Калк убалына калгандан хан Кудаянды, кыргыздын кара башы үчүн жооптумун дегенден Абдрахмановду билебиз

Сүрөттүн булагы, МАМЛЕКЕТТИК АРХИВ
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
Жыйырманчы кылымдын экинчи жарымында саныбыз араң бир миллионго жетип, кудайдын кулагы сүйүнсүн, жыйырма биринчи кылымдын башында беш-алты миллиондун ар-жак бер жагына чыктык деп турганда, күтүлбөгөн жерден пандемия каптаары, замандаштарыбыздын катарын суюлтуп, өлүм-житимдин арааны жүрөөрү кимдин оюна келиптир?
Кишилердин ондоп кырылып жатышы - кыргыз сындуу эл үчүн өзгөчө чоң жоготуу экенин илгертен эле кеменгер эл башчылары билип, калк аманчылыгын тилеп келишкен.
Элибиздин саны аз болгондугуна кабыргалары кайышкан, бөөдө кырылса жандары кашайган.
Болжолу, он жетинчи кылымдын этеги, он сегизинчи кылымдын башында, "казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө кирген" деп, күнү бүгүнкүчө айтылган замандарда кыргыз эли аябай кырылган экен.
Ошондогу жоготуулар, ошондогу азап-тозок Кудаян Сарысейит уулу - хан Кудаяндын жөндөмсүздүгүнүн, шалаакылыгынын айынан болду деп айтылат санжыраларда.
Кыргыз баласы ар бир адамдын эсебин алып, непадам, туткунга түшүп, же дагы бир кырсык басып жоголуп кетсе, изин кууп, тирүү болсо элге-журтка кайра кошконду өнөр туткан эл болгон. Бир-биринин дарек-дайынын тактап, сүрүштүрүп турган салты болгон.
"Ажыгул деген адам калмакка кирип кеткен үч инисин тогуз жыл бою издеп, табалбастан кайра келген," - деп жазат Белек Солтоноев. Калмак заманында жоголгон кыйыр туугандарын издөө ушу заманда деле уланып жатканына өзүм күбөмүн. Көкүл деген адамдын урпактары экенибизди угуп, "Көкүл эмес, а балким Көкүм болуп жүрбөсүн, калмак заманында Көкүм деген тууганыбыз жоголуп кетти эле" деп, Кыргызстандын алыскы бир бурчунан атайы сүрүштүргөнү үйгө келген кишинин окуясы кыргызда тууган санын, элдин санын түгөлдөө аң-сезими менен байланыштуу.

1930-жылдары Казакстанды тооруган ачарчылыктан калың журттун тарткан азабын көрүп, атактуу Жусуп Абдрахманов андай азап-тозоктун кыргыз элинин башына келишин каалабай, андан көрө кызматынан кетип, элин сактап калганды артык санап, партия күтпөгөн кадамдарга барганы белгилүү. Он алтынчы жылкы кыргынды өз көзү менен көргөн Жусуп Абдракманов элинин дагы бир жолу бүк түшүп кырылышына жол бергиси келген эмес.
Жыйырманчы кылымдын кеменгер жол башчысын элдин аманчылыгы кандай түйшөлтсө, он сегизинчи кылымдагы эл башчылар деле дал ошондой түйшөлгөн экен. "Көчүп келбеген оң-солдун жерин талашып жүрүп өмүрүбүз өттү. Аттиң, ата-бабанын заманынан бери тукумубуз да өспөй койду," - деп кейиген экен кадимки Эсенгул баатыр.
"Кырсыктан сырткары болуп, элибиздин саны он миллионго жетип берсе гана!" деп кыялданган эле аты атпай журтка белгилүү бир генерал. Ыраматылык Ишенбай Абдразаковдун "биздин заманга чейинки үчүнчү кылымдан бери санаганда кыргыздын саны жок эле дегенде эки жүз миллион болушу керек эле" деп жазганы бар.
Айтайын дегеним, кыргыз калкынын аманчылыгы жөнүндөгү маселе бүгүнкү журт башчыларынын жоопкерчилигин эселеп арттырып турат.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.














