Брин, Леди Гаг жана Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг сыяктуу 5 миң жөндөмдүү балданы изилдеп көргөн.

Жозеф Бейтчи, ага эмне болду? Ал изилдөөдөн кандай өтө алды?

Ал окуусун улантып, доктор даражасына чейин жетти. Учурда университеттердин биринде сабак берип келет жана "жасалма интеллект боюнча пионер" болду. Стэнли Балтиморедеги Жон Хопкинс университетиндеги "Таланттуу жаштар" борборунда өзүнүн изилдөөсүн баштаган. Анын "Жаштарды эрте математика илимине" үйрөтүү программасынын алкагында 1 пайыз интеллектке ээ болгон 5 миң баланы изилдеп көргөн. Стэнли талыкпаган эмгегинин артынан укмуштудай идеяга жетишкен.

Joseph Bates

Сүрөттүн булагы, LinkedIn

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жозеф Бейт ага жүргүзүлгөн көп жылдык изилдөөлөрдү оң баалады.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, "көп мээнет кылган адам ийгиликке жетишет", башкача айтканда, эгер адам бир тармакта талыкпастан аракет кылып, көп жыл иштесе, анда ал адам ошол иштин көзүн билип калат деген накыл сөзгө каршы келет.

Анын ордуна маалымат алуу жөндөмүн эрте өздөштүрүүсү (көйгөйдү кантип чечүү жана туура чечим чыгаруу), практикага жана адамдын социалдык-экономикалык статусуна караганда өнүгүүгө көбүрөөк түрткү берет.

Ошондуктан баланын генийлик жөндөмүн өнүктүрүүнү жаш кезинен баштоо маанилүү. Агартуучулардын айтымында, баланы гений болууга мажбурлоо туура эмес. Анткени анын жыйынтыгында балага "социалдык жана эмоционалдык маселелерди" жаратышы мүмкүн.

Бирок балаңызды татыктуу тарбиялап, анын келечекте бактылуу болушун кааласаңыз, анда төмөндө сизге айрым кеңештер сунушталат:

Two children playing

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бала өзүнө ишенимдүү болушу үчүн жашоодо тажрыйбасы мол болуусу зарыл.

1) Балаңызга түрдүү тажрыйба колдонуңуз

Интеллекти жогору бала көбүнчө жаңы нерселерди үйрөнүүгө кызыкдар болот. Бала өзүнө ишенимдүү болушу үчүн жашоодо тажрыйбасы мол болуусу зарыл. Психологдордун айтымында, адам мурда көнүп калган ишин оңой эле жасап жүрө бериши мүмкүн, бирок жаңы ишти баштоого эрдик талап кылынат.

Child playing chess

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Интеллекти жогору бала көбүнчө жаңы нерселерди үйрөнүүгө кызыктар болот.

2)Балдарды талантына жана кызыгуусу жараша тарбиялаңыз

Спорттун жаңы түрү, музыкалык аспаптарга үйрөтүү сыяктуу ыкмалар баланын жаш кезинен туруктуулук шыгын өнүктүрүүгө жардам берет. Алар кызыкпаган нерселерге мажбурлоо болбойт.

Girl answering a question

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Баланы канчалык көп суроо берүүгө үйрөтсө, ал мектепте ошончолук жакшы окуйт.

3)Балаңыздын интеллектуалдык жана эмоционалдык керектөөлөрүн камсыздап туруңуз

Кызыгуу аркылуу гана баарын үйрөнсө болот. Балдар мектепке чейинки куракта көп суроо беришет. Кээде ата-энелер алардын суроолоруна жооп берүүдөн качышы мүмкүн. Бирок бул нерсе баланын өсүп өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт.

Girl sitting in front of black board

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бала көйгөйдү кантип чечүү жана туура чечим чыгаруу сыктуу ыкмаларды өздөштүрүшү зарыл.

4)Жөндөмүн эмес, аракетин баалаңыз

Балдардын жасаган ишин эмес, аларды окутууда мактап, "ой жүгүртүүсүн" өстүрүүгө көмөктөшүңүз. Жаш балдар көбүнчө ата-энесинин жасаган иштерин туурашат. Ошондуктан алар тил үйрөнүүгө кызыгабы, велосипед тебүүнү үйрөнөм дейби, айтоор, алардын туура жакка кызыгуусун кубаттоо керек.

Child sitting in front of a computer

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Психологдордун айтымында, бала ката кетирүүдөн корпостон, аны ийгиликке жетишүүдөгү сыноо катары кабылдашы керек.

5)Ката кетирүү коркунучтуу эмес

Ката кетирүү - бул жаңы нерсени үйрөнүүдө курулуштагы кыш сыяктуу каражат. Андан алган сабак балдардын кийинки жолку аракетинде ийгиликтүү болуусуна шарт түзөт.

Child doing a school project

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эске тутуу жөндөмү, эрте окуй башташы же өзгөчө кызыгуусу баланын жөндөмдүү экендигинен кабар берет.

6) Өзгөчөлүктөн абайлаңыз

Өзгөчөлүк балаңызды башка балдардан бөлүүгө себеп болот. Ал балдардын мазактоого кабылышына жана кыжырдануусуна алып келет.

Girl holding books

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Балдарды өзгөчөлөнтүү кээде туура эмес таасир тийгизет

7) Балаңыздын каалооосун билүү үчүн мугалимдер менен кеңешиңиз

Акылдуу балдар көп учурда татаал материалдарга, кошумча колдоого же өз алдынча эркин үйрөнүүгө муктаж болот.

Child writing on blackboard

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Психологдордун айтымында, балдар кызыккан нерселерди жасашы зарыл

8) Балаңыздын жөндөмүн текшерип көрүңүз

Баланын жөндөмүн текшерүү менен анын артыкчылыктуу жана кемичиликтүү (мисалы, көңүл коюу, социалдык жана эмоционалдык маселелери сыяктуу) жактарын аныктаса болот.

línea

Бирок баланын жөндөмдүү экенин кантип билсе болот?

Бул боюнча "Менса" интеллектти аныктоо уюмунун айрым сунуштарын сунуштайбыз:

•Башкаларга окшобогон эске тутуму

•Эрте окуй башташы

•Өзгөчө кызыгуулары же татаал илимдерге терең кызыгуусу

•Дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп туруусу

•Ар дайым суроо берип туруусу

•Юмор сезими өнүккөндүгү

•Музыкага кызыгуусу

•Көзөмөлдө астында болууну жактаргандыгы

•Оюндарга кошумча эреже киргизиши

línea