Күндүн сүрөтү: биздин каарман Бэтмен эмес, медайым

Сүрөттүн булагы, Banksy
Сүрөтчү Бэнксинин (англис сүрөтчүсүнүн псевдоними) жаңы эмгеги Англиянын Саутгемптон шаарындагы ооруканада пайда болду.
Сүрөт бир чарчы метр аянтка тартылып, оорукананын фойесине илинди. Анда комбинезон кийген бала таштанды салган чаканын жанында олтурат. Тестиер Спайдермен менен Бэтменди таштандыга ыргытып салып, жаңы каарман менен ойноп жатат. Анын колундагы баатыр - Улуттук саламаттыкты сактоо кызматында иштеген медайым.
Медайым дагы Супермен сыяктуу абадан учуп бараткандай абалда, колдорун алдыга созуп турат.
Сүрөтчү дарыгерлерге кайрылуу калтырган: "Силерге чоң ыракмат. Бул сүрөт ак-кара түстө болсо дагы бул жерди жарык кылууга жарадам берет деп үмүттөнөм".
Эмгек ооруканда күзгө чейин илинип турат. Андан соң аны аукционго коюп сатып, акчасын Улуттeк саламаттыкты сактоо кызматынын эсебине беришет.
Саутгемптондогу ооруканалар фондунун жетекчиси Пол Хеддин айтымында, оорукана жөн жерден тандалып алынган эмес. Анткени бир нече дарыгер коронавирус эпидемиясынын курмандыгы болду.



