Байыркы Египет жана бүгүнкү кыргыздар

посетители смотрят на рисунки

Сүрөттүн булагы, Reuters

    • Author, Арслан Капай уулу Койчиев
    • Role, Жазуучу, тарыхчы

Адам баласы кандай жаман сапаттары бар экенин өзү башынан терең билет эмеспи. Цивилизация цивилизация болуп жаралып, көзү ачылган замандан тартып, назарына илинген жаман сапаттарды чекесинен тизмелеп, аны "күнөө" деп атап, арылгандын жол-жосунун издеп келет.

Ошондой терс сапаттардын бири - соода-сатыктагы алдамчылык, ашынган сүткорлук. Аны байыркы египеттиктер элден мурун байкап, төрт миң - беш миң жыл илгери эле эскертип, ташка тамга баскандай жазып коюшкан.

Ал эми соодагерчиликтен жаа бою качып, соода кылгандан арданган кыргыз баласы так XX кылымдын этегине келгенде соода-сатыкты кой, соода-сатыктагы көз боёмочулукту, алдамчылыкты кошо өздөштүрүп алып атпайбы! Анысы пандемия учурунда даана көрүнүп атпайбы!

саркофаг

Сүрөттүн булагы, AFP

Адамзат тарыхындагы тунгуч тексттен - байыркы египеттиктердин "Маркумдардын китеби" деп аталган эстелигинен үзүндү келтирейин: "Храмдардагы азык-түлүккө суук колум салган жокмун, кудайларга арналган нанды бузган жокмун, аа дүйнө кеткендердин нанын уурдаган жокмун, ала жипти аттаган жокмун, ушак айтып, өсөк сүйлөгөн жокмун, таразанын ташын бузган жокмун, таразанын ташын баскылап, алдаган жокмун, балдардын сүтүн уурдап, ырыскысын тартып алган жокмун... ... ... Мен - тазамын, тазамын, тазамын!" ("Книга мертвых". 125-глава).

Мына ушундай. Таразаңдын ташын куйтуланып баскылабай, соодаңды ак жүргүзүп, тиги дүйнөгө барганыңда тайсалдабай, ушинтип айта алгыдай болгун деп эскерткен экен байыркы египет адамы!

"Жалпынын нанын уурдаба" деп, алмуздакта эле коррупцияга каршы кулк-мүнөз күтүүнүн зарылдыгын көзү ачыктык менен айткан адамдын, байыркы адамдын насаатын канчалык тез өздөштүрө алабыз? Ансыз да өтөөчү жумушу арбын кыргыз баласына бул дагы өзүнчө жүк болду.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.