Блог: Кыргыздардын Алматы салгылашуусу тууралуу

Сүрөттүн булагы, AFP
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
Мындан туура 515 жыл илгери кыргыз урууларынын Моголстандын негизги, борбордук бөлүгүнө (азыркы Кыргызстан жана Түштүк Казакстан) толук үстөмдүгүнүн орнотулушун, могол урууларынын кыргыздардын курамына жуурулушун тездеткен окуялар күч алды.
Кыргыздар Моголстандын негизги этносторунун бири эле. "Кыргыздар да могол тукумунан болот", - деп жазат Мухаммед Хайдар ("Қырғыз хэм қоуми моғул аст". Караңыз: Мирза Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди. British Library. Add.26612. p 92a).

Эсен-Бука хан, Йунус хан ж.б хандардын тушунда мамлекеттин жалпы саясатын колдоп турушкан кыргыздар XV кылымдын экинчи жарымында көбүрөөк өз алдынчалыкка умтула башташты. Маселен, Йунус хандын эгемендүүлүккө тап койгон уулу Султан Ахмадды (Алача хан) ачык колдошту. Анын көзү өткөндө (1504-жылы) өздөрү каалаган кишини гана (албетте, Чынгыс хан тукумунан) хандыкка көтөрүү салтын толук колго алып, Моголстанга үстөмдүгүн орнотту.
Мухаммед Хайдардын жазгандарына кайрылсак, чагатай насилинен тараган хандардын үч уктаса түшүнө кирбеген окуялар мындайча өнүктү.
Алача-хандын (Султан Ахмад хан) бир туугандары менен уулдарынын ич ара ыркы кетип, өз ара тытышып калганда, кыргыздар жана аларга ыктаган могол уруулары так мураскору Мансур-хандын бийлигин тааныбай, иниси Султан-Халил-Султанды "хан" көтөрүшөт.

Бул окуя 1504/05-жылдары болгон эле. Башкача айтканда, кыргыз жана могол урууларынын жаңы уюмдашуусунан (конфигурациясынан) куралган Кыргыз хандыгынын жаңыча жашоосу башталат.
Ушул жерден бир жагдайга көңүл бура кетели. Мухаммед Хайдар кыргыз-могол конфедерациясынын башчысы Султан-Халил-Султанды "хан" деп атабайт. Анын көз карашын кыргыз-могол урууларынын жаңы биримдигинин легитимдүүлүгүн тааныгысы келген эмес деп түшүнүү керек. Бирок, "Тарих-и Рашидинин" Лондондогу нускасында "Моголстан токойлорунун арстандары" (қырғыз ки шер бишэ-йи Моғулистан) Султан-Халил-Султанды "падыша" (падишах) деп жарыялашкандыгы айтылат (Тарих-и Рашиди. British Library. Add.26612. p.113б).
Кыргыздардын саясаты Мансур-ханга жакпай, Моголстанды жана Кыргызды ("Моғулистан вэ Қырғыз") баш ийдирүүгө аракеттенет. Султан-Халил-Султанга агасы Султан-Саид-хан (Моголстанга кайтуу мүдөөсү таш капканда, кийин Кашгарга барып, Могулия хандыгын негиздеген - А.К) кошулуп кетет. Эки ортодо "кан төгүүлөр менен коштолгон көптөгөн салгылашуулар болот".
1504-05-жылдары башталган кызыл кыргындын эң ириси - Алматы (Чарун-Челек) салгылашуусу.

1508/09-жылдары Мансур хан кол топтоп, Моголстанга жана Кыргызга каршы жортуулга аттанды. Султан-Халил-Султан менен Султан-Саид да "кыргыз менен моголдорду" баштап, жоонун жолун тосушту. Эки кол Алматы деген жерде (азыркы Түштүк Казакстан) беттешип, айыгышкан уруш болду. Кыргыз хандыгынын колу жеңилүүгө учурагандыгы, Султан-Халил-Султан өлтүрүлүп, Султан-Саид бөлөсү Бабурдун канатына чейин корголоп баргандыгы белгилүү.
Бирок, "Моголстан жана Кыргыз" эгемендүүлүгүн сактап калды.
Ошол мезгилден тартып Моголстан аймагы жөн эле "Моголстан" деп аталбай, "Моголстан жана Кыргыз" деп аталып, ал жерлерге кыргыз урууларынын ээлик кылуу укугу да моюнга алынды.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












