ДССУ: Өлкө бийлиги чечкиндүү болбосо, кырдаал курчуйт

Medical personnel secure a sample from a person at a drive-thru Coronavirus testing station in the US. 12 March 2020

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ДССУ жакын арада вакцина чыгат деп үмүттөнүү катачылык экенин айтты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөнүн булуң-бурчундагы өлкө бийлиги чечкиндүү аракеттерди көрбөсө, кырдаал мындан ары дагы курчуйт деп эскертти.

Уюмдун башчысы Тедрос Гебреисус "өтө көп мамлекеттер туура эмес багытка түштү" деп билдирди. Анын айтымында, коронавируска кабылгандардын саны өсүп жаткан чакта, көп мамлекеттер аны токтотуу үчүн иштелип чыккан кадамдарга баруудан тартынды.

Учурда Америка континенти вирустун очогуна айланды. Мисалы, АКШда эле 3,3 миллиондон ашуун кишиге вирус жукту, 135 миңден ашуун киши көз жумду. Региондогу башка мамлекеттерде дагы абал курч бойдон.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы, 1

Тедрос Гебреисус айрым лидерлердин коронавируска карата мамилеси коомчулукту адаштырганын дагы белгиледи. Дал ушул себептен вируска ишенбеген же кайдыгер мамиле кылган жарандардын саны өстү, дейт ДССУ. Бул сөз коом алдында беткап кийбей, коронавирус жөн эле сасык тумоонун түрү деп жарыялаган лидерлерге айтылды.

Социалдык аралыкты сактоо, беткап кийүү, колду улам жууп туруу сыяктуу жөнөкөй кадамдар вирустун жайылышын токтотуп жатканы калетсиз.

Вакцина жакында даяр болбойт

"Вирус менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек",-деп белгиледи ДССУнун чукул кырдаалдар боюнча жетекчиси Майк Райан. Ал жакын арада "вирус жоголуп кетпейт" жана "вакцина пайда болбойт" деп эскертти.

Ошондой эле Райан мырза калктын басымдуу бөлүгү вирустан сакайып кетсе, жамааттык иммунитет пайда болот деп айтууга далил азырынча жок экенин айтты.

Пандемия башталгандан бери эле жамааттык иммунитет тууралуу көп талкуулар жүрүп келүүдө. Вирусту калк арасында канчалык көп киши жуктуруп алса, ошончолук тез жамааттык иммунитет пайда болот. Мындай болгондо вирустун коркунучу кескин азаят. Жетиштүү сандагы кишилерде иммунитет иштелип чыккандан кийин, инфекциянын тарашы токтойт деп айткандар бар.

Аптанын башында эле Лондондогу Королдук колледждин изилдөөсү жамааттык иммунитет үч айга гана созуларын аныктады.

Окумуштуулар коронавируска кабылган 96 бейтапка байкоо салып, алардын иммунитети иштеп чыккан антителалар үч айдан кийин кескин азайганын байкашкан.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы, 2

Андан тышкары, ДССУнун жыйынында он жашка чыга элек жаш балдар вирустун жеңил түрүнө кабылып жатканы боюнча далилдер бар экени айтылды. Ондон жогору жаштар дагы жеңил симптомдор менен вирустан сакайып кетишүүдө. Бирок симптомдору жеңил өткөн балдар вирусту канчалык жайылтып жатканы боюнча азырынча так маалымат жок.