Иранга советтик элчи болуп барган Жусуп Абдрахманов

Жусуп Абдрахманов

Сүрөттүн булагы, Wikipedia

    • Author, Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев
    • Role, Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, профессор.

1927-жылдын 12-мартында Кыргызстандын советтик депутаттарынын кайрадан уюштуруучу съездинин өткөн күнү - Кыргыз автономдуу областы Жусуп Абдрахмановдун аракетинин артынан Кыргыз автономдуу республикасы катары уюштурулган. Ошону менен мамлекетибиз толук кандуу республика статусунда калыбына келген эле.

Андыктан бул тарыхый маанилүү күн болгону талашсыз. Аны эскерип жүрсөк, аталарыбызга жасаган таазимибиз болор эле.

Кыргыз элинин 2200 жылдан ашуун мамлекеттүүлүгүнө эгедер тарыхында совет доору (1917-1991) өзгөчө баскыч экени белгилүү. Бул мезгилди, кыргыздар өзүнүн өчүп бараткан мамлекеттүүлүгүнүн отун кайра тутантып, байыркыдан келе жаткан кыргыз мамлекетин өз калыбына келтирүүгө жасалган алгачкы кадам катары карасак болот. Кыргыздардын тагдырындагы бул чоң бурулуш - элибиздин башында турган инсандардан эбегейсиз эркти, ар тараптуу билимдүүлүктү, терең акылмандыкты жана көсөмдүк зор мамлекеттик ишмердикти талап кылган.

Ошол кыргыз совет мамлекетинин келечегине чын ыкластан ишенишип, өз колдору менен анын негиздерин курушкан, бир далай чыгаан инсандарыбызга, кыргыз эли ар дайым сыймыктанат жана алардын бай тажрыйбасын бийик баалайт. Алардын бири, жаш кезинен жетилип, Ата мекенине опол тоодой көп кырдуу кызмат өтөп, бирок, өмүрүнүн аягында, өздөрү түзгөн мамлекеттик системанын курмандыгына чалынып, алоолоп жалынданган кырчын өмүрүн элибизге арнаган кыргыз совет мамлекетинин көрүнүктүү ишмерлеринин бири - Жусуп Абдрахманов экендиги шексиз.

Жусуп Абдрахманов чыгаан жана акылдуу инсан катары көп кырдуу жөндөмдүүлүккө эгедер адам эле. Өзүнүн өмүр жолунда жаңыдан калыптанып келе жаткан советтик дипломатиялык кызматтын алгачкы арымдарына да өз салымын кошкондугу бизди өзгөчө сыймыкка бөлөйт. Бул жерде Жусуп агабыздын элчилик айдыңында жасаган алгачкы кызыктуу кадамдары жөнүндөгү сөз кылмакчыбыз.

Абдрахмановдун Персия сапары

Жусуп Абдрахмановдун чет мамлекетке чыгуу үчүн берилген паспорту.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жусуп Абдрахмановдун чет мамлекетке чыгуу үчүн берилген паспорту.

Жусуп Абдрахмановду 1925-жылдын март айынан август айына чейин Ташкентке россиялык Комунисттер (Большевиктер) партиясынын (РКбП) Борбордук Комитетинин Орто Азия Бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына дайындашкан. Ал бир эле мезгилде Россия социалисттик федеративдик советтик республикасынын курамында жаңыдан уюштурулган Түрк республикасынын Жумушчу-дыйкан өкмөтүнүн курамында жооптуу уюштургуч катчынын милдетин аткарганы белгилүү. Мына ушул кызматында ал Персияга (Иран) Хоросан (Мешхед) шаарында жайгашкан россиялык башкы консулдугу аркылуу Түркстан-Иран элчилик иштерди тескеш үчүн 1925-жылдын 30 - майынан 1 - августка чейин Мешхед шаарына, Бажгир жолу менен барып, кайра Ташкентке, Гаудри бекетинен өтүп келгендиги жөнүндө, анын чет мамлекеттерге баруучу паспортундагы белгилер кабарлайт.

Жусуп Абдрахмановдун чет мамлекетке чыгуу үчүн берилген паспорту.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чет мамлекетке чыгуу үчүн берилген паспорттун арткы бети.

Чет мамлекеттерге чыгуучу паспортту ал Ташкенттен 28-май 1925-жылы алыптыр. Анын ыйгарым жарамдыгы бир жылга ченелген экен. Анын ички мазмуну да кызыгууну туудурат: "Бул паспортту көрсөткөн адам,- делет анда - Россия социалисттик федеративдик советтик республикасынын атуулу - Абдрахманов Жусуп Абдрахманович Персияга жиберилди, муну күбөлөндүрүп, Ички иштер комиссариаттын мөөрү басылып, чек араны эркин өтүш үчүн берилди. Инсан жөнүндө маалыматтарда: 1901 - ж., Чиркей айылы, Каракол округунда туулган, үй-бүлөлү. Белгилери: бою - орто, көзү - кара, мурду - түз, чачы - кара жана өзгөчөлүгү жок," делген.

Паспорттун аяк ченинин оң тарабында, Жусуптун жеңил көйнөк кийинген, шапкечен түшкөн сүрөтү чапталган. Ал эки тарабынан, эки мөөр менен күбөлөндүрүлгөн. Сол тараптагысы: РСФСРдин Ички иштер комиссариатыныкы, оң тараптагысына болсо Персиянын Түркстандагы Башкы консулдугунун мөөрү басылган.

Жусуп Абдрахманов Персиядагы учуру - 1925 - жылы.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жусуп Абдрахманов Персиядагы учуру - 1925 - жылы.

Ж. Абдрахманов Персияга сапарын 30 май 1925-ж. Түркстан Персия чек арасын Бажгир бекетинен өтүү менен баштаган. Ирандын Түркстандагы консулу (өз ысымы берилбеген) Хоралдын визалык каттоосу боюнча мындай маалыматтар жазылган: "Бул катташуунун себеби, текшерүү өкүлү болгон Жусуп Абдрахмановга кызмат жери болгон Мешхедге Бажгир жолу аркылуу барыш үчүн берилген уруксат(тыр). Бул уруксаттын мөөнөтү эки жума(дыр). Ошол окуядан кийинки бир нече убакыт байланышыбыз үзүлдү. 4 - июнь 1925 - ж."[1]. Мындан көрүнүп тургандай Жусуп ошол кездеги Ирандын борбору болгон Хоросан (Мешхед) шаарында жайгашкан РСФСРдын Генералдык консулудугуна барып Түркстан - Иран дипломатиялык иштердин жүрүшүн текшерүү жүргүзгөн. Мында ал эки ай бул иштер менен алектенип 1-август 1925-ж. Гаудри чек ара бекетинен өтүп, Ташкентке кайткан экен.

Ал эми Кыргыз мамлекеттик тарых музейдин фондунда Жусуп Абдрахмановдун Персияда 1925-жылы түшкөн, чакан 15 фото-сүрөтүнүн, бир фото кагазда чыгарылган, винеткасы сакталып турат. Анда Жусуп негизинен бет маңдайынан тартылып, жети сүррөттө ирандыктардын салттуу баш кийими болгон аракчин (тебетей сыяктанган баш кийим) кийген жана үч сүрөттө алардын салттуу чепкени болгон кабаны кийип түшүптүр. Ал эми үч сүрөттө чыгыш элдеринде кеңири тараган тамеки сыяктанган - калян тартуу процесси чагылдырылган экен[2].

Россия Социалисттик Федеративдик Советтик Республикасынын курамындагы Түрк Республикасынын Жумушчу-Дыйкан Өкмөтүнүн жоопту уюштургуч катчысы Жусуп Абдрахманов (№3).
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россия Социалисттик Федеративдик Советтик Республикасынын курамындагы Түрк Республикасынын Жумушчу-Дыйкан Өкмөтүнүн жоопту уюштургуч катчысы Жусуп Абдрахманов (№3).

Жусуп агабыздын кызы - Ленина (27-апрель 1936 - ж.т. ) эжебиздин маалыматы боюнча Ж. Абдрахманов орус тилинен тышкары немис жана перс тилдеринде дагы сүйлөй билген[3].

Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев - Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, профессор.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев - Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, профессор.

Жыйынтыктап айтканда, Жусуп Абдрахманов кыргыздардын арасынан алгачкы өзгөчө ыйгарымдуу укуктуу элчи катары советтик Түркстан республикасынын дипломатиясынын түптөлүшүнө салым кошкон мамлекеттик ишмер экендиги бизди сыймыктандырат. Ошону менен бирге анын иш тажрыйбасын кыргыз дипломатиясынын тарыхы үчүн келечекте атайлап дыкат илимий изилдөөгө алынат деген ишеничтемин.

Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев - Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, профессор.

[1] Абдрахмановдун тыш мамлекеттерге баруучу паспорттогу перс тилиндеги маалыматтарды окуп бргендиги үчүн Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу, доктор Рефет Балатага терең ыраазычылыгымды билдиремин.

[2] Ушул сүрөттөрдү бизге бергендиги үчүн Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин кызматкери Идает Темирбек уулуна ыраазычылыгымды билдиремин.