Коронавирус: микробдорду өлтүргөн материалдар

Посуда из меди

Сүрөттүн булагы, AFP

Микробду адамдын организмине жеткиче эле токтотуп койсо болот. Ал үчүн курт-кумурскалардын канатына окшогон материалды жаратып, андан эшиктин туткасы же лифттин баскычтарын чыгарышыбыз керек.

Эгерде микробдор мындан ары дагы антибиотиктерге туруштук бере баштаса, ар түрдүү инфекциялардан жылына он миллион адам көз жумат, дейт окумуштуу Жеральд Ляруа-Момю. Учурда антибиотиктердин алы келбей калып, жылына жети жүз миң киши инфекциялардан каза табат.

Соңку он жыл ичинде зыяндуу бактерия менен күрөшкөн каражаттардын тизмеси кескин кыскарды. Ал эми вирус, мителер дарыларга туруштук кылууда. Демек, инфекциялар алып келген илдеттерди айыктыруу жыл өткөн сайын татаалдашып жатат.

Ошондуктандык Лондондогу Империал коллеждин окумуштуусу Ляруа-Момю "тез арада абалга көңүл бурбасак, жылына он миллионго чукул инфекциялардан көз жумат" деп билдирди.

Ляруа-Момю өзү дагы микробдор менен күрөшүп келген изилдөөчүлөрдүн бири. Ал микробдор жуккан жерлердин өзүн инфекцияларга туруштук бере алгыдай кылууну туура көрөт. Негизи инфекциялар эшиктин туткасы, лифттин баскычы сыяктуу жерлерден адамга жугуп, андан кийин тарайт эмеспи.

Мисалы, Covid-19 илдетине алып барган Sars-CoV-2 вирусу кагаздан жасалган картондо 24 саат жашай алат, ал эми желим же темирде үч күнгө чейин жашап, адамдарга жуга берет (ред. - вирус бул мөөнөттө күчүн жоготот деген талкуулар дагы деле жүрүп жатат). Айрым ичегиге жуккан бактериялар болсо бир нече ай бою коркунуч туудурат.

Бул үйдү, тамак-аш даярдалган жерди таза кармоо, улам дизенфекция кылуу абдан маанилүү экенин айгинелейт.

Кнопки лифта

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Микробдор жукпаган темир же атайын жасалган каражаттарды колдонуу инфекциянын тарашын алдын алат

Айрым окумуштуулар тамак-аш даярдалчу же кол тийген эшиктин кармагычы сыяктуу буюмдарды микроб жукпаган же инфекцияларды өлтүргөн каражаттардан жасасак, бактерия адамга жукпай калат деген ойдо.

Ляруа-Момю жезден жасалган буюмдарга басым жасайт. Жез иондору бактерияга жана вирустарга туруштук берет. Бул материал эки сааттын ичинде бактериялардын 99,9 пайызын өлтүрөт. Күмүшкө салыштырганда, жезге бактерияны жок кылууга нымдуулуктун кереги жок.

"Адам баласы үч миң жылдан бери жезди бактерияга каршы колдонуп келген. Мисалы, байыркы гректер медициналык аспаптарды же тамак-аш үчүн колдонулган идиш-аякты жезден жасаган",-дейт окумуштуу Ляруа-Момю.

Бул материал кымбат болгондуктан, азыркы учурда жез медицинада көп колдонулбай калды. Андан тышкары жезди тазалоо дагы татаал. Мындан улам медицинада дат баспаган темир, андан кийин бир эле жолу колдонулган желим пайдаланып калышты.

Ляруа-Момю айлананын барын жез менен жасап чыгуунун кажети жок деп белгилейт. Бир гана лифттин баскычтары, эшиктин кармагычы сыяктуу кол көп тийген жерлерге гана жезди кошуп койсо болот.

Цикада

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каскактардын канатына окшош каражат пайда болсо, бактерияларды өлтүргөн буюмдарды чыгарса болот

Технология өнүккөн сайын, жезден башка дагы каражаттар пайда болуп жатат.

"Каскактардын канаты бактерияларды жуктурбайт",-дейт Мельбурндагы Королдук техгологиялык университеттин биохимия боюнча изилдөөчүсү Елена Иванова.

Мындай каскактардын канатына тамчы суу куйсаңыз, ал болгон кирди кошо жууп кетет. Бул жандыктардын канатында кичинекей тикенектери бар, ал бактериялардын топтолушун токтотот.

"Жаратылыш жараткан укмуштуу механизм. Ал бактериянын клеткаларын өлтүрөт",-деп түшүндүрдү Иванова. Соңку он жылдан бери мындай жандыктардын канатын каражат катары даярдоо аракети жүрүүдө.

Больницам становится все труднее удерживать под контролем бактерии, ставшие устойчивыми к антибиотикам

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооруканаларда жыл өткөн сайын бактериялардын тарашын токтотуу татаалдашууда

Мындай каражатты иштеп чыгуу убакытты талап кылат. Бирок аны маскадагы фильтрлерден тарта, кол тийген башка жерлерге дагы колдонсо болот. Кызыгы, инфекциялар менен натыйжалуу күрөшүү үчүн жаратылыш эффективдүү жолдорун сунуштайт.

Айталы, чай дарагынын майы 5-15 мүнөттүн ичинде вирустардын 95 пайызын жок кылат. Пробка дагы бактерияга туруштук берген мыкты каражат катары аталууда. Кулмак өсүмдүгүн желимге кошуп, бактерияга туруштук берген буюмдарды жасалууда. Азырынча жаратылыш жараткан буюмдардын көбү жаңыдан изилденүүдө. Келечекте, дал ушул каражаттардын жардамы менен инфекциянын тарашын токтотууга мүмкүн болот.

Человек с молотком

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пробкадан үйдүн полун жасаоо бир гана добуштарды жок кылбастан, бактерияларды дагы өлтүрөт

Ага карабастан швециялык окмуштуу Менгин Рен, технологияга гана көңүл бурбастан, инфекция менен күрөшүүдө гигиена сыяктуу жөнөкөй ыкмаларга дагы басым жасоо керек экенин белгилейт.

Медициналык жайларда кызматкерлерди мыкты даярдап, гигиена, сантиардык абалга өзгөчө көңүл буруп, вакциналарды иштеп чыгуу маанилүү, дейт окумуштуу.