Дүйнөдө 16 миллион киши коронавируска кабылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдө коронавируска кабылгандар саны 16 миллионго жетип, пандемия башталгандан берки өлүм-житим 640 миңден ашты. Баарынан оор жагдайга АКШ (4 млн. киши вирус жуктуруп алган, 146 миңден ашуун киши каза тапты) кабылды.
Дем алыш күндөрү Британия менен Испанияда кайра карантин киргизүү маселеси талкууга түштү. Испаниядан Британияга келгендер эки апта изоляцияда болушу керек. Мындай чектөөгө Испаниянын Тышкы иштер министрлиги нааразылык билдирип, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал коркунучтуу эмес деп айтты.

Сүрөттүн булагы, AFP
Испаниянын тышкы иштер министри Аранча Гонсалес Лайя өлкөдө илдет жуктуругандар саны өсүп жатканын моюнуна алды. Бирок бүтүн Европадагы кырдаал ушундай. Ал эми Британиянын өзүндөгү абал испан аралдарынан дагы начар, деди ал.
Июнь айында Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги күн сайын 250 чамалуу жаңы учурларды каттап келсе, өткөн аптада күнүнө 1,5 миң жаңы учурлар белгилүү болуп жатты.
Түндүк Кореядагы алгачкы бейтап

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty
Түндүк Корея Covid-19 белгиси менен алгачкы бейтап аныкталганын билдиргенден кийин чек арадагы Кэсун шаарына карантин чараларын киргизди.
Жергиликтүү маалымат каражаттары вирустун белгилери мындан үч жыл мурун Түштүк Кореяга качып өтүп, кайра мекенине кайтып келген кишиден белгилүү болгонун жазууда.
АКШ
Жекшембиде Флорида штатында коронавирустун 9300 жаңы учуру аныкталды. Флорида штаты Нью-Йорктун көрсөткүчүн басып өткөн экинчи аймак болуп калды. Эң оор кырдаал Калифорнияда болуп жатат. Бул аймакта коронавирусту жуктуругандар саны 450 миңге жакындады.
Ал ортодо АКШнын биотехнологиялык Moderna компаниясы Covid-19 вакцинасын үчүнчү сыноодон өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Ага 30 миңдей ыктыярчы катышат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, кишилерге сыналып жаткан вакциналардын саны 29га жетти.
Иран

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жекшембиде Иранда 2 333 жаңы учур аныкталган. Акыркы суткада 216 киши вирустан каза тапты. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан 15 миң 700 киши кайтыш болду.
Апрелде Иранда карантин чаралары жеңилдетилип, базар жана мечиттер иштеп баштаган. Бирок азыркы маалда бийлик кайрадан чектөө чараларына барууга аргасыз болду.
Эл чогулган иш чараларга тыюу салды, коомдук унаада беткап менен жүрүүгө жана социалдык аралыкты сактоого милдеттендирип жатат.
Кыргызстан кырдаал турукташа баштады
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо адистери өлкөдөгү коронавируска байланышкан кырдаал турукташа баштаганын билдирүүдө. Соңку суткаларда жаңы катталган учурлар жана өлүм-житим азайды.
Акыркы суткада 483 жаңы учур катталып, 24 бейтап каза тапкан.
Жаңы катталган учурлардын эң көбү Бишкекте - 154, Ысык-Көл облусу - 72, Жалал-Абад облусу - 70, Ош шаары - 59, Ош облусу - 39, Баткен облусу - 32, Талас облусу - 27, Чүй облусу - 21, Нарын облусу - 9.
Кыргызстан буга чейин пневмонияны коронавируска кошпой өзүнчө эсептеп келген эле. Өткөн апталарда кошуп санай баштагандан кийин өлүм-житимдин саны кескин көбөйдү. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандар көрсөткүчү жогору болуп жатат. (AbA)










