Кыргыздардын XX кылымдын башында мамлекеттүүлүккө умтулуусу

Шабдан Жантаевдин уулдары: Самудин Шабданов (биринчи катарда солдон экинчи), Кемел Шабданов (экинчи катарда солдон биринчи), Мокуш Шабданов (2-турган)

Сүрөттүн булагы, j.botonoyev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шабдан Жантаевдин уулдары: Самудин Шабданов (биринчи катарда солдон экинчи), Кемел Шабданов (экинчи катарда солдон биринчи), Мокуш Шабдан уулу (1916-жылы хан болуп шайланган эле)
    • Author, Арслан Капай уулу Койчиев
    • Role, Жазуучу, тарыхчы

Дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу окуяларга бай XX кылымда кыргыз эли да өз тагдырындагы бурулуш окуяларга күбө болду. Айрыкча, өткөн кылымдын биринчи чейреги - кыргыздар үчүн улуттук жактан уюмдашып жашоонун формасын тынбай издөөсүнүн - улуттук изденүүнүн доору болуптур.

Өз алдынчалыкка умтулуунун алгачкы аракети 1916-жылкы көтөрүлүш маалында даана көрүндү. Белек Солтоноевдин тили менен айтканда, кылкылдаган эл "ылаажысы келсе орусту Түркстандан сүрүп" салууга бел байлады да, илгерки салт-адатка салып, "хан" шайлап жиберишти. Көтөрүлүш маалында канча кишинин "хан" шайланганы башка маселе, бирок бул тарыхый кадам - кыргыздардын мамлекеттүүлүккө, өз алдынча эл болуп жашоого умтулуусунан гана кабар берет. Эйфорияга баткан ошондогу элдин маанайын Белек Солтоноев минтип чагылдырат: алардын мүдөөсү - "кыргыздын кадимдеги турмуш жөнүн" калыбына келтирүү эле. Ооба, кайран эл өзүбүзчө бөлүнсөк эле, кадимдеги, эски бир жомоктордо, уламыштарда айтылган, сүрөттөлгөн кыргыздын кыялдагыдай турмушу орной калат деп тилек кылышкан экен. 1916-жылкы умтулуу оор кесепеттер менен коштолгондугу белгилүү.

Бирок, түмөндөгөн жоготууга учурап, Кытайга чейин тербип, кырылып-жоюлуунун коркунучуна кептелсе да кайран эл өз алдынчалык идеясынан баш тартпаптыр. Мокобоптур. Октябрь революциясына удаа эле "автономияга ээ болуу" ураанын чакырышыптыр. Анын далилдерин тарыхты изилдөөчүлөр Владимир Шварц менен Асель Даниярова жакында эле таап чыккан архивдик документтерден учуратабыз. 1920-жылы май айында агартуучу Ишенаалы Арабаев, атактуу акын Ысак Шайбеков, Шабдан баатырдын уулдары Исамүдүн менен Кемел,баш-аягы он киши - ошол доордун жакшылары элинин арыз-муңун жеткириш үчүн Ленинге кат жазышат. Мына ушул катта "автономияга жетишүү" идеясын козгоп коюшкандыгы үчүн Пржеваль уездинин Байсоорун деген жеринде эки кыргыздын кызыл армия тарабынан өлтүрүлгөндүгү эскерилет. Окуя 1920-жылдын башында болгон. "Сазановка кыштагынын жанында автономия тууралуу сөз кылышкан кыргыздардын эки өкүлүн орус дыйкандары өлтүрүп салышкан", - деп жазат каттын ээлери.

Негизи, 1920-21-жылдары кыргыздардын арасында "өзүнчө бөлүнүү, өзүнчө туу көтөрүп калуу" идеясы ыкчам өөрчүгөн экен. Анжиян тараптын кыргыздары 1920-жылы Анжиян калаасына жыйылып, кыргыз-кыпчак курултайын өткөргөндүгүн советтик мамлекеттик ишмер Махмуд Ботпаев эскерген. Так ушул жылдары Түркстан автоном республикасынын жооптуу кызматкери, кийин жагында басмачыларга өтүп кеткен Төрөкул Жанузаков Түркстан автоном Республикасынын жетекечилерине кайрылып, кыргыздар өз алдынча административдик-аймактык түзүлүшкө ээ болгондо гана басмачылык токтоорун айткан. 1921-жылы борбордук бийликтин өкүлдөрү Алматыга келгенинде ошол жердеги кыргыздардын арасында "өз алдынча кыргыз облусун түзүү" идеясы пайда болгондугун ошол окуялардын күбөсү Жусуп Абдрахманов эскерген.

Төрөкул Жанузаков

Сүрөттүн булагы, мамлекеттик архив

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төрөкул Жанузаков
Жусуп Абдракманов

Сүрөттүн булагы, мамлекеттик архив

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жусуп Абдрахманов

Ушул жылдардагы аракеттердин натыйжасында кыргыздардын Тоолуу Кыргыз облусу түзүлүп кала жаздап, 1922-жылы Сталиндин тикелей кийлигишүүсү менен ишке ашпай калды.

Ал эми, көптөгөн кайрылуулардан кийин кыргыздардын өзүнчө улут болуп таанылып, 1924-жылы Кара-кыргыз автоном облусунун негизделиши - кыргыз элитасынын талыкпаган күрөшүүсүнүн, чаалыкпаган эмгегинин үзүрү.

Кыргыз элитасы аны менен токтолуп калган жок. 1925-жылы алар автоном облуска автономдук республика статусун берүү демилгесин көтөрүштү.

Ошентип, XX кылымдын биринчи чейрегинде кыргыздар улуттук тынбай изденүүнүн доорун баштан кечиришти. Натыйжада, өтө кыска мезгилде - болгону он жыл убакыттын ичинде улуттук аң-сезими жаңы деңгээлге көтөрүлүп, феодалдык мамлекет - хандыкты түзүү идеясынан республиканы түзүү идеясына өсүп жетишти. XX кылымдын башындагы кыргыздардын бул изденүүсү кийинки муун үчүн тарыхый сабак. Он жыл аралыгында мынчалык өзгөрүштөргө жетишкен учур кыргыз тарыхында кайталана элек.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.