Тарых: Көп балдардын өмүрүн сактап калган уникалдуу сүрөттөр
Нью-Йоркто өткөн аукциондо документалдык сүрөттөрдүн чебери Льюис Хайндын архивдеги 24 сүрөтү сатылды. Бул сүрөттөр анын белгилүү коллекциясынын бир бөлүгү эле.

Сүрөттүн булагы, COURTESY OF SWANN AUCTIONS GALLERIES
Америкалык фотограф жана социолог Льюис Хайн ХХ кылымдагы сүрөтчү-документалисттердин эң белгилүүсү. Ал учурда фотожурналистика деген терминдин өзү жок болгон. Хайн тарткан сүрөттөрүн "тарых" деп атаган экен.
Сүрөт жана анын коштогон тексттер менен өзүнүн идеясын жактап, өзгөчө ошол учурдагы Американын социалдык мамилелериндеги анализди берүүгө аракет кылган.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries
Бул сүрөттөр Хайндын чыгармачылык жылдарынын баарын камтыйт. Белгилүү фотосериясында Нью-Йоркто, Питтсбургда жана Каролинадагы жакыр жана басынган кишилердин абалын чагылдырган.
1904-жылы Эллис аралына келген мигранттар тууралуу тарткан сүрөттөрү тарыхта калды. Анын сүрөттөрү дайыма көтөргөн жүгү, таасирдүүлүгү менен айырмаланып турчу. Айталы, ал сүрөттөрүндө такай жакыр кишилердин тагдырын берген.
Нью-Йорктун тургундарына маасалык миграцияны адамдык өңүттөн тааныштырууга күч үрөгөн. Анткени жергиликтүү тургундардын мигранттарга мамилеси тескери болуп, аларга кооптонуп карашкан.

Сүрөттүн булагы, COURTESY OF SWANN AUCTIONS GALLERIESs

Сүрөттүн булагы, COURTESY OF SWANN AUCTIONS GALLERIESs

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries
Хайн сүрөткө тартып жаткан кишилеринен ар качан уруксат сурап, анан тарткан.
Анын белгилүү сүрөттөрүнүн бири - көп кабаттуу Эмпайр-Стейт имаратын куруп жаткан курулушчулар.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries
1908-жылы Хайн Балдар эмгеги боюнча улуттук комитеттин сүрөтчүсү болуп иштеп калат. Ал балдардын эмгегин пайдаланып жаткан фабрика, завод жана өнөрканаларда болуп, сүрөттөрдү тартат.

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries

Сүрөттүн булагы, Courtesy of Swann Auction Galleries
Анын сүрөттөрү балдарды эксплуатациялоого каршы чыгууга түрткү берген. Балдардын оор эмгекке тарткан жумуш берүүчүлөр болсо аны жек көрүшкөн. "Өлтүрүп кетебиз" деп коркуткандар дагы болгон.
Хайндын фотоочерктери АКШда балдарды оор эмгекке тартууга каршы мыйзамдардын кабыл алышына негиз болуп калды. Ошондой эле анын сүрөттөрүнөн ХХ кылымдын башында миграция агымы менен келип, оор шарттарда иштеген жумушчулардын жашоосун көрүүгө болот. (AbA)
Cүрөттөр Swann Auction Galleries тарабынан сунушталган.













