Бактылуу өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
БУУнун буюрутмасы менен World Happiness Report түзгөн бактылуу өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды. Быйылкы тизмеде Кыргызстан былтыркыга салыштырганда бир топ төмөндөдү.
Тизмеге быйылкы рейтинг боюнча 155 өлкө киргизилип, Кыргызстан 98-орунда аталган. Былтыркы жылы Кыргызстан 85-орунга чыккан эле.
Рейтинг түзгөндөр ички дүң өнүмдүн калктын жан башына үлүшүн, жашоо узактыгын, өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин эсепке алышкан.
Рейтингдин сап башындагы лидерлер мурдагыдай эле скандинавия өлкөлөрү - Норвегия, Дания, Исландия, Финляндия жана Швейцария. Андан кийинки орундарда 6-Нидерландия, 7-Канада, 8-Жаңы Зеландия, 9-Австралия, 10-орунда Швеция аталган. АКШ тизмеде 14-орунда турат.
"Эң бактысыз өлкөлөр" катары эксперттер Бурунди, Танзания жана Борбордук Африка өлкөлөрүн көрсөткөн.






