Коронавирустан өлүм-житим көбөйдү: дүйнө вакцинаны күтүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШда майдын соңунан бери коронавирустан каза тапкандар көрсөткүчү кайра өсүп кетти. БУУ аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектөөсүн табууга көмөк берүүгө чакырууда. Муну менен көп кишилер үйүнөн чыкпай, вирустун тарашы басаңдайт.
БУУнун билдирүүсү
БУУнун Өнүктүрүү программасы калктын эң жакыр катмарына күнүмдүк кирешесин табууга көмөк көрсөтүү менен коронавирустун жайылышын басаңдатууга мүмкүн деп билдирди. Уюмдун эсебинде эгерде мамлекет тарабынан жардам берилсе, дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан 132 өлкөсүндөгү 2,7 млрд киши үйүнөн чыкпай олтурмак. Мунун өзү вирустун тарашын басаңдатышы мүмкүн.
"Мурун болуп көрбөгөндөй кырдаал өтө татаал социалдык жана экономикалык чараларды талап кылат. Убактылуу киреше базасын киргизүү мына ушундай чаралардын бири болуп калмак. Жардам берүү жана бутка тургузуу боюнча пландар бир гана ири бизнеске жана ири базарларга тиешелүү болбошу керек",-деди Өнүктүрүү программасынын жетекчилеринин бири Ахим Штайнер.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө коронавируска кабылгандар саны 15,2 млн кишиден ашып, 623 миң бейтап каза тапты. Ушул маалга чейин 8,6 млн бейтап айыгып чыккан.
Өлүм-житим АКШда көп
АКШда акыркы суткада коронавирустан 1126 киши (21-июлда 1029 эле) каза тапты. Бул 29-майдан берки эң жогорку көрсөткүч. Бирок апрелде Covid-19 АКШда күн сайын 2 миң чамалуу кишинин өмүрүн алган. Ага салыштырганда эки эсеге азайды.
Ошол эле маалда Covid-19 аныкталган бейтаптар саны акыркы суткада 70 миңге көбөйдү. Президенттин администрациясы Pfizer фармацевтикалык компаниясы жана германиялык биотехнологиялык BioNTech компаниясы АКШ үчүн коронавируска каршы 100 млн. доза вакцина өндүрүп бере турганын билдирди. Келишимдин баасы 2 млрд доллардын тегереги.
Азырынча дүйнөдө бир дагы даяр вакцина жок. Pfizer каражаты канчалык натыйжалуу болору али белгисиз. Эгерде сыноодон ийгиликтүү өтүп, ооруга каршы натыйжалуу болуп табылса, биринчи 100 млн. доза ушул жылдын соңунда даяр болот.
Жыл аягына чейин даяр болот деп убадалап жаткан вакциналдардын бирин кытайлык Sinopharm компаниясы иштеп жатат. Компаниянын жетекчиси Лю Цзинчжэнь мамлекеттик CCTV каналына берген интервьюсунда акыркы баскычтагы сыноо алдыдагы үч ай ичинде жүргүзүлөрүн айтты.

Сүрөттүн булагы, AFP
Буга чейин Sinopharm компаниясы вакцина 2021-жылга чейин даяр болбой турганын айтып келген. Анткени клиникалык сыноодон өткөрүү үчүн Кытайда жетишерлик бейтаптар жок деп жүйө келтирген. Азыр компания вакцинанын эки штаммын тесттен өткөрүү үчүн Араб Эмирлигинен ыктыярчыларды тапты. Изилдөөгө ал жактан 15 миң чамалуу киши катышат.
Дагы бир кытайлык Sinovac Biotech компаниясы вакцинасынын үчүнчү сыноо баскычын Бразилияда өткөрөт.
Кыргызстандагы абал
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бир суткада коронавирустан 42 бейтап кайтыш болгонун билдирди.
- Бишкек - 9
- Ош шаары - 9
- Чүй облусу - 9
- Ош облусу - 3
- Талас облусу - 3
- Ысык-Көл облусу - 4
- Жалал-Абад облусу - 1
- Баткен облусу - 4

Сүрөттүн булагы, official
Коронавирус жуктуруп алгандар саны соңку суткада 921 адам болду. Бир суткада ичинде ооруканадан 1 247 бейтап айыгып чыккан. Ооруканаларда 12 385 бейтап дарыланууда.
Өлкө боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 31 247 кишиге жетти. Анын 18 038и айыгып чыкса, 1 211и каза болуп калган. (AbA)











