Ө.Тиллебаев: Адамзаттын алдына Гамлеттин суроосу Дамокл кылычындай илинди

"Күн жыты", "Кут жылдыз" аттуу ыр жыйнактардын автору, белгилүү акын Өмүрбек Тиллебаев Би-Би-Синин "Насыйкат" адабий түрмөгүндө. Аны менен кабарчыбыз Айбек Абдылдаев маектешти.

Өмүрбек Тиллебаев
  • Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында 1961-жылы 31-августта жарык дүйнөгө келген
  • Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган
  • Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.

А.Абдылдаев: Коронавирустан улам адамзат чоң сыноого кабылууда. Мурдагы көндүм жашоодон баш тарттык. Муну айрымдар "адамдагы унутулуп бараткан асыл сапаттарды ойготту", "адам менен адамдын иши жок болуп бараткандагы бир белги болду" деген сыяктуу баалап жиберди. Айрыкча чыгармачыл кишилер башкача жоруп турат.

Ө.Тиллебаев: Ооба, сен айткандай коронавирус бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө салды. Адамдын кулачы ай-ааламды чапчыган, космостун кыйырын кезип, ал турсун "Марста адам баласы жашаса болобу, же болбойбу?"- деп иликтеп жатканда, жерден чыккан коронавирус ошол космостун кең мейкининде көкүрөк кагып, мактанып жүргөн адамды бир заматта бечара кейипке түшүрүп, үйүнө, төрт дубалдын ичине камап койду. Чынымды айтсам, мен буга ишенип да, ишенбей да кетем. Мен алгач коронавирус Кытайдан, Ухандан чыккан өткөн жылдын декабрь айынан тартып эле өз мамилемди билдирип, ыр жазып келаттым. Карантинди көрүп, кандайдыр бир коркунуч келатканын сезип туйдум. Алгач, жогоруда айткандай ишене бербедим. Бирок, бул вирус дүйнөнүн теңинен көп өлкөлөрдө тарап, экономикасы, медицинасы бизден алда канча күчтүү өнүккөн Батыш өлкөлөрүн, Американы, Кытайдын айласын алты кетирип жатканын көрүп, тобо деп жакаңды кармаганга аргасыз болосуң. Азыр дүйнөдөгү алдыңкы окумуштуулар, дарыгерлер, вирусологдор коронавирусту табигый түрдө пайда болуп, айбанаттан, жарганаттан жукканбы же, атайын чалгын кызматкерлери тарабынан лабораторияларда иштелип чыккан, адамды массалык түрдө кыра турган тумообу деп изилдеп жатышат. Кандай болгон күндө да бул таажы вирусу тынч күндөрдү жер силкип чочуткандай, адамзатты чочутуп, тынчсыздандырып жатат. Мен кээде коронавирустун пайда болушуна биздин буга чейинки жер үстүндө кечирген ыймансыз, сугалак, дүйнөпараз жашообуз, табийгатка, жаратылышка жасаган өкүмзор мамилебиз себеп болгондур деп ойлоп кетем. Адамзаттын алдында азыр Гамлеттин "быть или не быть" деген суроосу Дамокл кылычындай кайрадан асылып турат. Балким, коронавирус бизге эскертүү-коңгуроо катары келгендир. Ушул багытта жазылган ырымды окуп берейин анда.

Ушак айтпа, ал уят!

Ууру кылба, ал уят!

Акты сатпа, ал уят!

Абийир сакта, ал уят!

Баары уят!

Бул ыймандын тузагы.

Адам сени Табият,

Өзү билип жазалайт.

Молдо болуп, азан айт,

Акын болуп, казал айт.

Же, биротоло

жер үстүнөн тазалайт.

Же түртөт сени түпкүргө,

Же тартат бери имерип,

Же оору-кырсык жиберип,

сынайт сени отуз күн.

Узак-узак опсуз күн,

Сурагы жок, сотсуз күн,

Жылуусу жок, отсуз күн

Отуз күн.

Отур үйдө

Бекер сүйлөп, тил эмип,

Отур үйдө

жараткандан тиленип,

Отуз күндө

Сен канчалык адам болдуң, билелик.

А.Абдылдаев: Карантинде олтурганда бук болуп, ички дүрбөлөңдү ырга айлантып жаткан экенсиз да.

Ө.Тиллебаев: Коронавирус алгач Кытайдан чыкканда, Кытай бизден алыс, келбес деп ойлодум. Ал турсун "Ала-Тоонун асманын айланып өтүп кет!" деп да тилек кылып ыр жаздым. Бирок, бүгүнкү ааламдашуу доору, карым-катнаш, техника коронавирусту Кыргызстанга үч айга жетпеген убакыттын ичинде алып келип, азыркы ахыбалга салып отурат. Эгер бул тумоо чындап эле эмдөөгө болбой турган илдет экени чын болсо, анда алакандай элимди кудай өзү сактасын! Кытай, Италия, Испаниядагы абалды биздин башыбызга салбасын. Кыргызстан карантинди өз убагында киргизди. Эл дагы түшүнүү менен кабыл алды. Бирок, мындан кийинки абал кандай болот деген суроо ойлонтпой койбойт. Ал үчүн өкмөт азыртан кечиктирилгис чараларды көрүш керек деп ойлойм.

Атактуу акын Жолон Мамытов менен

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атактуу акын Жолон Мамытов менен

А.Абдылдаев: Албетте, бул тумоонун вакцинасын табуу үчүн аракет көрүлүп жатат. Жакында адамга сынап көрүшөөрү айтылган. Бирок жогоруда сиз козгогон рух оорусунун дарысына келсек. Эзелтен эле муундар ортосундагы "аталар жана балдар" деген талаш бар эмеспи. Улам өсүп келе жаткан муун мурдакы муунга көп жага бербей, сындап калмайы бар. "Азыркылар өзүмчүл", "эгоист", "майдаланып кетти" жана башка ушул сыяктуу сындарды угуп жүрөбүз. Бул адилеттүү эмес го дейм.

Ө.Тиллебаев: Муундар ортосундагы байланыш ар убак заманга жараша өзгөрүп келген. Тынымсыз өтүп турган турмуштун агымы кечээки таалим-тарбияны, асыл-нарктарды, баалуулуктарды биротоло өзгөртүп жибербесе да, ага өз толуктоолорун киргизбей койбойт. Азыркы муундар, кудайга шүгүр, илим-билимдүү, алардын алдында зор мүмкүнчүлүктөр ачылып отурат. Илгеркидей бир өлкөнүн алкагынан чыкпайсың деген тушоо, тузак жок, төрт тарабың кыбыла, каалаган жериңе, каалаган өлкөңө барып окуп, иштеп, жашасаң болот. Азыр биздин жаштар дал ушинтип, өз тилинен башка үч-төрт тилде эркин сүйлөп, дүйнөнүн чар тарабында чабыттап учуп жүрүшөт. Мени толгонткон башка суроо. Ошол чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигрант жаштарыбыздын балдары кыргыз кыртышынан алыс болуп, элдин каада-салтын, үрп-адатын, тилин унутуп баратканында. Өңү кыргыз, өзү орус, же англичан балдардын мууну пайда болуп келе жатат. Биз канткенде ошол балдарыбызды сактап калабыз? Аларга тууган жердин, тууган элдин касиетин, кудурет-күчүн, анын кыйбастыгын, кымбаттыгын, алардын мекени Кыргызстан экенин туйдуруп, канткенде кыргыздын духун, рухун, тарбиясын беребиз деген суроо түйшөлтөт. Мындай курч маселе четте жашап жүргөн кыргыздарда эле эмес, тек Кыргызстандын ичинде жашап жаткан кыргыздар арасында бар. Ал кайсы маселе? Ал биздин жаштардын ашкере динге берилип, фанат болуп кеткендигинде. Менин ислам динине эч каршылыгым жок, динге киргени, албетте, жакшы, бирок ар нерсенин чеги болот. Ошол чектен ашпаш керек. Өткөндө жолдон жаш эле дааватчылар жолугуп, бирөөсү мага мындай суроо узатты. Ал суроо азыркы ырда айтылат.

Бир бөлүгү исламчыл

Салам берип ийилген,

Узун этек кийинген.

Карылары макалчан,

Жаш балдары сакалчан.

Суроо салат бирөөсү:

-Сиз биринчи мусулмансызбы,

же биринчи кыргызсызбы?

Мына суроо, катырат,

Кел, жардамга Сократ!

Күлүп ага тим болом,

Атам, апам кыргыз болсо,

Кыргыз болбой ким болом?

Кыргыз болуп төрөлгөм,

Элге динди тукурган,

Бул не деген жөрөлгөң?..

Убалынан сагырдын

Сурагынан кабырдын

Корккула дейт, өлүмдөн.

Баары туура, булар да,

Беш-алтыга бөлүнгөн.

Салафиттер, ахмадийлер,

Нуржулар, вахабийлер,

Хизбут-Тахрирлер...

Бир бөлүгү Бутпарас.

Элден чыккан

Динден чыккан итпараз.

Мунун баары бир кыргыз,

Бири-бирин жек көрөт,

Көзү менен туурагычтан өткөрөт.

Турбайт катар каз канат,

Бир-биринен жазганат.

Кээде калса кесилишип жолдору

Кескилешип кетишкенге аз калат.

Тирүүсүндө бир отурбайт, кейитпе,

Өлсө бирге жатпас болгон бейитке.

...Мынча неге бөлүндүң,

Группасы жалгыз эле өлүмдүн...

Барган сайын арылап,

Баратасың ажырап

Тууралгандай эт кесим.

Бул ядро, ядролук

Бомба болуп кетпесин!..

Оо, Кыргызым!

Сырттан душман издебе.

Душман сенин ичиңде

Рухуңда, дилиңде

Бөлүнбө да, тилинбе!

Бирик, бирик, бириккин,

Тиргилиги бирге болот тириктин!

Терс ойлордон оолак болуңуз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

А.Абдылдаев: Менин байкоомдо сиз дагы коомдук сайтты активдүү колдонот экенсиз. Бирок соңку ирет киргенде интернетти катуу тилдеген ыр калтырыпсыз. Буга не себеп?

Ө.Тиллебаев: Ошондой маанайда ыр жазганым ырас. Анын да өз себеби бар деп ойлойм. Адегенде интернеттин оң жагын айтайын. Интернет биздин жашообузга орошон зор мүмкүнчүлүктү алып келип, кең бир мейкинди, ааламдын эшигин ачты. Турмуштун ар кайсы салаасындагы түркүн-түстүү дүйнө, илим-билим, өнөр, техника, деги койчу кыбыр эткендин бардыгын интернеттен тапса болот. Ал эми кабар, кат алмашуудагы ылдамдыгына ат эмес, шамал жетпес. Эми терс жагын айтайын. Биз интернеттен жеңил оокатка көнүп алдык. Ал бизди жалкоолукка, ыкшоолуккка үйрөттү. Өзүң деле жакшы билип калдың, мурда биз Шекспирдин, Толстойдун, Достоевскийдин тогуз жүз, миң беттүү китебин эч зеригип этпей эле окуп чыгат элек. Азыркылар тогуз жүз бет эмес, тогуз бетти, кала берсе үч беттик материалды окугулары, дегеле китеп бетин карагысы келбейт. Анткени, интернеттен көчүрүп ала коет. А китептин өзү окуу адамга башкача бир таасир, руханий байлык, толук кандуу билим, жигер, дем берет эмеспи. Экинчиден, интернет биздин балдардын, жаштардын тарбиясына, жүрүм-турумуна терс таасир тийгизип жатат. Интернетке ар кандай маалыматтар эч ылганбастан чыга берет. Зордук-зомбулук, кишини мыкаачылык менен өлтүрүү, талап-тоноо, диний экстремизмге үндөгөн чакырыктар ж.б. айрым адамдар ошолорго азгырылып кетип жатат. Ал алысты жакын кылганы менен, жакынды, бир үй-бүлө мүчөлөрүн алыстатып жатат. Ал эми кечээки интернет тууралуу ырым, интернет аркылуу тарап жаткан коронавируска көбүрөөк тиешелүү деп ойлойм.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы, 1

А.Абдылдаев: Ырларыңыз коомдук сайттарда кандай окулуп жатат, пикир калтырып, бөлүшкөндөр көп элеби?

Ө.Тиллебаев: Маалымат сели каптаган азыркы заманда ырга орун аз. Ошентсе да ыр окуган, чыгарма окуган адамдар акырындап көбөйүп келе жатат. Менин ырларымды окуп, кубаттагандар, шүгүр, жакшы эле бар. Бирок, коомдук сайттардын бир кемчилиги - ким эмнени жазса баарын ылгабай чыгара бергендигинде. Ал жерде ырлар, пырлар, топондор, самандар баары аралашып чыга берет. А бул нерсе элдин, окурмандын табитин бузат.

А.Абдылдаев: Азыркы адамзат жашоосундагы адабияттын орду кандай, окурмандын силерге талабы эмне? Дүйнөлүк адабият кайсыл тарапка багыт алды? Ушул тууралуу толгоносузбу?

Ө.Тиллебаев: Адабияттын тээ атам замандан бери келе жаткан башкы вазийпасы-адамды адеп-ахлакка, ыймандуулукка, адилеттүүлүккө, жарыкка чакыруу эмеспи. Адамды, табиятты көркөм таанып билүүнүн жаңы кырлары, кубулуштары ар бир доорго жараша ар башка стиль, жанр, форма, агым менен чагылдырылып келатат. Бирок, анын түпкү мүдөөсү улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун тили менен айтканда "Канткенде адам уулу адам болот?" деген суроого барып такалат. Шекспир менен Гете, Данте менен Сервантес, Пушкин менен Чехов, Толстой менен Достоевский, Горький менен Шолоховдон бери келаткан бул көкөй кести көйгөй, асыл-нарктар азыр да эч бир кунарын жоготпостон, ошол бойдон турат. Ал эми дүйнөлүк маданий мураска өз салымын кошкон Айтматовдон кийинки кыргыз адабиятынын азыркы ал-абалы, өнүгүү тенденциясы, чабыты, изденүүсү кандай деген суроо да курч бойдон.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы, 2

Кыргыз прозасы тууралуу сөз болгондо азыркы жазуучулардан Султан Раевдин "Жанжаза" романы менен Арслан Койчиевдин "Бакшы менен Чыңгыз хан" романдарын бөлүп көрсөтөр элем. С. Раевдин аталган романы акыркы мезгилде адабиятчылардын, сынчылардын арасында ар кандай талаш пикирлерди, талкууну жаратып келет. Анткени, "Жанжаза" романы биз башта окуп көнүп калган оң жана терс каармандардын кагылышын, күрөшүн чагылдырбайт. Романды аягына чейин чыдап окуп чыгыш бир түйшүк болсо, аны түшүнүш өзүнчө түйшүк жаратат. Анткени, романда конкреттүү бир адамдын, каармандардын бейнеси эмес, жалпыланган, абстракттуу образдарга, ички ой-туюмдарга басым жасалат. С. Раев жалпы адамзаттык көйгөйдү башкача өңүттөн, жаңыча ыкма, көз караш, баяндоо менен алып чыккан. Бирок, анын түпкү теги Айтматов айткан "Канткенде адам уулу адам болот?" деген суроого жооп издейт. Бирок, ачыгын айтайын мага "Жанжазадагы" Раевге караганда тээ алгачкы аңгеме, повесттериндеги, "Чаң жол" менен "Күн кармаган баладагы" Раев алда канча жакыныраак.

Жазуучу Арслан Койчиевдин "Бакшы менен Чыңгыз хан" романы да жаңыча стилде, баяндоо ыкмасында жазылган мыкты роман. Чыңгыз хан жөнүндө буга чейин ого эле көп чыгармалар жазылды. Жазылбаган дагы эмнеси калды экен, А. Койчиев кандай өңүттө берди экен деген түпөйүл суроо тынчымды алып турду. Тилекке жараша, Арслан Койчиев бул романы менен өзүнүн да, кыргыз адабиятынын да жаңы жүзүн, кырын ачып бере алган экен. Ырас, миф, мистикалык кубулуштарды чагылдыруу адабиятта баштатан эле болуп келген. Башкасын айтпаганда да Гарсиа Маркес менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мисалга алсак болот. Ч. Айтматов "Кылым карытар бир күн" романында өзүнүн манкурт баласынын колунан каза тапкан Найман-Эненин башындагы ак жоолугу аппак кушка айланып, анан ошол куш адамга кайрылып "сенин атың-Дөнөнбай, Дөнөнбай" деп кыйкырат эмеспи. Ал эми Маркестин "Жалгыздыктын жүз жылы" аттуу атактуу романы "чү" дегенде эле, биринчи барагынан тартып эле Мелькиадес аттуу цыгандын белгисиз айылга келип, колундагы магнити менен темир идиш-аяктардын баарын жерден көтөрүп учкан укмушу менен башталат. Мындай сыйкырдуу дүйнө романдын баштан аягына чейин коштоп жүрүп отурат. Короз урушта корозу жеңилип калып, ызасына чыдабаган Пруденсио Агиляр Аркадиа Буендианын намысына тийген сөз айтат. Буэндиа аны дароо эрөөлгө чакырып, үйүнөн алып чыккан найзасы менен Пруденсио Алигярдын кекиртегин жара сайып, өлтүрөт. Ушул окуядан көп өтпөй Буэндианын аялы Урсула түнү уктай албай, суу ичкени короого чыгып, эшиктеги кумуранын жанында Пруденсио Алигярдын турганын көрөт. Мына сага мистика. Дал ушундай адамдын тулку боюн титиреткен эпизоддор Арслан Койчиевдин "Бакшы менен Чыңгыз хан" романында учурайт. Анда Чыңгыз хандын арбагы романдын башкы каарманы Бактыгерей Избасаровго мүрзөнүн жанында, кийин түнү үйүнүн короосунда жолугуп, кадимкидей сүйлөшөт. Хандын арбагы, ал өлгөндөн кийин хандын тукуму экендигин таптакыр эстеринен чыгарышкан өзүнүн урпактарына жолугат. Түндөсү, ээн талаада Сайчы уулдун алдынан чыгып учурашканы, дагы бир урпагы, Аблеуховдун христиан динин кабыл алып, аны чокундуруп жаткан кезде келип маңдайында турганы өтө элестүү, ынанымдуу берилген. Айта турган сөз көп, бирок убакыт чектелүү эмеспи. Иши кылса адабиятта изденүү, жаңыга умтулуу аракеттери жүрүп жатат.