Эгемендүүлүк ураанын чакыргандардын бири Жекшеев эле

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
Коронавирус апааты ушул күндөрү ондогон адамдардын өмүрүн кыйып, коомчулук эсин жыя албай турган чак. Бирок, ошолордун арасынан бир адамды - коомдук ишмер Жыпар Жекшеевди атайы эскербей кетүүгө болбостур. Эмне себептен?
Тоталитаризмдин шартында Советтик Кыргызстандын адамдары өз алдынчалык, эгемендүүлүк жөнүндө кыялданганбы? Же, Советтик Кыргызстандын атуулдары туташ эле коммунисттик идеалдарга жан-дили менен суугарылып, башка альтернативаны жакын жуутушкан эмеспи?
1960-жылдары укуктаануу жаатындагы изилдөө иштери менен алектенген профессор Кубанычбек Нурбеков "Возникновение Киргизской Советской национальной государственности» деген эмгегинде "Советтик Кыргызстан Советтер Союзунун курамынан чыгып, эгемендүү мамлекет болууга укугу бар" деп жазган экен. Анын бул ырастоосу cоветтик конституциядагы ар бир советтик республика СССРдин курамынан чыгууга укуктуу деген жобону андан-ары өөрчүтүүнүн аракети эле. Ушул сүйлөмү үчүн Кубанычбек Нурбеков куугунтук жеп, жазасын тартканы белгилүү.
"Элдердин жаңы жалпылыгы - совет эли калыптанды" деген саясаттын арааны жүрүп, советтик жана мамлекеттик кызматкерлер туташ коммунисттик ураанды чакырып турган шартта, аларга каршы чыгуу, альтернативдүү көз караш айтуу - чектен чыккан ээнбаштык, коомго жат көрүнүш, керек болсо акылынан айныгандык катары эле кабыл алынган. Калың масса, караламан журт дегениңдин жүрүм-туруму ушундай эле болот экен. Анын көз карашын өзгөртүү оңбогондой татаал жумуш болот тура. Мына ушундай шартта кыргыз коомуна демократиялык ураандарды тааныткан адамдардын бири Жыпар Жекшеев болду.
Жыпар Жекшеев 1980-жылдардын этеги, 1990-жылдардын башында "Ашар" козголушун, Кыргызстан Демократиялык Кыймылын жетектеди. Бул кыймылдар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жол чабышты. Демек, Жыпар Жекшеевди эгемендүүлүк ураанын чакыргандардын бири десек жаңылышпайбыз. Кийин соңунда эгемен Кыргызстанды башкарып, жаңыча шартта коркпой-этпей эркин сүйлөп калгандар Жыпар Жекшеев жана анын санаалаштары аракеттенген заманда "демократияны", "эгемендүүлүктү" оозангандан коркушчу. Мына ушун үчүн эле биз Жекшеев жана анын үзөңгүлөштөрүнүн эмгегин эзели унутпашыбыз керек.
Ал эми эгемендүүлүктүн жоопкерчилиги кандай болду? Ал башка маселе. Чынгыз Айтматов "эгемендүү болдук" деген кабарды алгач укканында терең ойго батып, "эми биз эгемендүүлүктүн маани-маңызын түшүнүшүбүз керек" деп айткан экен.
Азыркы муун ушул милдетти аркалоонун машакаты менен алек.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.














