Финндер "эң бактылуу эл экенине" өздөрү таң калды
- Author, Кейт Ливер
- Role, BBC Travel
World Happiness Report бактылуулук рейтингинде Финляндия эң алдыңкы орунга чыкты. Бирок финндердин өзү бул жаңылыкты таң калуу менен кабыл алган. Алар бактылуулук рейтингинин башына чыгып калганына эмнеге таң калышат? Эмнеси менен макул эмес?

Сүрөттүн булагы, Marco_Piunti/Getty Images
Балерина кыз акча жана буюм-тайымдары салынган сумкесин парктагы олтургучка унутуп кетип калды. Он беш минутадай убакыт өткөндөн кийин эсине түшүп, бирок айгай салып, дүрбөлөңгө түшкөн жок. Анткени ал сумкесин кайсыл жерге калтырса, ошол жерден кайра табарын билет. Ооба, ошондой эле болду.
Эми бул табышмакты тапкыла: балерина кыз кайсыл өлкөдө жашайт?
Минна Тервамяки Финляндияда жашайт.
"Бул жерде өзүмдү коопсуз сезем. Финляндияда жашагандардын баары өзүн коопсуз сезет го деп ишенем. Биз бири-бирибизге ишенебиз",-дейт Тервамяки.
2018-жылдагы докладында World Happiness Report Финляндияны дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө атады.
"Скандинавдар, анын ичинде финндер мүнөзү жагынан бир аз түнтүрөөк, ичине сыр каткан эл келет",-деп түшүндүрөт изилдөөчү Мейк Викинг.
"Аларга кубанычын, кайгысын эмоция аркылуу сыртка чыгаруу мүнөздүү эмес. Мына ушунусу менен алар өзгөчөлөнүп турушат. Айталы, түштүк америкалыктардан. Финндер үчүн бактылуу болуу - сабырдуу, тең салмактуу, стабилдүү жашоо".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тервамяки муну менен макул эмес:
"Бул иликтөө боюнча менде карама-каршылыктуу сезим болду. Эмне, бизби?! Финндер жыйынтыгын окуп, күлүшөт. Менимче, финндер бактылуулукка караганда, жашоосуна ыраазы деп айтаар элем".
Профессор Жон Хелливэлл World Happiness Report докладындагы редакторлордун бири. Анын түшүндүргөнүнө караганда, бактылуулук деңгээлинин түрдүү өлкөлөрдүн жарандарынын эмоциясын иликтөөгө тиешеси жок.
Чынында Тервамякинин унутуп калган сумкесине мунун тиешеси бар. Иликтөөдө жашоо сапатына басым жасалган. Жыйынтыгы менен бул жылы Финляндия эң мыкты болуп табылды.
"Сапаттуу жашоону аныктаган факторлордун бири - бакубат жана узак жашоо, адам башына ИДПнын жогорку деңгээли",-деди Хелливэлл.
"Дагы бир жагдайлар бар: бири-бирине кам көрүү, жашоодогу оор учурларда кимдир бирөөгө таянуу, коомчулуктун жардам колун сунганы".
Бүт европалык өлкөлөрдүн ичинен Финляндияда бейтааныш кишилерге болгон ишенич жогору.
"Кеп бул жерде, айкөлдүк жана ишеним жөнүндө. Бул боюнча рейтингде Финляндиянын көрсөткүчү өтө жогору. Негизи эле Скандинавия өлкөлөрүндөгү коомдун өтө жөнөкөйлүгүнөн улам теңсиздик дээрлик төмөн баскычта. Жакыр жана кирешеси төмөн кишилерге жардам берүүгө умтулуп турушат. Иликтөө учурунда сурамжылоого катышкандарга ушунун баарын баалоо сунушталды. Ошондон улам Финляндия жогорку упай алган".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Хельсинки университетинин социалдык психология маселеси боюнча изилдөөчүсү Фрэнк Мартел муну менен макул: "Ишеним бизде чоң роль ойнойт. Кишилер өздөрүн башкалар ишенимдүү деп эсептешин каалашат. Kөчөдө капчыгыңызды түшүрүп салдыңыз дейли, кайгыруунун кереги жок. Ал сизге ошол бойдон кайра кайтарылат".
Reader's Digest журналы дүйнөнүн көптөгөн шаарларынан муну текшерип да көргөнү бар. Жоголгон капчыктарды эң көп кайтарып берген - Хельсинки шаары болгон. Бүт европалык өлкөлөрдүн ичинен Финляндияда бейтааныш кишилерге болгон ишенич жогору.
Бул жылы World Happiness Report рейтингинде биринчи жолу иммигранттар дагы сурамжылоого катышты. Жыйынтыгында, мигранттар арасында дагы өздөрүн бактылуу сезгендер Финляндияда. Тактап айтканда, бул өлкөдө туулгандар менен сырттан келгендер бирдей эле өздөрүн бактылуу сезишет экен.
Финляндияда адам укугун терең урматташат. Эне-балага кам көрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкө. Бул өлкөнүн билим берүү системасы эң алдыңкы деп саналат.

Сүрөттүн булагы, Johner Images/Getty Images
Финндер экологияга аяр мамиле кылып, гендердик маселеге астейдил көңүл буруп, жумушу менен үй-бүлөлүк жашоосун бирдей алып жүрүүнү жогору баалашат. World Happiness Report рейтингине финндер бир аз шылдың менен караса дагы, жогорудагы тыянактар аларды өзүнө алымсынып, ыраазы болуп жашаган бактылуу эл катары көрсөтөт.
"Финндер өтө деле бактылуу эмеспиз дегендерин түшүнөм. Алар табиятынан пессимист келет жана эмоцияларын сыртка чыгара бербейт. Алар көп ичишет, кыш узак жана суук, ага психологиялык жактан чыдоо оңой эмес. Бул жерде финндердин бактылуулугу жөнүндө айтканда, кеп бий, күлкү, сырткы келбет жөнүндө эмес. Эгер силер бактылуулукту ушундай элестетсеңер, анда финндер мындай эмес",- дейт иликтөөчү Анна Партанен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Иликтөө жашоо сапаты тууралуу. Жашооңузга өзүңүз канааттанасызбы? Сизде тандооо мүмкүнчүлүгү барбы? Үй-бүлөңүзгө убактыңыз жетиштүүбү? Өзүңүздү коопсуз сезесизби? Коомго керексизби?".
Финндер эмоциясын сыртка чыгарганга караганда, чыдамкайлык менен эр жүрөктүктү баалашат. Балким алар ошон үчүн бактылуу өлкө деп аталып калганына уялып жатса керек.

Сүрөттүн булагы, Samuli Vainionpää/Getty Images
World Happiness Report докладында финндердин 94,7 пайызы жашоодо эркин тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээбиз деп эсептеген. 94,7 пайызы коомдук колдоого ишенет, ал эми өкмөттө коррупция жайылган дегендер 22,1 пайыз. (AbA)
.












