Байларга жана жакырларга бирдей мүмкүнчүлүк. Финляндия кантип дүйнөдөгү билим берүү лидерине айланды?

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Claudia Wallin
- Role, BBC News Brazil
Бул таң калыштуу болушу мүмкүн, бирок Финляндия окуучулардан мектепте азыраак убакыт өткөрүүнү талап кылышып, экзамендерди, үй тапшырмаларды да азайтышкан. Ага карабастан ийгиликке жетти.
Студенттерди эл аралык баалоо программасынын маалыматына караганда, Финляндиянын окуучулары башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир катар предметтер боюнча алдыда. Мисалы, фин окуучулары илим, математика жана окуп түшүнүү боюнча бир топ ийгиликтерге жетишкен.
Бирок 1960-жылдын аягына чейин фин окуучуларынын 10 пайызы гана орто мектепти аяктаган.
Инновациялык реформалар

Сүрөттүн булагы, AFP
Финляндиянын ийгиликтүү билим берүү системасы 1970-жылы башталып, 1990-жылы ага бир катар жаңы ыкмалар киргизилген. Аталган өлкөдөгү жетишкендиктер менен жеринен таанышкан серепчилердин айтымында, ийгиликтин артында билим берүү саясаты гана эмес, натыйжалуу социалдык саясат да жатат.
"Финляндияда билим берүү системасындагы ийгиликтерге жалгыз эле мыкты деңгээлдеги сабактар роль ойногон жок. Финдердин социалдык тармактагы жетишкендиктерден улам, ар бир окуучу жети жашында мектепке бирдей даярдыкта барышты. Баарына бирдей шарт түзүлгөндүктөн, ар бир окуучунун ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү пайда болду", - дейт, Финляндиядагы билим берүү адиси Паси Салберг.
Бирдей мүмкүнчүлүк жана билим берүү

Сүрөттүн булагы, AFP
Паси Салбергдин 2014-жылда жарык көргөн "Финдердин сабактары" аттуу эмгегинде, теңсиздик адамдардын келечегине өз кедергисин тийгизерин айтат.
Окумуштуу финдердин ийгиликтерин башка өлкөлөр менен салыштырып, "байлыкты бөлүштүрүү менен балдарга билим берүүнүн ортосунда олуттуу байланыш бар, теңдик бар коомдо окуучулар да жакшы окуйт" деп айтты.
"Статистикалык маалыматтарга таяна турган болсок, адилеттүүлүк, тең укутуулук орногон өлкөлөрдө билимдүү жарандар көбүрөөк, ал эми мектепти бүтпөй калган, ашыкча семиргендер азыраак болот. Мындан сырткары, психикалык жактан жабыркагандар, өспүрүмдөр арасында эрте бойго бүткөндөр дагы бай мамлекеттерде салыштырмалуу аз болот. Демек, бирдей мүмкүнчүлүк түзүү мектептеги билим берүүгө байланыштуу."
Тең укутуулук жана социалдык адилеттүүлүк

Сүрөттүн булагы, EPA
Финляндиянын борбору Хельсинкидеги Вики мектебинде чириген байлардын жана кадыресе тургундардын балдары чогуу окушат.
Билим жана мектептеги окуу куралдары акысыз.
Башталгыч жана орто мектептин 940 окуучусуна бекер тамак-аш да берилип турат.
Окуучулардын баары ден соолугун жана тиштерин текшертип алууга укуктуу. Ал аз келгенсип, психологдор менен мугалимдер балдардын жетишкендиктерине көз салып турушат.
"Кирешенин теңсиздиги, балдардын жакырчылыгы жана окуучулардын социалдык абалы билим берүү системасын жакшыртууда маанилүү роль ойнойт", - дейт Салберг мырза.

Сүрөттүн булагы, AFP
Финляндиянын билим берүүдөгү ийгилиги анын экономикалык моделинде жатат. Анткени Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аталган өлкөдө тең укутуулук жана социалдык адилеттүүлүк принциптери жолго коюла баштаган.
Моделдин алкагында акысыз медицина жана билим берүү, жеткиликтүү турак-жай, балдарга көбүрөөк көңүл буруу үчүн эркектерге эмгек өргүү, акысыз бала бакча жана жеткиликтүү социалдык камсыздандыруу каралган.
Мугалимдерге көрсөтүлгөн колдоо
Катардагы фин мектебинде мугалимдер күнүнө төрт саат гана сабак өтүшөт.
Ошондуктан алардын сабакты даярдоого, билимин өркүндөтүүгө жана окуучуларга көбүрөөк көңүл бурууга убакты жетиштүү.
Окутуучулардын айлык маянасы жана шарттары жакшы.
Фин студенттеринин арасында мугалимдик кесип, дарыгер, юрист жана архитектор сыяктуу эң популярдуу кесиптердин бири.
Финляндиянын мектептеринде башка өлкөлөргө салыштырмалуу азыраак сабак өтүшөт. Мисалы, башталгыч класста жылына 670 саат окушса, Коста-Рикада эки эсе көп окутулат.
"Класстарда өткөргөн убакыт эмес, анын сапаты маанилүү", - дейт "Вики" мектебинин мугалими Эрия Шунк.
Окуучуларга дээрлик үй тапшырма берилбейт.
"Эмне керек болсо балдар класста үйрөнө алышат. Окуучулар көбүрөөк убактысын достору менен өздөрү каалагандай өткөргөнү маанилүү", - дейт дагы бир мугалим Марти Мэри.

Сүрөттүн булагы, EPA
Мектептеги эркиндик
"Вики" мектебинде окуучулар эркин жүрүшөт. Аларга бирдиктүү форма кийүү милдеттендирилбейт.
Окуучулардын көбү мектепте үйүндө жүргөндөй эле байпакчан басып жүрө беришет. Скандинавиянын мектептеринде имараттын ичинде эч ким бут кийим кийбейт.

Фин окуучулары экзамен тууралуу ойлонушпайт, окуучулар сабак учурундагы активдүүлүгүнө карап бааланат.
Системанын принциптери боюнча ар бир бала жөндөмдүү деп саналат. Болгону балдарга жетиштүү колдоо жана шарт түзүп бериш керек.
Мугалимдердин пикиринде, окуучулардын өнүгүүсүндө табигый жөндөм абдан маанилүү.
Коомдук жоопкерчилик
Финляндиянын билим берүү саясатынын өнүгүүсү мамлекеттин бакыбаттуулугуна көз каранды. Анткени өлкөдө салыктын деңгээли дүйнө жүзү боюнча эң жогору болуп саналат. Ал 51,6 пайызга жетет.
Мындай фискалдык жүккө карабастан БУУнун Бактылуулук боюнча жарыялаган докладында Финляндия жер жүзүндөгү эң бактылуу өлкө аталган.

Сүрөттүн булагы, BBC
Салберг мырзанын белгилешинче, аянты кичине жана беш жарым миллион калкы бар өлкөдө билим берүү саясатындагы реформалар башка чоң өлкөлөргө караганда жеңилирээк ишке ашкан.
"Финдердин жашоосунда адилеттүүлүк, чынчылдык жана коомдук жоопкерчилик сезими терең тамырлаган. Адамдарда өзүнүн жашоосу үчүн гана эмес, башкалардын жашоосу үчүн да жоопкерчилик күч. Коомдук билим берүү - бул коомдук жыргалчылык катары каралат", -дейт ал.












